Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БАКЫТТЫН ЖОЛУ

Кечиримдүүлүк

Кечиримдүүлүк

«БАЛА КЕЗИМДЕ ҮЙДӨ ЖҮРӨК ООРУТКАН СӨЗДӨРДҮ АЙТУУ, КЫЙКЫРЫК-ӨКҮРҮК БОЛО ЖҮРГӨН НЕРСЕ БОЛЧУ,— дейт Патрисиа.— Ошондон улам кечиримдүү болууга үйрөнгөн эмесмин. Чоңойгондон кийин да бир нече күн бою таарынып жүрө берчүмүн, анын айынан уйкум каччу». Ооба, дайыма ачууланып, нааразы боло бергендер бактылуу боло албайт, анын эч кандай пайдасы да жок. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, кечиримдүү эмес адамдар...

  • ачууга алдырып, башкалар менен мамилесин бузуп алгандыктан обочолонуп, жалгызсырашат

  • бат эле таарынып калышат, тынчсызданышат, атүгүл катуу көңүлү чөгөт

  • терс нерсеге көңүл топтой бергендиктен жашоодон кубаныч ала алышпайт

  • кечириши керектигин билип, бирок кечирбей жаткандыктан өздөрүн күнөөлөшөт

  • чоң стресске кабылышат, ошондой эле артрит, баш оору сыяктуу жан сыздаткан илдеттерге, жүрөк ооруларына чалдыгышы, кан басымы жогорулашы толук мүмкүн *

КЕЧИРИМДҮҮЛҮК ДЕГЕН ЭМНЕ? Кечиримдүү болуу деген — көңүлүңдү ооруткан кишини кечирүү, ачуудан, таарынычтан, өч алам деген ойдон арылуу. Ал туура эмес ишке көз жумуп коюуну, аны анча олуттуу эместей же такыр эле болбогондой кылып көрсөтүүнү билдирбейт. Кечиримдүүлүк — бул адамдын таарынткан кишиге болгон сүйүүсүнөн улам тынчтыкты сактап калууну, аны менен мамиле түзүүнү же ортодогу жакшы мамилени сактап калууну маанилүү деп эсептээрин көрсөткөн, терең ойлонуп чыгарган жеке чечими.

Кечиримдүү болгонубуздан түшүнүктүү экенибиз да көрүнөт. Кечире билген киши жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбосун жакшы түшүнөт (Римдиктер 3:23). Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле»,— делет (Колосалыктар 3:13).

Андыктан кечиримдүүлүк сүйүүнүн курамына кирген маанилүү сапат болуп саналат. Ал эми сүйүү — «биримдиктин жеткилең түйүнү» (Колосалыктар 3:14). Мейо клиникасынын веб-сайтына ылайык, кечиримдүү болсок...

  • таарынткан киши менен жакшы мамиледе болобуз, ага боорукердик, түшүнүү менен мамиле кылабыз

  • эмоциялык абалыбыз жакшырат, Кудай менен жакшы мамиледе болобуз

  • тынчсыздануу, стресс азыраак болот, кек сактабайбыз

  • катуу көңүл чөгөттүккө кабылбайбыз

ӨЗҮН-ӨЗҮ КЕЧИРҮҮ. Бир журналда жазылгандай, өзүн-өзү кечирүү абдан оор, бирок ал жан дүйнөбүздүн тынч, ден соолугубуздун чың болушу үчүн баарынан маанилүү («Disability & Rehabilitation»). Өзүбүздү кечирүүгө эмне жардам берет?

  • Өзүбүздөн жеткилеңдикти күтпөй, башкалардай эле ката кетирерибизди кабыл алуу (Насаатчы 7:20)

  • Кайталабаш үчүн катабыздан сабак алуу

  • Чыдамдуу болуу; айрым кемчиликтерден, жаман адаттардан арылуу үчүн убакыт керек (Эфестиктер 4:23, 24)

  • Бизди бекемдеген, оң маанай сактаган, боорукер, ошол эле учурда жаман жактарыбызды ачык айткан адамдар менен дос болуу (Накыл сөздөр 13:20)

  • Бирөөнү таарынтып алсак, аны моюнга алып, дароо кечирим суроо. Аны менен мамилебизди сактап калсак, жан дүйнөбүз тынч болот (Матай 5:23, 24)

ЫЙЫК КИТЕПТИН ТААСИРИ ЧОҢ

Макаланын башында айтылган Патрисиа Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында кечиримдүү болууга үйрөнгөн. «Жашоомду ууландырып келген ачуудан арылдым,— дейт ал.— Азыр мурдагыдай азап чекпейм, башкаларды да азапка салбайм. Ыйык Китептеги принциптер Кудайдын бизди сүйөрүн, бизге эң жакшысын каалаарын ырастап турат».

Рон деген киши мындай деген: «Мен башкалардын ой жүгүртүүсүн, иш-аракетин көзөмөлдөй албайм. Ал эми өзүмдүкүн көзөмөлдөй алам. Эгер башкалар менен тынчтыкта болгум келсе, таарынбашым керек. Тынчтык менен таарынычты түндүк менен түштүктөй көрө баштадым. Бир эле учурда эки жерде боло албасымды түшүндүм».

^ 8-абз. Булагы: Мейо клиникасынын веб-сайты жана Жонс Хопкинс атындагы медициналык веб-сайт, «Коомдук психиатрия жана психиатриялык эпидемиология» журналы.