Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ден соолук

Ден соолук

Ден соолукка кам көрүүгө Кудай кандай карайт?

«Шарапка мас болгондордун, этке ашыра тойгондордун арасында болбо» (Накыл сөздөр 23:20).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Ыйык Китеп медициналык китеп эмес, адамдын кайсы учурда кандай иш кылышы керектиги жазылган да китеп эмес. Бирок ден соолугубузга кам көрүшүбүзгө Кудайдын кандай караары жөнүндө анда жазылгандарды билүү пайдалуу болот.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудайдын ден соолугубузга кандай карашыбызды каалаарын билгенге Ыйык Китептеги көптөгөн аяттар көмөк кылат. Алсак, анда бардык нерсенин чегин билишибиз керектиги айтылат. Ошондой эле аракечтиктин, ашыра тоюунун Кудайга жакпай турганы баса белгиленет (Накыл сөздөр 23:20). Кудайдын байыркы ысрайылдыктарга берген мыйзамдар жыйнагында ар кандай оорулардын жайылышына бөгөт коё турган, атүгүл оорунун алдын ала турган мыйзамдар бар болчу. Андан сырткары, коопсуздукка байланыштуу көрсөтмөлөр камтылган (Мыйзам 22:8). Ооба, Ыйык Китепте ден соолугубузга кам көрүшүбүз керектиги жана ага зыян келтире турган нерселерден алыс болуш үчүн кандайдыр бир чараларды көрүшүбүз керектиги жазылат.

 Оорунун себеби жөнүндө Ыйык Китепте эмне делет?

«Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген» (Римдиктер 5:12).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Бирөөлөр оору адам эволюция жолу менен өрчүп жатканда пайда болгон дегенге ишенишет. Башкалары болсо адамдар жиндер сыяктуу сырдуу күчтөрдүн айынан оорушат деп ойлошот.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте Адам атанын Кудайга баш ийбей койгонунун айынан ооруп жатканыбыз айтылат (Римдиктер 5:12). Кудайга каршы чыга электе түпкү ата-энебиз Адам ата менен Обо эне жеткилең болгондуктан, ден соолугу чың болгон. Алар мээримдүү, камкор Кудайга баш ийбей койсо өлөрүн билишкен (Башталыш 2:16, 17). Бирок ошого карабастан Кудайга каршы чыгып, жеткилеңдигинен айрылышкан *.

Алардын урпактары болгондуктан биз да жеткилең эмес болуп калганбыз. Ошо себептен ооруларды жок кылганга канчалык аракет кылынбасын, адамзат оорудан арыла албай келет.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Ыйык Китепте Кудайга баш ийип, анын адил принциптерине бекем карманып жашагандардын, жер бейишке айланганда, жеткилең болуп, чың ден соолукта жашай алары айтылат (Ышая 33:24). Кудай ооруну, кайгыны, өлүмдү жок кылууну убада кылган (Аян 21:3, 4).

Ыйык Китепте дарыланууга тыюу салынабы?

«Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж» (Матай 9:12).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Медициналык жардам алууга караганда көзү ачыктарга барып дарылануу же ишеним менен айыгуу жакшы дешет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудай байыркы элинин арасында элди дарылаган адамдардын болушуна жол берген (Башталыш 38:28; Колосалыктар 4:14). Алардын дары чөптөрдү, майларды колдонушканы, мүнөз тамакка байланыштуу берген кеңештери жана башка дарылоо ыкмалары Кудайга жаккан эмес деп Ыйык Китептин эч бир жеринде айтылбайт. Иса пайгамбар да «дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж» экенин айткан (Матай 9:12).

Бирок Ыйык Китепте, кандай жол менен болбосун, дарылана берсе болот деп айтылбайт. Мисалы, анда Кудайдын ишеним менен айыктырууну колдобой турганы айтылат. Ошондой эле жиндердин күчү менен айыктыруунун Кудайга жакпай турганы жазылат (Галатиялыктар 5:19—21). Ошондуктан ооруп калганда Кудайга жакпаган жол менен дарыланууга умтулбастан, туура жол менен дарыланууга мүмкүн болушунча дароо күч-аракет жумшаганыбыз акылдуулукка жатат.

^ абз. 10 Бул макалада колдонулган «жеткилең» жана «жеткилеңдик» деген сөздөр Кудайдын Адам ата менен Обо энени башында оорубай, өлбөй тургандай кылып жаратканын билдирет.