Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жараткандын үй-бүлөгө берген акыл-насааты

Жараткандын үй-бүлөгө берген акыл-насааты

Нике жана балдар — Жаратканыбыз берген кымбат-баалуу белектер. Ал үй-бүлөбүз менен бактылуу жашашыбызды каалайт. Ошондуктан үй-бүлөлүк бакытка өбөлгө түзгөн осуяттарын Ыйык Китепке жаздырып койгон. Анда алардын айрымдарына токтололу.

Күйөөлөөр, аялыңарды сүйгүлө

«Күйөөлөр аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн эркек өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче, азыктандырып, бапестейт» (ЭФЕСТИКТЕР 5:28, 29).

Үй-бүлөнүн башчысы — эркек (Эфестиктер 5:23). Бирок жакшы күйөө катаал, өктөм эмес. Үйдөгүлөрүнөн көптү талап кыла бербейт. Ал аялын баалайт, иштеп аны жакшы багат, ошондой эле жакшы көрөрүн айтып турат. Аялы дайыма жадырап-жайнап жүрүшү үчүн, колунан келгенин баарын кылат. Өзүнүкүн бербей, өжөрлөнө бербейт (Филипиликтер 2:4). Ал аны кунт коюп угат, өзүнүн ой-сезимдерин да жашырбай айтат. Ал ага «каарданбайт», кол көтөрбөйт же кагып-силкпейт (Колосалыктар 3:19).

Аялдар, күйөөңөрдү урматтагыла

«Аял... күйөөсүн терең урматтасын» (ЭФЕСТИКТЕР 5:33).

Күйөөсүн урматтаган жана анын чечимдерин колдогон аял үйдө тынчтык болушуна салым кошот. Эгер күйөөсү туура эмес бир нерсе кылып алса, кемсинтпейт. Кайра, сабыр сактап, сылык сүйлөйт (1 Петир 3:4). Эгер кайсы бир көйгөй тууралуу сүйлөшкүсү келсе, ылайыктуу учур тандап, оюн жылуу-жумшак билдирет (Насаатчы 3:7).

Бири-бирине берилген жубайлардан болгула

«Эркек... аялы менен биригет да, экөө бир дене болот» (БАШТАЛЫШ 2:24).

Эркек менен аял баш кошкондо, ортосунда өзгөчө ынактык пайда болот. Ошол мамилеси салкындап кетпеши үчүн, алар чер жазыша сүйлөшүп, бири-бирине кичинекей болсо да жакшы иштерди кылып турушу керек. Ошондой эле жарынын көзүнө чөп салбашы керек. Бул таш боордукка жатат. Андай ишке баргандар ишеничтен кетет жана үй-бүлөсүн талкалайт (Еврейлер 13:4).

Ата-энелер, балдарыңарды тарбиялагыла

«Баланы туура жолго сал. Ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 22:6).

Ата-энелер балдарын тарбиялаганга Кудайдын алдында милдеттүү. Ошол милдетин жакшы аткарышы үчүн алар балдарын тартиптүү болгонго үйрөтүшү жана бул жагынан өздөрү жакшы үлгү болушу керек (Мыйзам 6:6, 7). Эгер баласы тентек кылса, эстүү ата-эне дароо эле урушуп кирбейт. Алар шак эле урушуп кирбей, адегенде баласын кунт коюп угушат (Жакып 1:19). Эгер тартипке салыш керек болсо, аша чаап кетпейт, ачууга алдырбайт.

Балдар, ата-энеңерди уккула

«Балдар,.. ата-энеңердин тилин алгыла... Ата-энең[ер]ди сыйлагыла» (ЭФЕСТИКТЕР 6:1, 2).

Балдар ата-энесинин тилин алып, аларды сыйлашы керек. Ошентишсе, аларды кубантышат жана үй-бүлөдө тынчтык, ынтымак болот. Ал эми эресеге жеткен балдар ата-энесин кантип сыйлашкан болот? Аларга жакшы кам көрүшү керек. Мисалы, үй жумуштарына кол кабыш кылып турушу же тыйын-тыпыр жагынан жардам берип турушу керек (1 Тиметей 5:3, 4).