Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алар убадаланган нерселерди «көрүшкөн»

Алар убадаланган нерселерди «көрүшкөн»

«Убадалардын аткарылышын көрүшпөсө да, алар убадаланган нерселерди алыстан гана көрүшкөн» (ЕВР. 11:13).

1. Көрө элек нерселерди элестетүүнүн кандай пайдасы бар? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

ЭЛЕСТЕТҮҮ жөндөмдүүлүгүбүздү Кудайдын белеги деп айтууга болот. Анын аркасында жакшы нерселерди чыдамсыздык менен күтөбүз, кыла турган иштерибизди алдын ала ойлонуштурабыз. Жахаба келечекти көрө алгандыктан алдыда боло турган көптөгөн окуяларды Ыйык Китепке жаздырып койгон. Биз аларды көрө элек болсок да, ой жүгүртүп, элестетүү менен ишенимибизди бекемдей алабыз (2 Кор. 4:18).

2, 3. а) Эмне үчүн аткарыла турган нерселерди элестеткенибиз жакшы? б) Бул макалада кайсы суроолорду карап чыгабыз?

2 Элестеткен нерселерибиз кээде чындыкка коошпой калышы мүмкүн. Мисалы, кичинекей кыз көпөлөккө минип алып учуп баратканын элестетиши ыктымал, бирок бул — жөн гана куру кыял. Ал эми Аннанын уулу Шемуелди, Кудайга кызмат кылышы үчүн, ыйык чатырга алып барганын элестеткени куру кыял болгон эмес. Анткени Анна муну мурун эле чечип койгон болчу жана ал жөнүндө дайыма ой жүгүрткөнү максатын көңүлүнүн борборунда сактоого жардам берген (1 Шем. 1:22). Эгер Кудай убада кылган нерселер жөнүндө кыялдансак, сөзсүз ишке аша турган нерселер жөнүндө кыялданган болобуз (2 Пет. 1:19—21).

3 Кудайдын байыркы убактагы көптөгөн ишенимдүү кызматчыларынын анын келечекке байланышкан убадаларынын аткарылганын элестетишкени шексиз. Мындан алар кандай пайда алышкан? Кудайдын тил алчаак адамдар үчүн кыла турган кереметтүү иштери тууралуу ой жүгүртүүдөн биз кандай пайда алабыз?

ЭЛЕСТЕТҮҮНҮН АРКАСЫНДА ҮМҮТҮН БЕКЕМ САКТАШКАН

4. Абыл эмнеден улам келечектин жакшы болорун элестете алган?

4 Ишенимдүү кишилердин эң алгачкысы болгон Абыл Жахабанын убадаларынын аткарыларына шектенген эмес. Ал Кудайдын жыланга: «Аял экөөңөрдүн ортоңорго, сенин тукумуң менен анын тукумунун ортосуна кастык коём. Ал сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың»,— деп айтканын билген (Башт. 3:14, 15). Бирок ал Кудайдын ошол убадасынын акыр-аягы кантип аткарыларын билген эмес. Анткен менен ал убада жөнүндө көп ой жүгүртүп, адамзат Адам ата менен Обо эне жоготкон жеткилеңдикке кайрадан ээ болушу үчүн, кимдир бирөөнүн «согончогу чагылышы» керек экенин түшүнгөн көрүнөт. Келечекти кандай элестетпесин, Абыл Жахабанын убадасы аткарыларына бекем ишенген, ошондуктан Кудай анын курмандыгын кабыл алган. (Оку: Башталыш 4:3—5; Еврейлер 11:4.)

5. Энох пайгамбарга келечекти элестеткени кайраттуу болууга кандайча жардам берген?

5 Энох пайгамбар Кудайга акарат кылган адамдардын арасында жашаса да, ишеними күчтүү болгон. Ал ыйык рухка жетектелип: «Жахаба түмөндөгөн ыйык периштелери менен келди. Ал баарын соттоп, ыймансыз күнөөкөрлөрдү ыймансыздык менен жасаган бардык иштери жана Ага каршы айткан үрөй учурарлык бардык сөздөрү үчүн ашкерелейт»,— деп жарыялаган (Жүй. 14, 15). Кудайга ишенгендиктен ал жаман адамдардын бири да болбой турган заманды элестетсе керек. (Оку: Еврейлер 11:5, 6.)

6. Нух пайгамбар Топон суудан кийин да, кыязы, эмне жөнүндө ой жүгүртүп турган?

6 Нух пайгамбар ишениминин аркасында Топон суудан аман калган (Евр. 11:7). Ишеними ага Топон суудан кийин жаныбарлардан курмандык чалууга түрткү берген (Башт. 8:20). Абылдай болуп, анын да адамзаттын өлүм менен күнөөнүн кулчулугунан бошоноруна ишенгени күмөнсүз. Топон суудан кийин адамдар кайрадан бузулуп, Нимротко кошулуп Кудайга каршы чыгышса да, Нух пайгамбар ишенимин, үмүтүн бек сактаган (Башт. 10:8—12). Кыязы, ага адамзаттын ырайымсыз башкаруучулардан жана тукум кууп өткөн күнөө менен өлүмдөн арылары жөнүндө ойлонгону кайрат берип турган. Биз да ошол сонун убакты айкын элестетишибиз керек. Ал убакка абдан аз калды! (Рим. 6:23).

УБАДАЛАРДЫН АТКАРЫЛГАНЫН ЭЛЕСТЕТИШКЕН

7. Ыбрайым, Ыскак жана Жакып пайгамбарлар кандай келечекти ойлоп кыялданышкан?

7 Кудай Ыбрайым, Ыскак, Жакып пайгамбарларга алардын тукуму аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата аларын убада кылган, ошондуктан алар да келечекте телегейи тегиз жашоо болорун ойлоп кыялданышкан (Башт. 22:18; 26:4; 28:14). Алардын урпактары асмандагы жылдыздардай көбөйүп, убада кылынган жерди ээлешмек (Башт. 15:5—7). Ыбрайым, Ыскак жана Жакып пайгамбарлар Кудайга бекем ишенгендиктен укум-тукумунун ошол жерде жашап жатканын элестете алышкан. Адам ата менен Обо эне күнөө кылгандан тартып эле, Жахаба өзүнүн берилген кызматчыларын адамзат кайрадан жеткилең болуп, түбөлүккө бата аларына ынандырып келген.

8. Ыбрайым пайгамбарга оор жагдайларда ишеним менен иш кылууга эмне жардам берген?

8 Жахабанын убадаларынын аткарылганын айкын элестеткендиктен Ыбрайым пайгамбар атүгүл оор жагдайларда да ишеним менен иш кылган. Ыйык Китепте анын жана Кудайдан корккон башка кишилердин көзү тирүүсүндө «убадалардын аткарылышын көрүшпөсө да», «убадаланган нерселерди алыстан... көрүп кубанышканы» жазылган. (Оку: Еврейлер 11:8—13.) Ыбрайым пайгамбар Жахабанын өз убадаларын дайыма аткарып келгенин билгендиктен анын келечекке байланыштуу айткан сөздөрүнүн аткарылганын көргөндөй эле болгон.

9. Кудайдын убадаларына бекем ишенгендиктен Ыбрайым пайгамбар эмне кылган?

9 Кудайдын убадаларынын ишке ашарына ишенгендиктен Ыбрайым пайгамбар анын эркин аткарууга чечкиндүү болгон. Алсак, ал киндик каны тамган Ур шаарынан кетип, Канаан жерине барган жана ал жактагы бир да шаарга биротоло отурукташып калган эмес. Анткени ал шаарларда да Жахабага сыйынбаган башкаруучулар бийлик кылгандыктан, алардын келечеги жок болчу (Жаш. 24:2). Ыбрайым өмүрүнүн аягына чейин көп убакыт бою «пайдубалы бекем, куруучусу жана жаратуучусу Кудай болгон шаарды күтүп жүргөн». Ал шаар Кудайдын Падышалыгын билдирген (Евр. 11:10). Ыбрайым пайгамбар Жахаба бийлик кыла турган жерде түбөлүк жашап жатканын элестеткен. Ал, Абыл, Энох жана Нух пайгамбарлар, ошондой эле Кудайга кызмат кылган башка кишилер өлгөн адамдардын тирилерине ишенип, Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу астында жер бетинде өмүр сүрүүнү эңсеп келишкен. Ушундай баталар тууралуу ой жүгүрткөнү алардын Жахабага болгон ишенимин арттырган. (Оку: Еврейлер 11:15, 16.)

10. Жахабанын Ыбрайымга уулдуу болорун убада кылганы Саарага эмнени элестетүүгө жардам берген?

10 Эми Ыбрайым пайгамбардын байбичеси Сааранын үлгүсүн карап көрөлү. Ал 90 жашка чыккыча бала көрбөсө да, Кудайдын убадасынын аткарыларынан үмүт үзбөй, ишеним менен иш кылган. Ошондуктан балалуу болгонун, урпактарынын көбөйүп, Жахабанын батасын алып жатканын элестеткен (Евр. 11:11, 12). Анын буга бекем ишенишине кандай негиз бар эле? Жахаба анын күйөөсүнө: «Ага батамды берем, ал сага уул төрөп берет. Мен ага батамды берем, ал көптөгөн элдер менен падышалардын энеси болот»,— деген болчу (Башт. 17:16). Ыскакты төрөгөндөн кийин Саара Кудайдын ал убадасы толугу менен аткарыларына ого бетер ынанып калган. Кудай убада кылган нерселер тууралуу ой жүгүртүп, элестетсек, биздин да ишенимибиз бекемделет.

СЫЙЛЫКТАН КӨЗҮН АЛГАН ЭМЕС

11, 12. Муса пайгамбардын Жахабага болгон сүйүүсү эмнеден улам өскөн?

11 Жахабага ишеним арткан инсандардын дагы бири — Муса пайгамбар. Ал Кудайды чын жүрөктөн сүйгөн. Мисир падышасынын ак сарайында чоңоюп-өскөндүктөн ал жаш кезинде оңой эле атак-даңкты, байлыкты көздөп кетиши мүмкүн эле. Бирок бала чагында өз ата-энесинен Жахаба жөнүндө жана анын ысрайылдыктарды кулчулуктан бошотуп, убада кылынган жерге алып барары тууралуу көп жолу укса керек (Башт. 13:14, 15; Чыг. 2:5—10). Ал Кудайдын эли ала турган баталар жөнүндө дайыма ойлонгондуктан, атак-даңкты эмес, Жахабаны жакшы көргөн.

12 Ыйык Китепте мындай делет: «Ишенимдин аркасында Муса чоңойгондо фараондун кызынын уулу деп аталуудан баш тарткан. Ал күнөөдөн убактылуу ырахат алгандан көрө, Кудайдын эли менен бирге кордук көрүүнү туура көргөн. Сыйлыктан көзүн албагандыктан ал майланган катары көргөн кордугун Мисирдин байлыгынан артык байлык деп эсептеген» (Евр. 11:24—26).

13. Мусанын Кудайдын убадасы жөнүндө терең ой жүгүрткөнүнүн натыйжасы кандай болгон?

13 Муса пайгамбар Жахабанын ысрайыл элине байланыштуу берген убадасы жөнүндө терең ой жүгүрткөн сайын, ага болгон ишеними, сүйүүсү арта берген. Кудайдын башка кызматчыларындай эле ал да Жахабанын адамзатты өлүмдөн куткарары тууралуу ойлонсо керек (Аюп 14:14, 15; Евр. 11:17—19). Ошондуктан ал ысрайылдыктарга эле эмес, бүтүндөй адам баласына кам көргөн Кудайды жан-дилден сүйгөн. Ишеними, сүйүүсү ага Жахабага өмүр бою кызмат кылууга түрткү берген (Мыйз. 6:4, 5). Кудайга ишенип, аны жакшы көргөндүктөн жана жаркын келечекти элестеткендиктен ал, Мисир падышасы өлтүрөм деп коркутканда да, кайраттуу болгон (Чыг. 10:28, 29).

ПАДЫШАЛЫК КЫЛА ТУРГАН ИШТЕРДИ ЭЛЕСТЕТКИЛЕ

14. Айрымдар кандай куру кыялдарга батышат?

14 Бүгүнкү күндө көптөр такыр аткарылбай турган кыялдарга батышат. Мисалы, айрымдар колунда жок болсо да, адам баласынын жашоосу «түйшүк менен кайгы-капага толгонун» көрүп турса да, байлыкка тунуп, бейкапар жашап жатканын элестете беришет (Заб. 90:10). Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгы гана жашообузду жакшыртары айтылса деле, алар адамдар башкарган өкмөттөргө үмүт артышат (Дан. 2:44). Андан сырткары, Ыйык Жазмадан айкын көрүнүп турса да, көптөр Кудай бул дүйнөнү эч качан жок кылбайт деп ойлошот (Сеп. 1:18; 1 Жкн. 2:15—17). Жахабанын келечекке байланыштуу ой-ниетин эске албагандардын андай элестетүүлөрү — тек гана куру кыял.

Жаңы заманда жашап жатканыңды элестетесиңби? (15-абзацты кара)

15. а) Кудайдын кызматчылары келечек тууралуу ой жүгүртүүдөн кандай пайда алышат? б) Сен эмнени чыдамсыздык менен күтүүдөсүң?

15 Ал эми Жахабанын кызматчылары үмүттөнгөн нерселер куру кыял эмес. Асманда жашоого үмүттөнөбү же жер бетиндеби, алар келечек тууралуу ой жүгүртүүдөн күч-кубат алышат. Сен да өзүңдүн жаңы заманда Кудай убада кылган баталарды алып жатканыңды элестетесиңби? Ошол убакта эмнелерди кыларың жөнүндө ой жүгүрткөндө, жүрөгүң кубанычка толору күмөнсүз. Балким, жер бетинде түбөлүк жашап жатканыңды элестететтирсиң. Башкалар менен чогуу бүт жер жүзүн бейишке айландырууга катышып жатканыңды көз алдыңа тартып көрсөң. Ал иште жетекчиликти колго алгандар сага чын дилден кам көргөндүктөн, жашоодон ырахат аласың. Айланаңдагылардын баары, сага окшоп, Жахабаны жакшы көрүшөт. Ден соолугуң чың, күчүң ашып-ташып турат, жан дүйнөңө бүлүк салган эч кандай ой-санаа жок. Шык-жөндөмүңдү башкаларга пайда алып келе турган жана Жахабаны даңктай турган иштерге колдонгондуктан зор канааттануу аласың. Тирилгендерге Кудайды таанып-билүүгө жардам бергенде кубанычың ого бетер артат (Жкн. 17:3; Элч. 24:15). Мунун баары жомок эмес. Анткени биздин үмүтүбүз Ыйык Китептеги чындыкка негизделген (Ыш. 11:9; 25:8; 33:24; 35:5—7; 65:22).

ЭМНЕ ҮЧҮН ҮМҮТҮБҮЗ ТУУРАЛУУ СҮЙЛӨШҮШҮБҮЗ КЕРЕК?

16, 17. Үмүтүбүз тууралуу сүйлөшкөнүбүздүн кандай пайдасы бар?

16 Жахабанын убадалары аткарылган убакта эмнелерди кыларыбыз жөнүндө ишенимдештерибиз менен сүйлөшүп турганыбыз келечекти дагы айкыныраак элестеткенге өбөлгө түзөт. Албетте, жаңы заманда ар бирибиздин эмне кыларыбызды так айта албайбыз. Бирок ошол нерселер тууралуу пикир алышып турсак, бири-бирибизге дем-шык беребиз жана Кудайдын убадаларынын аткарыларына ишенерибизди көрсөтөбүз. Элчи Пабыл менен Рим шаарындагы ишенимдештери бири-бирин бекемдегендей эле, биз да азыркы оор убакта бири-бирибизге күч берип турушубуз керек (Рим. 1:11, 12).

17 Үмүтүбүз тууралуу ой жүгүртүү азыркы кыйынчылыктарыбызга эле көңүл топтой бербегенге да жардам берет. Элчи Петир бир жолу Иса Машаяктан: «Мына, биз баарын таштап, сенин артыңдан ээрчидик. Бул үчүн биз эмне алабыз?» — деп сураган. Ошондо Иса ага жана анын жанындагыларга келечекте кандай сыйлык алышары тууралуу мындай деген: «Ишенип койгула, кайра жаратуу убагында адам Уулу даңктуу тактысына отурганда, силер да, менин артымдан ээрчигендер, он эки тактыга отуруп, Ысрайылдын он эки уруусун соттойсуңар. Менин ысмым үчүн үй-жайын, ага-инилерин же эже-карындаштарын, атасын же энесин, же балдарын, же жерин калтырган ар бир адам мурдагыдан да көп эсе алат жана түбөлүк өмүрдү мурастайт» (Мт. 19:27—29). Мырзасынын ошол убадасынан улам Петир жана башка шакирттер өздөрүнүн аны менен чогуу жер үстүнөн бийлик жүргүзүп, Кудайга баш ийген адамдарга мол бата алууга жардам берерин элестете алышкан.

18. Жахабанын убадаларынын аткарылары жөнүндө ой жүгүртүүдөн кандай пайда алабыз?

18 Бул макалада талкуулаганыбыздай, Жахабанын убадалары тууралуу ой жүгүртүүдөн анын байыркы убактагы кызматчылары көп пайда алышкан. Алсак, Абыл Кудайдын ой-ниети жөнүндө билгендиктен келечекте жашоо эң сонун болоруна ишенип, аны элестеткен. Ыбрайым пайгамбар Кудайдын «тукум» жөнүндөгү пайгамбарлыгынын аткарыларына эч шектенбегендиктен ишеним менен иш кылган (Башт. 3:15). Муса пайгамбар болсо «сыйлыктан көзүн албагандыктан» Жахабаны сүйүп, ага ишенимдүү кызмат кылган (Евр. 11:26). Жахабанын убадаларынын аткарыларын айкын элестетсек, биздин да ага болгон ишенимибиз, сүйүүбүз өсө берет. Элестетүү жөндөмдүүлүгүбүздү дагы кантип жакшыраак колдонсок болорун кийинки макаладан билебиз.