Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БИЗДИН АРХИВДЕН

Ашканада сүйүү өкүм сүрүп турган

Ашканада сүйүү өкүм сүрүп турган

ЖАХАБАНЫН дасторконунан чогуу даам сызуу анын элине дайыма кубаныч тартуулап келет. Андай учурларда бирге тамактануу да алардын кубанычын ого бетер арттырары шексиз.

1919-жылы сентябрь айында Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Сидар-Пойнтто (Огайо штаты, АКШ) 8 күндүк жыйын өткөрүшкөн. Мейманканалар жыйынга келе тургандарды түнөк жай, тамак-аш менен камсыз кылмак. Бирок жыйынга алар күткөндөн тышкары дагы миңдеген кишилер келгендиктен, тейлей турган официанттар менен ашпозчулар ошол күнү жумушун таштап кетип калышкан. Айласы кеткен ашкананын жетекчиси жыйынга келген жаштардын жардам бере алар-албасын сураган. Көптөгөн жаш бир туугандарыбыз дароо макул болуп, ишке киришишкен. Алардын бири Сейди Грин: «Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу официант болгом, бирок ал эстен кеткис жагымдуу учур болду»,— деп эскерген.

Сьерра-Леоне, 1982-жыл

Кийинки жылдары да жыйындарда тамак берүү чаралары көрүлгөндүктөн, көптөгөн ишенимдештерибиз бир туугандарга өз ыктыяры менен кызмат кылып, зор кубаныч алышкан. Чогуу кызматташуу көп жаш бир туугандарыбызга рухий максаттарды коюуга түрткү берген. Айталы, 1937-жылы өткөрүлгөн жыйында ашканада кызмат кылган Глэдис Болтон мындай деген: «Ар кайсы жактан келген бир туугандар менен таанышып, алардын башына түшкөн кыйынчылыктарды кантип жеңип жатышканын уктум. Ошондон тартып пионердик кызматты аткара аларыма ишене баштадым».

Жыйынга катышкан Бюла Кови: «Баары бүт дити менен иштегендиктен, жумуш ойдогудай жүрчү»,— деген. Анткен менен ашканада иштегендер кыйынчылыктарга кабылбай койгон эмес. Алсак, Анжелу Манера 1969-жылы Лос-Анжелестеги (Калифорния штаты) «Доджер» стадионуна барганда гана ашканада кызмат кылууга дайындалганын уккан. Ал ашканада кызмат кылам деп такыр ойлогон эмес болчу. Ошол жыйынга даярдык көрүү ишине ашканага газ түтүгүн киргизүү үчүн 400 метрге созулган траншея казуу да кирген.

Франкфурт (Германия), 1951-жыл

1982-жылы Сьерра-Леонедеги күжүрмөн ишенимдештерибиз адегенде талааны тазалап, анан ошол жерге колдо бар материалдардан ашкана салышкан. 1951-жылы Германиядагы Франкфурт шаарындагы тапкыч ага-инилер локомотивди ижарага алып, анын буусу менен 40 казанга тамак жасашкан. Бир туугандар бир сааттын ичинде эле 30 000 тамак таратышкан. Идиш жууган 576 бир тууганга жеңил болушу үчүн жыйынга келгендер бычак менен вилкасын да ала келишкен. Мьянманын Янгон шаарындагы камкор ашпозчулар коноктордун ар кайсы өлкөдөн келгенин эске алып, тамакка ачуу татымалдарды адаттагыдан аз кошушкан.

«АЛАР ТУРУП АЛЫП ТАМАК ЖЕШЕТ ЭКЕН»

Энни Погенси 1950-жылы Кошмо Штаттарда өткөрүлгөн жыйында тамак алуу үчүн мээ кайнаткан ысыкта узун кезекте турганын жылуу сезим менен эскерген. Ал: «Европадан кеме менен келген эки эженин жүрөк толкутарлык маегине кирип кетиптирмин»,— деп айткан. Алар жыйынга келүүгө Жахабанын кантип жардам бергенин жөнүндө сүйлөшүп жатышкан. «Мага ал экөөнөн өткөн бактылуу киши жоктой сезилген. Алар кезекте турганына да, күндүн куйкалаганына да кайыл эле»,— деген Энни бир тууган.

Сеул (Корея), 1963-жыл

Келгендер бат-баттан тамактанып, башкаларга орун бошотуп бериши үчүн, көптөгөн чоң жыйындарда ашканаларга туруп ичүүгө ылайыкташтырылган бийик үстөлдөр коюлчу. Антпесе миңдеген кишилер тамактанып жетише алмак эмес. Жахабанын Күбөсү болбогон бир киши: «Бул башкача дин экен. Алар туруп алып тамак жешет экен»,— деп айткан.

Аскер башчылары менен бийликтегилер бир туугандардын ишти уюшкандыкта жана мыкты аткарышканына аябай суктанышкан. Кошмо Штаттардын аскер кызматындагылар Нью-Йорк шаарындагы «Янки» стадионунда өткөн жыйындагы ашкананы кылдат карап чыккандан кийин Британиянын Аскер министрлигинин майору Фолкнерге ушундай текшерүү ишин жүргүзүп көрүүнү сунушташкан. Ошондуктан майор Фолкнер жубайы менен 1955-жылы Англиядагы Туикенемде өткөн «Жеңишке ээ болгон Падышалык» деген жыйынга барган. Ал ашканада кызмат кылгандардын арасында сүйүү өкүм сүрүп турганын байкаганын айткан.

Ондогон жылдар бою көптөгөн ыктыярдуу кызматчылар жыйынга келгендерди пайдалуу, ошол эле учурда арзан тамак-аш менен камсыз кылууда жан-дилден эмгектенишкен. Бирок ал бир туугандар адатта көп саат тыным албай иштешчү жана жыйындын айрым бөлүктөрүн, кээде атүгүл программаны толугу менен укпай калышчу. 1970-жылдардын аягынан баштап көптөгөн жерлерде жыйындарда тамак-аш менен камсыз кылуу иши жөнөкөйлөтүлгөн. Ал эми 1995-жылдан тарта бир туугандарга тамак-ашын өздөрү ала келиши керектиги айтыла баштаган. Натыйжада мурда ашканада кызмат кылып жүргөн бир туугандарга рухий программадан жана ишенимдештери менен пикирлешүүдөн ырахат алууга шарт түзүлгөн *.

Ишенимдештери үчүн жан аябай эмгектенген ал бир туугандарыбызды Жахабанын жогору баалаары күмөнсүз. Айрымдар ашканада кызмат кылган ошол кубанычтуу күндөрдү сагынышы мүмкүн. Анткен менен азыр деле жыйындарыбызда мурдагыдай сүйүү өкүм сүрүүдө (Жкн. 13:34, 35).

^ абз. 12 Албетте, жыйындын башка бөлүмдөрүнө жардам бере турган ыктыярдуу кызматчылар азыр деле керек.