Мазмунун көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Сууга укмуштуудай чумкуп кире алган дөдөй каз

Сууга укмуштуудай чумкуп кире алган дөдөй каз

 Дөдөй каздар деңиз куштары болуп саналат. Көлөмдүү келген ал каздар сууга саатына 190 километр ылдамдыкта чумкуп кире алат. Алардын сууга кирүү күчү тартылуу күчүнөн 20 эсе ашып түшүшү мүмкүн. Алар эмненин аркасында эч зыян тартпай, ушинтип кайра-кайра чумкуй алат?

 Көңүл бурсаңар: Дөдөй каз сууга кирерде канатын артты көздөй тартып түздөйт да, жебедей болуп сууга тикесинен сайылып кирет. Ошондой эле көзүнө аны коргой турган мембрананы (пластинка сымал чел кабыкты) тартат жана мойнундагы, төшүндөгү органдарды абага толтурат. Анын ушундай аба баштыкчалары сууга катуу күч менен киргенде соккуга туруштук бергенге шарт түзөт.

 Сууну жарып киргенде анын тумшугу, башы жана моюну конус формасында болуп калат. Мунун натыйжасында урулган соккунун күчү анын мойнундагы бекем булчуңдарына тегиз тарайт. Андан тышкары, дөдөй каз сууга кирер замат эле көзүн ачып, суунун астын көрө алат.

 Ал канчалык тереңдикке чейин чумкуп кире алат? Бир киргенде эле дээрлик 11 метрге чейин кирет. Бирок жарым-жартылай бүктөлгөн канатын каккылап, жаргактуу бутун шилеп андан да тереңирээк кете алат. Кызыктуусу, дөдөй каздардын 25 метрден ашык тереңдикке чейин кирген учурлары да катталган. Сууга чумкуп киргенден кийин алар сыртка оңой эле чыгып, учуп кете алат.

 Дөдөй каздын сууга кантип чумкуп кирерин көргүлө

 Изилдөөчүлөр издөө жана куткаруу иштеринде колдонуш үчүн робот каздарды ойлоп табышкан. Алар ал роботторду уча алгыдай, сууга чумкуп кире алгыдай жана кайра суудан чыгып, дароо учуп кете алгыдай кылып жасашкан. Бирок сынак учурунда робот куштардын бири сууга катуу күч менен түшкөндүктөн бир нече жолу талкаланган. Ушундан улам изилдөөчүлөр алар жасаган робот куштардын «сууга чумкуп кирүү жөндөмү дөдөй каздардыкына тең келе албай турганын» түшүнүшкөн.

 Кандай деп ойлойсуңар? Дөдөй каздын сууга чумкуп кирүү жөндөмү Жараткандын колунан бүткөнбү? Же өзү жаралганбы?