Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга жакындаткан билим

Кудайга жакындаткан билим

Жараткан Кудайдын кудурети күчтүү. Бирок анын мындан да көп сонун сапаттары бар. Ал биздин ал жөнүндө көбүрөөк билип, ага жакын болушубузду каалайт (Жакан 17:3; Жакып 4:8). Ошону үчүн өзү жөнүндө көп нерсе ачып берген.

Кудайдын ысымы бар

«Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин» (ЗАБУР 83:18).

Ыйык Китепте Жахабанын жалгыз чыныгы Кудай экени айтылат. Ал ай-ааламды жана андагы жандуу, жансыз нерселердин баарын жараткан. Ошондуктан бир гана Жахабага сыйынышыбыз керек (Аян 4:11).

Жахаба — сүйүүнүн булагы

«Кудай — сүйүү» (1 ЖАКАН 4:8).

Жахаба өзүнүн касиет-сапаттарын Ыйык Китеп жана бизди курчап турган табият аркылуу ачып берген. Анын сапаттарынын эң негизгиси — сүйүү. Ал эмне иш кылбасын баарын сүйүүсүнөн улам кылат. Жахабаны канчалык көбүрөөк биле берген сайын, ошончолук көбүрөөк жакшы көрө беребиз.

Жахаба — кечиримдүү Кудай

«Сен кечиримдүү... Кудайсың» (НЕКЕМИЯ 9:17).

Жахаба биздин пенде экенибизди билет. Ошон үчүн күнөөлөрүбүздү кечирет. Эгер андан кечирим сурап, жаман иш кылганыбызды токтотсок, ал бизди кечирет. Ошондой эле мурунку күнөөлөрүбүз үчүн жазалабайт (Забур 103:12, 13).

Жахаба тилегибизди кабыл кылат

«Жахаба Өзүн чакыргандарын баарына... жакын... Зарлаган үндөрүн угат» (ЗАБУР 145:18, 19).

Жахаба бизди угушу үчүн, кандайдыр бир диний каадаларды аткаруунун же буркандарга табынуунун кереги жок. Ал балдарын кунт коюп уккан мээримдүү атадай болуп, биз тиленгенде, дайыма угат.