Башталыш 10:1—32

10  Нухтун уулдары+ Шем, Хам, Жапет жөнүндөгү билдирүү. Топон суудан кийин алардан балдар төрөлдү+.  Жапеттин уулдары: Гомер+, Магок+, Мадай+, Жабан+, Тубал+, Мешех+, Тирас+.  Гомердин уулдары: Ашкеназ+, Рипат+, Тогарма+.  Жабандын уулдары: Элиса+, Таршыш+, Киттим+, Доданим+.  Аралдарда жашагандар ушулардан тарап, ар бири сүйлөгөн тили, уруусу, эли боюнча өз жерлерине отурукташкан.  Хамдын уулдары: Куш+, Мисраим+, Пут+, Канаан+.  Куштун уулдары: Себа+, Хабила, Сапта, Рама+, Саптеха. Раманын уулдары: Шеба менен Дедан+.  Куштан Нимрот төрөлгөн+. Ал жер жүзүндөгү күчтүү адамдардын биринчиси болгон.  Нимрот Жахабага каршы чыккан күчтүү аңчы болгон. Ошондон улам: «Жахабага каршы чыккан күчтүү аңчы Нимроттой»+,— деп айтылып калган. 10  Анын падышалыгындагы алгачкы шаарлар Шынар жериндеги+ Бабыл+, Эрех+, Акат, Калне эле. 11  Нимрот ал жерден Ашурга+ барып, Нинебини+, Рехобот-Ирди, Калахты, 12  Нинеби менен Калахтын ортосундагы Ресенди курган. Алар чоң шаарды* түзгөн. 13  Мисраимден+ булар төрөлгөн: Лут+, Анамим, Лехабим, Наптухим+, 14  Патрусим+, Каслухим+ (андан пелиштиликтер+ тараган) жана Капторим*+. 15  Канаандан тун уулу Сидон+ менен Хет+ төрөлгөн. 16  Ошондой эле андан жебустуктар+, аморлуктар+, гиргаштар, 17  хибиликтер+, аркыттар, синилер, 18  арбаттыктар+, семариликтер, хаматтыктар+ тараган. Кийинчерээк Канаан уруулары ар кайсы жерлерге тарап кетишкен. 19  Канаандыктардын жеринин чеги Сидондон Азанын+ жанындагы Герарга+, Содом менен Аморго+, Адмага+ жана Лашанын жанындагы Себоимге+ чейин созулган. 20  Булар уруусу, тили, эли боюнча өз жерлеринде жашаган Хамдын уулдары болгон. 21  Жапеттин иниси*, бардык Эбер+ уулдарынын атасы Шемдин да укум-тукумдары болгон. 22  Шемдин уулдары: Эйлам+, Ашур+, Арпакшат+, Лут, Арам. 23  Арамдын уулдары: Ус, Хул, Гетер, Маш+. 24  Арпакшаттан Шелах+, Шелахтан Эбер төрөлгөн. 25  Эбердин эки уулу болгон. Биринин аты Пелек*+ болгон, анткени анын убагында жер* бөлүнгөн+. Ал эми анын бир тууганынын аты Жоктан+ болгон. 26  Жоктандын уулдары: Алмадат, Шелеп, Хасармабет, Жерах+, 27  Хадорам, Узал, Дикла+, 28  Обал, Абымайыл, Шеба+, 29  Опир+, Хабила+, Жобап+. Булардын баары Жоктандын уулдары болгон. 30  Алар Мешадан Сепарга чейин, Чыгыштагы тоолуу аймакка чейин, отурукташкан. 31  Булар уруусу, тили, эли боюнча өз жерлеринде жашаган Шемдин уулдары болгон+. 32  Уруусу, эли боюнча жашаган, Нухтун уулдарынан тараган уруулар — ушулар. Топон суудан кийин алардан жер үстүндөгү элдер тараган+.

Шилтемелер

Нинеби менен берки үч шаардын баарын билдириши мүмкүн.
Бул ысымдар Мисраимден тараган урууларды же элдерди билдириши мүмкүн.
Же: «Эң улуусу болгон Жапеттин бир тууганы».
Мааниси: «бөлүнүү; агым».
Же: «жер тургундары».