Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мурун да жашагам деп ойлойсуңарбы?

Мурун да жашагам деп ойлойсуңарбы?

Мурун да жашагам деп ойлойсуңарбы?

«Тирүү жандардын баары төрөлгөнгө чейин жашап, өлүп, кайра төрөлгөн. Жан өлбөйт» (ПЛАТОН, ГРЕК ФИЛОСОФУ, Б.З.Ч. 5-КЫЛЫМ, СОКРАТТЫН СӨЗДӨРҮНӨН ЦИТАТА КЫЛГАН).

«Жан денесиз жашай албагандай эле, дене да жансыз жашай албайт. Жан бир денеден экинчисине көчүп жүрө берет» (ЖОРДАНО БРУНО, ИТАЛИЯЛЫК ФИЛОСОФ, Б.З. 16-КЫЛЫМЫ).

«Өлүк эч нерсе болбойт. Адам өлдү деп эсептелгени менен, чынында өлбөйт. Болгону, анын жаны башка денеге же бир нерсеге өтөт... анын абалы терезеден баарын көрүп турган, бирок терезенин ары жагына өтө албаган адамдын абалындай болот» (РАЛЬФ УОЛДО ЭМЕРСОН, АМЕРИКАЛЫК ЖАЗУУЧУ ЖАНА АКЫН, Б.З. 19-КЫЛЫМЫ).

«МЕН чынында киммин?» — деп ойлонгон учурларыңар болду беле? Силерге кайра төрөлүп, жашап жатканыңардай сезилеби? Эгер ошондой сезилсе, силер жалгыз эмессиңер. Көптөргө да ушундай сезилген учурлар болот. Ушу сыяктуу суроолорго тээ алмустактан бери Чыгыш жана Батыш элдери жооп издеп келишкен. Натыйжада алардын айрымдары реинкарнацияга ишене башташкан. Реинкарнация — адам өлгөндө, анын жаны денеден бөлүнүп чыгып, башка адам болуп кайрадан төрөлөт же жаныбар болуп туулат, же болбосо өсүмдүк болуп өсүп чыгат деген окуу. Реинкарнацияга ишенгендер жандын бир түрдөн экинчи түргө өтүшү бир же бир нече жолу кайталанат деп ырасташат.

Көптөр адам өлгөндө эмне болорун реинкарнация түшүндүрүп берерине ишенишет. Бирок реинкарнациянын чын-төгүнүн кантип билсек болот? Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делет? Келгиле, адегенде реинкарнациянын каяктан келип чыкканын карап көрөлү.

Реинкарнация каяктан келип чыккан?

Тарыхчылардын жана окумуштуулардын айткандарына караганда, б.з.ч. үчүнчү миң жылдыкта пайда болгон байыркы Вавилон шаарынын тургундары адамдын жаны өлбөйт дегенге ишенишкен. Моррис Ястров деген профессор «Вавилон менен Ассириянын дини» деп аталган китебинде: «Вавилондун диний окумуштуулары өлбөстүк жөнүндө көп изилдешкен»,— деп жазган. Ошондой эле мындай деген: «Вавилондуктар өлүм жашоонун башка түрүнө өтүүнү билдирет деп ишенишкен. Вавилондун диний окумуштуулары адам өлгөндөн кийин түбөлүккө жок болот дегенге ишене албагандыктан адамдын жаны өлбөй, жашоонун бир түрүнөн экинчисине өтүп, жашай берет деген окууну ойлоп табышкан».

Вавилондон тамыр алган бул окуу кийинчерээк башка элдерге да тарай баштаган. Мисалы, индиялык философтор карма мыйзамын ойлоп табышкан. Карма мыйзамына ылайык, адамдын учурда кандай жашаганы анын өлгөндөн кийин ким же эмне болуп жараларына таасир этет. Гректердин атактуу философтору да реинкарнацияга ишене башташкан. Мунун натыйжасында реинкарнация жөнүндөгү окуу кеңири жайылган.

Бүгүнкү күндө да Батыш өлкөлөрүндө реинкарнацияга кызыккандардын саны өсүп жатат. Таанымал адамдардын жана жаштардын арасында Чыгыш элдеринин динине, каада-салттарына кызыккандар көбөйүүдө. Азыркы учурда төрөлгөнгө чейинки жашоосу жөнүндө айтып бергендердин окуялары жазылган толгон-токой китептер, Интернет-сайттар бар. Ошондой эле көптөгөн өлкөлөрдө адамдын мурунку жашоосун билгенге жардам беребиз деген адистерге кайрылгандар көбөйүүдө. Ал адистер адамдын ден соолугу, жүрүм-туруму эмне үчүн тигиндей же мындай экенин түшүнүш үчүн анын мурунку жашоосун гипноз аркылуу билгенге аракет кылышат.

Реинкарнация жөнүндөгү окууга ишенсе болобу?

Реинкарнация жөнүндөгү окуу байыркы убакта пайда болсо да, анын чын-төгүнүн изилдеп көрүү абдан маанилүү. Кудайдан корккон адамдар жандын башка түргө өтүшү Кудайдын пайгамбарларга жаздырган сөздөрүнө дал келер-келбесин текшерип көргүсү келери күмөнсүз (Жакан 17:17). Жаратканыбыз Жахаба Кудай өмүрдүн Булагы жана «сырларды ача турган Кудай» болгондуктан өмүргө жана өлүмгө байланыштуу белгисиз болуп келген нерселерди ал гана ачып бере алат. Андыктан ал жаздырган Ыйык Китептен суроолорубузга жооп аларыбызга шектенбесек болот (Даниел 2:28; Элчилер 17:28).

Ыйык Китепти кылдат изилдесек, адам өлгөндөн кийин чынында эмне болорун биле алабыз. Мисалга Башталыш китебинин 3-бөлүмүнүн 19-аятында Адам ата менен Обо эне күнөө кетиргенден кийин, Кудайдын Адам атага эмне дегени жазылган. Кудай ага: «Өзүң алынган топуракка кайтмайынча маңдай териңди агызып нан таап жейсиң. Анткени сен топураксың, кайра топуракка кайтасың»,— деген. Ооба, Кудай Адам атаны топурактан жараткан. Андыктан ал өлгөндөн кийин топуракка кайткан. Кудайдын жогорудагы сөздөрүнөн адам өлгөндөн кийин эмне болорун билүүгө болот. Адам өлгөндөн кийин, анын жашоосу токтойт, ал кайра төрөлбөйт *. Ысык менен суук, кургак менен суу, жарык менен караңгы бир-бирине карама-каршы болгондой эле, өлүм — өмүрдүн карама-каршысы. Адамдын өлгөндөн кийин жашай бере турган жаны жок. Бул айтылгандар акылга сыярлык эмеспи?!

Адамга ар кандай себептерден улам төрөлгөнгө чейин жашагандай сезиле бериши мүмкүн. Адамдын мээсинин кандай иштээри, анын ичинде аң сезими, ошондой эле дары-дармектердин жана кандайдыр бир каргашалуу окуялардын ага кандай таасир этери азыркыга чейин толук изилденип бүтө элек. Адамдын мээсинде топтолгон абдан көп маалыматтан улам кирген түштөр жана куралган кыялдар ушунчалык жандуу болгондуктан, алар чынында эле болгондой сезилиши мүмкүн. Ошондой эле көзгө көрүнбөгөн каардуу рухтар чынында болбогон окуяларды болгондой кылып көрсөтүшү ыктымал (1 Шемуел 28:7—19).

Адамдардын жашагысы келгени жана келечекти билгенге кызыкканы табигый нерсе. Эмне үчүн адамда ушундай каалоо бар? Ыйык Китепте: «Чыныгы Кудай адамдардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салган»,— деп жазылган (Насаатчы 3:11). Мына ушу себептен адамдар түбөлүк жашагысы келет.

Түбөлүк өмүр сүрүүгө болгон каалоону жүрөгүбүзгө Жараткан Кудай Жахаба салгандыктан ал каалообуздун канткенде орундаларын ал гана ачып бере алат. Ыйык Китепте, Кудайдын ой-ниети боюнча, ага баш ийген момун адамдардын Бейиште түбөлүк жашаары айтылган. Дөөтү пайгамбар: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деп жазган (Забур 37:29). Ыйык Китепте Кудайдын өлгөндөрдү тирилтип, аларга түбөлүк өмүр берүүнү ниет кылганы да айтылган (Элчилер 24:15; 1 Корунттуктар 15:16—19).

Өлгөндөрдүн тирилерине ишенүүгө негиз бар

Ыйык Китепте сегиз кишинин тирилгени жөнүндө айтылат. Алардын тирилгенин өз көзү менен көргөн адамдар болгон *. Алар башка адам, жаныбар же өсүмдүк болуп кайра жаралган эмес, алар чынында эле тирилишкен. Тирилген адамдарды тууган-туушкандары, достору дароо эле таанышкан. Алар өлгөн жакындарынын жаны жаңы төрөлгөн балдарга өтүп кетти деген ойдо аларды ымыркай балдардын арасынан издешкен эмес (Жакан 11:43—45).

Ыйык Китепте Кудай азыркы ыймансыз дүйнөнүн ордуна бейкуттук өкүм сүргөн бейиш заманды орнотору жана ошол убакта өлгөндөрдүн көпчүлүгүн тирилтери айтылган (2 Петир 3:13, 14). Азыркы учурда өлгөн адамдар, атүгүл жылдыздардын баарын атынан атаган Жахаба Кудайдын эсинде. Кудайдын эс тутуму чексиз жана жеткилең болгондуктан, ар бир өлгөн адамдын кулк-мүнөзү анын эсинде сакталып турат (Забур 147:4; Аян 20:13). Кудай Бейиште өлгөндөрдү тирилткенде, алар өздөрүнүн санжырасын иликтеп, ата-бабалары менен таанышып, жолуга алышат. Ошол убак келгенде канчалык кубанарыбызды элестетсеңер!

[Шилтемелер]

^ 13-абз. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин «Өлгөндө адам каякка барат?» деп аталган 6-бөлүмүн карагыла.

^ 18-абз. Тирилүү жөнүндө жазылган сегиз билдирүү төмөнкү аяттарда жазылган: 1 Падышалар 17:17—24; 2 Падышалар 4:32—37; 13:20, 21; Лука 7:11—17; 8:40—56; Жакан 11:38—44; Элчилер 9:36—42; 20:7—12. Бул билдирүүлөрдү окуганда өлгөн адамдардын көп күбөлөрдүн көз алдында кандайча тирилгенине көңүл бургула. Ушундай билдирүүлөрдүн тогузунчусунда Иса пайгамбардын тирилгени жөнүндө айтылат (Жакан 20:1—18).

[20-беттеги кутуча]

Өлгөндөр сөзсүз тирилет!

Төрөлгөнгө чейин жашагандай сезимди пайда кылган кандайдыр бир сырдуу окуяларды талдап, мурун жашаган-жашабаганыңарды билгенге умтулгандан көрө, өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө Ыйык Китепте эмне делерин изилдеп чыкканыңар оң. Ошентсеңер, суроолоруңарга жооп ала аласыңар жана Ыйык Китептен билгендериңер кыйынчылык учурда жубатып, күч-кубат берет.

Мисалы, Теодор 44 жаштагы жубайы Розмериден айрылганда, кабыргасы майышып, катуу кайгырган. Ал мындай дейт: «Розмеринин азыр эң коопсуз жайда — Жахаба Кудайдын эс тутумунда — экенин билем. Өлгөндөрдүн тирилерине ишенем. Ыйык Китепте өлгөндөрдүн тирилгенин көптөр өз көзү менен көргөнү жазылат. Иса Машаяк Лазар деген кишини тирилткендей эле, жубайымды да тирилтип: „Розмери, чык!“ — деп айтар убакты күтөм».

Костас менен Мариянын кызы Еви 20 жашында генетикалык оорудан көз жумган. Мария мындай дейт: «Кызыбыздан айрылганда күйүткө батып, аябай сыздадык. Ошондон тартып азап-кайгы, өлүм жана өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө айтылгандарды тереңирээк түшүнө баштадык. Бизди Ыйык Китепте жазылгандар, өзгөчө, Ышая 33:24; 35:5, 6 жана Аян 21:4, 5теги сөздөр сооротуп, кайрат берет. Жахаба чынында эле боорукер, мээримдүү Кудай. Ал өлгөн жакындарыбызды сөзсүз тирилтет!».

Ыйык Китепке өмүр менен өлүм тууралуу Жараткан Кудайыбыз жаздырган. Теодор, Костас, Мариялардыкындай эле, силердин да үмүтүңөр Ыйык Китепте жазылгандарга негизделсе, үмүтүңөр чоң болот. Кудай айткандарын сөзсүз аткарат, ал калп айтпайт! (Тит 1:2).