Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Индонезияга саякат

Индонезияга саякат

ИНДОНЕЗИЯ 17000 аралдан турат. Эли башкаларга жылуу-жумшак мамиле кылганы, чыдамдуулугу, сылыктыгы жана меймандостугу менен белгилүү.

Индонезиялыктар күрүч менен бирге ар кандай тамактарды — көбүнчө татымалдар кошулган тамактарды, жер-жемиштерди — жешет. Алар жерге отуруп тамактанышат. Күрүчкө ар кандай тамактарды аралаштырып, колу менен жешет. Индонезиялыктардын көбү тамак кол менен жегенде даамдуу болот дешет.

Көптөр дуриандын эттүү, ширелүү маңызын сасык жытына карабай жакшы көрүшөт

Алар искусствону, бийди жана музыканы жакшы көрүшөт. Анклунг — индонезиялыктардын улуттук аспабы. Бамбуктан жасалган ал аспап жыгач алкакка тигинен бекитилген чоорлордон турат. Чоорлор тартылганда, белгилүү бир ноталар же аккорддор угулат. Ал аспаптарда бир нече киши бир ойногондо, кубулжуган жагымдуу музыка чыгат.

Суматрадагы жана Борнеодогу тропикалык токойлордо көп кездешкен орангутан — дарактарда жашаган дүйнөдөгү жаныбарлардын эң ириси. Эркегинин салмагы 90 килограммдай, колунун кулачы 2 жарым метрге жакын

Б.з. 15-кылымына чейин индонезиялыктардын көбү индуизм, буддизм диндерин тутуп келишкен. 16-кылымга жакын ислам дини жайыла баштаган. Ал эми христиан дини 16-кылымда Индонезияга ар кандай татымалдарды издеген европалыктар келгенде тараган.

 Дүйнө жүзү боюнча Ыйык Китептин негизинде билим берүү ишин жүргүзгөн Жахабанын Күбөлөрү Индонезияда 1931-жылдан бери иш алпарып келишет. Бүгүнкү күндө Индонезиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн саны 22000ден ашат. Алар кулагы укпаган адамдарга Ыйык Китептин негизинде билим бергенге күч жумшап жатышат. Жахабанын Күбөлөрү жаңдоо тилинде өткөргөн Иса Машаяктын өлүмүн эскерүү кечесине 500дөн ашык киши барган.

«Ойгонгула!» журналы 98 тилде, анын ичинде индонезия (Бахаса Индонезия деп да аталат) тилинде чыгат