Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бул Кудайдын жазасыбы?

Бул Кудайдын жазасыбы?

Бул Кудайдын жазасыбы?

2011-жылы март айында Жапонияда болгон, 9 баллга жеткен жер титирөөдөн жана анын артынан болгон цунамиден кийин жапониялык бир белгилүү саясатчы мындай деген: «Каза тапкандар үчүн жүрөгүм ооруйт, бирок бул Кудайдын жазасы деп ойлойм».

2010-жылы январда Гаитиде болгон катуу жер титирөөдөн 220 000ден ашуун киши өлгөндө, телевизордон дин жөнүндө баян айткан атактуу бир киши гаитиликтер «Шайтан менен келишим түзгөндүктөн» ушундай кырсык болгонун, эми «Кудайга кайрылып келиши» керектигин айткан.

Филиппиндин борбор шаары Манилада 79 киши тепсендиде калып өлгөндө, католик чиркөөсүнүн дин кызматчысы: «Кудай биздин чор басып, эч нерсени сезбей калган абийирибизди ойготкусу келгендиктен ушундай кылды»,— деген. Ал эми ошол жакта чыккан бир гезитте адамдардын 21 пайызы өлкөдө көп болуп жаткан жер көчкү, тайфун жана башка кырсыктар аркылуу Кудай элге каарын төгүп жатат деп эсептээри жазылган.

АДАМДАР байыртадан бери эле Кудай адам баласын жазалаш үчүн кырсыктарды жиберет деп эсептеп келишкен. Алсак, 1755-жылы Португалиянын Лиссабон шаарында болгон жер титирөөдөн, өрттөн жана цунамиден 60 000дей киши каза тапканда, Вольтер деген белгилүү философ: «Лиссабондогу адамдар Париждеги жалаң эле ырахатты көздөп жашаган адамдарга караганда Кудайдын алдында көбүрөөк күнөөгө батыптырбы?» — деп жазган. Азыркы учурда да көптөр: «Болуп жаткан кырсыктар Кудайдын жазасыбы?» — деп ойлонушат. Көптөгөн өлкөлөрдө жашагандар Кудай адамдарды жазалаш үчүн ушундай кырсыктарды жиберет деп ишенишет.

Ушундан улам биз: «Кудай адамдарды жазалаш үчүн чын эле кырсыктарды жибереби? Учурда болуп жаткан кырсыктар Кудайдын жазасыбы?» — деген суроолор тууралуу ойлонуп көрүшүбүз керек.

Айрымдар Кудайдын жаратылыш күчтөрүн колдонуп, адамдарды жазалаганы жөнүндө айтылган Ыйык Китептеги билдирүүлөр анын табигый кырсыктарды жиберип, адамдарды жазалай турганын далилдеп турат деп ырасташат (Башталыш 7:17—22; 18:20; 19:24, 25; Сандар 16:31—35). Бирок ал билдирүүлөрдү кылдат изилдесек, алардын азыр болуп жаткан кырсыктардан үч жагынан айырмаланарын биле алабыз. Биринчиден, ошол кырсыктар болгонго чейин элге эскертүү берилген. Экинчиден, бүгүнкү күндөгү табигый кырсыктардан жаман да, жакшы да адамдар кырылып жатса, Кудай жазалаганда, анын эскертүүсүнө кулак какпаган, жаман жолунан бурулбаган адамдар гана жок болгон. Үчүнчүдөн, Кудай ага жаккандай иш кылууга умтулган адамдарды аман алып калган (Башталыш 7:1, 23; 19:15—17; Сандар 16:23—27).

Миллиондогон адамдардын жашоосуна бүлгүн түшүрүп жаткан кырсыктарды Кудайдын жазасы деп айтууга эч кандай негиз жок. Анда кырсыктар эмне үчүн барган сайын көп болуп жатат? Табигый кырсык болгондо, эмне кылсак болот? Табигый кырсыктар таптакыр болбой турган убак келеби? Бул суроолорго кийинки макалалардан жооп ала аласыңар.