Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакында баары чың ден соолукта болушат!

Жакында баары чың ден соолукта болушат!

Жакында баары чың ден соолукта болушат!

«ЭЧ КАЧАН оорубоо деген түшүнүк... азыр модага айланды»,— деп айтылат немис журналында («Focus»). А бирок бул жаңы түшүнүк эмес. Жараткан адамдарды оорусун деп жаратпагандыктан, «дүйнө жүзүндөгү бардык адамдардын ден соолугу дээрлик дурус деңгээлде» (жантайыңкы ариптер биздики, ред.) гана болмок эмес. Жаратканыбыз ар бир адамдын жеткилең ден соолукта болушун каалаган!

Анда эмне үчүн биз ооруйбуз? Ыйык Китепте Иегова Кудайдын жалпы адамзаттын ата-энесин, Адам менен Овону, жеткилең кылып жараткандыгы баяндалат. Жаратуу ишин аяктаган соң, «Кудай эмнени жаратса, ошонун бардыгын Өзү көргөн, бардыгы өтө жакшы эле». мээримдүү Жаратканыбыз адамдардын оору менен өлүмдүн кесепетинен улам бактысыз болушун каалаган эмес. Бирок Адам менен Ово алдыларындагы өмүр жолун таштап кетүүнү чечишкен да, күнөөгө батышкан. Адамдын күнөөсүнүн натыйжасында бардык адамзатка өлүм тукум кууп өткөн (1 Муса 1:31; Римдиктер 5:12).

Иегова адамзаттын өзүнөн да, адамдар менен жерге караштуу алгачкы ой-ниетинен да баш тарткан эмес. Ыйык Китеп аркылуу ал өзүнүн тил алган адамдарга кайрадан жеткилең ден соолук берерин бир нече жолу айткан. Кудайдын Уулу Ыйса Машайык жерде жүргөн кезинде Кудайдын ооруну айыктырууга кудуреттүү экенин көрсөткөн. Мисалы, Ыйса сокур, дүлөй, аксак адамдарды жана пес, талма, шал оорусу барларды айыктырган (Матфей 4:23, 24; Лука 5:12, 13; 7:22; 14:1—4; Иоанн 9:1—7).

Кудай жакында мессиялык Падыша Ыйсага адамзат үстүнөн бийлик жүргүзө баштоону буйрук кылат. Анын башкаруусу маалында Исаиянын: «Тургундардын бири да „мен оорулуумун“ деп айтпайт. Ал жерде жашаган калктын күнөөлөрү кечирилет»,— деген пайгамбарлыгы аткарылат (Исаия 33:24). Кандайча?

«Калктын күнөөлөрү кечирилет»,— дейт пайгамбар. Демек, оорулардын негизги себеби — адамзатка тукум кууп келген күнөө — жок кылынат экен да. Кантип? Тил алган адамдарга карата Ыйсанын куткаруучу курмандыгынын баалуулугу колдонулганда, оору менен өлүмдүн негизги себеби жок кылынат. Жердин учу-кыйырына чейин бейиш шарты өкүм сүрөт. «Кудай алардын көздөрүнөн бардык жашын аарчыйт жана өлүм эми болбойт; ый да, өкүрүк да, оору да болбойт; анткени мурункусу өтүп кетти»,— деп жазган расул Иоанн. Ооба, ушулардын баары жакында аткарылат! (Аян 21:3, 4; Матфей 24-бап; 2 Тимофей 3:1—5).

Тең салмактуу көз караш

Ал эми азырынча миллиондогон адамдар оорунун туткуну. Андыктан адамдардын, өзүлөрүнүнбү же туугандарынынбы, ден соолугу үчүн тынчсызданышы — кадимки иш.

Ыйсанын жолдоочулары медицина кызматкерлеринин эмгегин баалашат жана өз ден соолуктарын сакташ үчүн же калыбына келтириш үчүн керектүү чараларды көрүшөт. Ыйык Китептин адамдардын оору-сыркоолордон бошотулары жөнүндөгү убадалары ден соолукка карата тең салмактуу көз караш сактоого жардам берет. Машайык Падыша бийликти өз колуна алмайынча, биз жеткилең ден соолукка ээ боло албайбыз. Жогоруда талкуулап кеткендей, эң эле көрүнүктүү ачылыштар жасалган күндө да, алар медицинага «бактын үстүнкү шагында турган ширелүү алмага жетүүгө», башкача айтканда, бардык адамдарды чың ден соолукка жеткизүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

«Дүйнө жүзүндөгү бардык адамдардын ден соолугун дээрлик дурус деңгээлге жеткирүү» максаты жакында ишке ашат. Бирок Бириккен Улуттар Уюмунун да, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун да, экология боюнча адистердин да, коомдук реформалардын же врачтардын да аракети менен эмес. Ал максатты Ыйса Машайык гана ишке ашыра алат. Адамзат чирүү «кулдугунан Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндиги үчүн бошонгондо» кандай гана кубанычка бөлөнөт! (Римдиктер 8:21).

[10-беттеги сүрөттөр]

Кудайдын жаңы заманында баары чың ден соолукта болушат!