Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Табигый кырсыктар таптакыр болбой турган убак келеби?

Табигый кырсыктар таптакыр болбой турган убак келеби?

Табигый кырсыктар таптакыр болбой турган убак келеби?

ЭГЕР кимдир бирөө силерге: «Табигый кырсыктар таптакыр болбой турган убак жакындап калды»,— десе, эмне деп жооп берет элеңер? Балким: «Андай болушу мүмкүн эмес. Табигый кырсыктардан качып кутула алмак белек?» — демектирсиңер. Же: «Каяктагы жомокту айтып жатат»,— деп ойломоктурсуңар.

Табигый кырсыктардын таптакыр болбой турганына ишенүү кыйын болсо да, ал убак чынында эле келет. Буга ишенүүгө толук негиз бар. Бирок табигый кырсыктарды токтотуу адамзаттын колунан келбейт. Себеби адам баласы табияттагы кубулуштардын эмне үчүн жана кандайча жүрүп жатканын толук түшүнө албайт. Ошондой эле аларды жөнгө салуу же өзгөртүү адамзаттын колунан келе турган иш эмес. Акылмандыгы менен атагы таш жарган Сулайман пайгамбар баарына байкоо салып, мындай деп жазган: «Адам баласынын күн астында жасалып жаткан иштерди түшүнө албасын баамдадым. Канчалык умтулбасын, ал аларды түшүнө албайт, өзүн абдан акылдуу эсептеген күндө да түшүнө албайт» (Насаатчы 8:17).

Эгер табигый кырсыктарды токтотууга адамзаттын кудурети жетпесе, анда кимдин кудурети жетет? Ыйык Китепте бардыгы Жараткан Кудайдын колунда экени айтылат. Жараткан Кудай жердин экосистемасын, алсак, суунун айлануусу сыяктуу циклдарды негиздеген (Насаатчы 1:7). Адамдардан айырмаланып, Кудайдын күчү чексиз. Жеремия пайгамбар Кудайдын кудурети тууралуу: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба! Сен асман менен жерди зор күчүң, сунулган билегиң менен жараткансың. Сенин колуңан келбеген эч нерсе жок»,— деп жазган (Жеремия 32:17). Жерди жана андагы нерселердин баарын Кудай жараткандыктан, канткенде адамдар жер үстүндө бейкуттукта жана коопсуздукта жашай аларын ал гана билет (Забур 37:11; 115:16).

Кудай баарын кантип өзгөртөт? Ушул катар макалалардын экинчисинде дүйнөдө болуп жаткан, үрөйдү учурган окуялардын «бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын» билдирери жөнүндө жазылганы эсиңердедир. Иса Машаяк: «Булардын болуп жатканын көргөнүңөрдө Кудайдын Падышалыгынын жакындап калганын билгиле»,— деп айткан (Матай 24:3; Лука 21:31). Кудайдын Падышалыгы, башкача айтканда, Кудайдын асмандагы өкмөтү жерди түп-тамыры менен өзгөртөт, атүгүл табият күчтөрүн жөнгө салып турат. Ушулардын баарын кылууга Кудайдын кудурети жетсе да, ал муну Иса Машаякка тапшырган. Даниел пайгамбар бул тууралуу: «Ага бардык элдер, улуттар, ар кандай тилдерде сүйлөгөндөр кызмат кылышы үчүн, ага бийлик, даңк, падышалык берилди»,— деген (Даниел 7:14).

Иса Машаяк ага берилген бийликти колдонуп, жерди адамзат ырахаттанып жашай ала турган Бейишке айлантат. Мындан эки миң жыл мурун, Иса Машаяк жерде жашап жүргөндө табият кубулуштарын башкара аларын көрсөткөн. Бир жолу ал шакирттери менен Галилея деңизинде кайыкта сүзүп баратканда, «аябай катуу шамал көтөрүлүп, толкун болгондуктан, кайыктын ичи сууга толо баштаган». Анын шакирттери аябай коркуп кетип, Исадан жардам сурашкан. Ошондо Иса Машаяк эмне кылган? Ыйык Китепте: «Ал... шамалды тыйды да, деңизге: „Басыл! Тынчы!“ — деди. Ошондо шамал токтоп, айлана тыптынч болуп калды»,— деп жазылат. Муну көргөндө шакирттери абдан таң калып, бири-бирине: «Шамалды да, деңизди да баш ийдире алган деги бул ким?» — деп айтышкан (Марк 4:37—41).

Иса Машаяк асманга кеткенден кийин Жахаба Кудай ага зор бийлик берген. Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары ал жер жүзүн адамдар бейкуттукта жана коопсуздукта жашай алгыдай кылып өзгөртөт.

Ушул катар макалалардан адамдардын ач көздүгүнүн, өзүмчүлдүгүнүн айынан табигый кырсыктардын болуп жатканын жана ошол кырсыктардын барган сайын күч алып, каргашалуу болуп баратканын билдик. Кудайдын Падышалыгы жаман жолунан кайтпаган жана оңолгусу келбеген адамдарга карата кандай чара көрөт? Иса Машаяк «асмандан кубаттуу периштелери менен» «жалындаган от ичинде келип, Кудайды тааныбагандардан» жана «жакшы кабарга баш ийбегендерден өч алат». Ооба, Иса Машаяк «жерди кыйраткандарды кыйратат» (2 Тесалоникалыктар 1:7, 8; Аян 11:18).

Ошондон кийин «Падышалардын Падышасы» Иса Машаяк табият күчтөрүн толугу менен башкарат (Аян 19:16). Анын бийлигине баш ийип жашагандар табигый кырсыктардан эч качан жапа чекпейт. Иса Машаяк аба ырайы менен жыл мезгилдери адамдарга дайыма кубаныч тартуулап турушу үчүн атмосферадагы физикалык процесстерди жөнгө салат. Ошондо Жахаба Кудайдын өз элине берген: «Мен өз убагында жамгыр жаадырам, жер өз түшүмүн берет, талаадагы дарактар да жемиш берет»,— деген убадасы аткарылат (Лебилер 26:4). Адамдар табигый кырсыктардын айынан үйүнөн ажырап калам деп коркпостон, «үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешет» (Ышая 65:21).

Биз эмне кылышыбыз керек?

Силердин да табигый кырсыктар такыр болбогон, бейкуттук өкүм сүргөн заманда жашагыңар келери шексиз. Анда эмне кылсаңар болот? Эч кандай кырсык болбогон, бейпилдик орногон Бейиште «Кудайды тааныбагандар» жана «жакшы кабарга баш ийбегендер» жашабайт. Андыктан Бейиште жашагысы келгендер азыртадан Кудай жөнүндө билим алышы жана анын бийлигин колдошу зарыл. Кудай ал жөнүндө билим алышыбызды жана жакшы кабарга кулак кагып, ал дайындаган Падышага баш ийишибизди талап кылат.

Кудай жөнүндө билим алуунун мыкты жолу — Ыйык Китепти изилдөө. Ыйык Китепте Кудайдын өкмөтү башкарган, коопсуздук, бейкуттук өкүм сүргөн заманда жашаш үчүн эмне кылышыбыз керектиги жазылган. Андыктан Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылып, Ыйык Китепте эмнелер жазылганын билгиңер келерин айтсаңар болот. Алар Ыйык Китепти изилдегенге жардам берүүгө даяр. Кудай жөнүндө билим алып, Кудайдын осуяттарын аткарып жашасаңар, Накыл сөздөр китебинин 1-бөлүмүнүн 33-аятындагы: «Ал эми мени уккандар жамандыктан коркпой, коопсуз жашашат»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенине ынанасыңар.