Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үмүт байлаткан билим

Үмүт байлаткан билим

Жакында Жерде чоң өзгөрүү болот. Муну Кудай убада кылган. Ал азап-кайгыны биротоло жойгондон кийин, адамдар жерде жыргап-куунап жашашат (Забур 37:11). Буга эмне үчүн ишенсек болот? Анткени «калп айткыдай, Кудай адам эмес» (Сандар 23:19). Келгиле, жакында Жаратканыбыз эмнелерди кыла турганына токтололу.

Кудай ыймансыздарды жок кылат

«Ыймансыздар чөптөй өссө да, кыянаттык кылгандардын баары гүлдөсө да, алар акыр-аягы түбөлүккө жок болушат» (ЗАБУР 92:7).

Мурунку макаладан билгенибиздей, жамандык көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Бирок бул бизди таң калтырбайт деле. Анткени Ыйык Китепте ушундай болору күн мурун айтылган. Мисалы, 2 Тиметей 3:1—5-аяттарда «акыркы күндөрдө» адамдардын кулк-мүнөзү жаман жакка өзгөрөрү жазылган. «Акыркы күндөр» деген Кудайга баш ийгиси келбеген адамдардын доору жакында соңуна чыгарын билдирет. Ошондо Кудай жаман жолунан кайткысы келбегендердин баарын жок кылып, анын тилин алган адамдарды гана алып калат. Ыйык Китепте: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деп айтылган (Забур 37:29).

Кудай Шайтанды жок кылат

«Тынчтыктын булагы болгон Кудай жакында Шайтанды... ойрон кылат» (РИМДИКТЕР 16:20).

Шайтан, жин-перилер, дегеле жамандык аттуунун баары жок болот. Ошондон кийин жерге тынчтык орнойт. Буга байланыштуу Жаратканыбыз: «[Силерди] эч ким коркутпайт»,— деп убада берген (Микей 4:4).

Кудай ооруну, өлүмдү жок кылат

«[Кудай] адамдардын арасында болот... Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (АЯН 21:3, 4).

Кудай азап-кайгыны, ооруну түп-тамыры менен жоёт. Шайтандын таасиринен да арылабыз. Адам ата менен Обо эненин айынан болгон күнөөнүн кесепетин тартпай калабыз. Ошондо өлүм да болбойт. Ооба, Жаратканды жакшы көргөндөр жана ага баш ийгендер түбөлүк жашашат. Бирок каякта?

Кудай жерди бейишке айлантат

«Ээн талаа менен какшыган жер шаттанат, чөлдүү түздүк сүйүнүп, шафрандай гүлдөйт» (ЫШАЯ 35:1).

Жамандык жок кылынганда, жер бети ажайып кооз бейишке айланат! Токойлор, бакчалар көз жоосун алып, табият кулпурат. Тамак-аш мол болот (Забур 72:16). Океандар, көлдөр жана дарыялар таптаза болуп, суу жандыктарына толот. Бир учурда планетабыз булганып, таштандыга толгонун эстебей да калабыз. Адамдар үйлөрдү куруп, аларда өздөрү жашашат. Баарынын өз үйү болот. Ачкачылык жана жакырчылык болбойт (Ышая 65:21, 22).

Кудай өлгөндөрдү тирилтет

Өлгөндөр тирилет (ЭЛЧИЛЕР 24:15).

Көзү өтүп кеткен сүйүктүү жакындарыңарды кайрадан көргүңөр келеби? Кудуреттүү Кудай аларды жер бетиндеги бейиште жашаш үчүн тирилтет. Алар менен жолукканда бири-бириңерди сөзсүз тааныйсыңар. Ошондо канчалык кубанарыңарды элестетсеңер! Мунун баары жомок эмес. Анткени Ыйык Китепте Исанын өлгөндөрдү тирилткени жазылган. Алардын арасында чоң кишилер да, балдар да болгон. Тирилгенден кийин алар жакындары менен чогуу жашашкан. Мындай кереметке көптөр күбө болушкан (Лука 8:49—56; Жакан 11:11—14, 38—44).