Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БАКЫТТЫН ЖОЛУ

Үмүт

Үмүт

«Мен силерге... алаамат эмес, тынчтык берүүнү, келечек менен үмүт берүүнү ниет кылып жатам» (Жеремия 29:11).

«ҮМҮТ — БУЛ КУДАЙ МЕНЕН ЖАКШЫ МАМИЛЕДЕ БОЛУУ ҮЧҮН АБДАН ЗАРЫЛ НЕРСЕ. Ал — өзүңдү колуңан эч нерсе келбегендей сезгенде, жалгызсыраганда, кооптонгондо күч бере турган эң мыкты даба»,— делет бир китепте («Hope in the Age of Anxiety»).

Ыйык Китепте үмүттүн аябай зарыл экени айтылат, ошол эле учурда жалган үмүттөн сак болушубуз керектиги да эскертилет. Мисалы, анда: «Аттуу-баштууларга, куткара албай турган адам баласына таянбагыла»,— делет (Забур 146:3). Бизди куткарууга аракет кылып жаткан адамдарга эмес, убадаларынын баарын аткарууга кудурети жеткен Жараткан Кудайга таянганыбыз акылдуулукка жатат. Ал эмнелерди убада кылган? Келгиле анда, ошолорго токтололу.

ЫЙМАНСЫЗДЫК ЖОК БОЛОТ; АДИЛ АДАМДАР ТҮБӨЛҮККӨ ТЫНЧТЫКТА ЖАШАШАТ. Забур 37:10, 11де: «Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот... Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат»,— делет. 29-аятта болсо: «Адил адамдар... жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деп айтылат.

СОГУШ ТОКТОЙТ. Жахаба «жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот, жааны сындырып, найзаны талкалайт, согуш арабаларын отко жагат» (Забур 46:8, 9).

ООРУ, АЗАП-КАЙГЫ, ӨЛҮМ БОЛБОЙТ. «Кудайдын чатыры адамдардын арасында болот... Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (Аян 21:3, 4).

ЭЧ КИМ ТАМАК-АШТАН ӨКСҮБӨЙТ. «Дан жер бетинде мол болот, тоолордун чокусу эгинге толот» (Забур 72:16).

АДИЛЕТТҮҮ БИР ЭЛЕ ӨКМӨТ — МАШАЯКТЫН ПАДЫШАЛЫГЫ — БАШКАРАТ. «[Иса Машаякка] бардык элдер, улуттар, ар кандай тилдерде сүйлөгөндөр кызмат кылышы үчүн, ага бийлик, даңк, падышалык берилди. Анын бийлиги — кылымдан кылымга созула турган бийлик, падышалыгы — кыйратылбай турган падышалык» (Даниел 7:14).

Бул убадалардын аткарыларына эмне үчүн ишенсек болот? Жерде жүргөндө Иса пайгамбар мыкты падыша боло аларын далилдеген. Ал оорулууларды айыктырган, ачкаларды тойгузган, өлгөндөрдү тирилткен. Баарынан да анын окуулары маанилүү болгон. Анткени алар адамдардын түбөлүккө тынчтыкта, биримдикте жашашына шарт түзгөн принциптерди камтыган. Ошондой эле Иса келечекте, анын ичинде азыркы дүйнөнүн акырына аз калганда кандай окуялар болорун алдын ала айткан.

ЖАКШЫЛЫКТЫН ЖЫШААНЫ

Иса Машаяк акыркы күндөрдө тынчтык, коопсуздук эмес, аларга карама-каршы келген нерселер көп болорун пайгамбарлык кылган. Ал сөз кылган «бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын» көрсөткөн белги өз ичине эл аралык согуштарды, ачарчылыкты, жугуштуу ооруларды жана катуу жер титирөөлөрдү камтыйт (Матай 24:3, 7; Лука 21:10, 11; Аян 6:3—8). Ал: «Мыйзамсыздык күч алгандыктан, көбүндө сүйүүнүн илеби кайтат»,— деп да айткан (Матай 24:12).

Адамдардын ортосундагы мамиленин муздап баратканы көп нерседен байкалууда. Ал тууралуу Ыйык Китепти жазууга катышкан бир киши сөз кылган. Мисалы, ал 2 Тиметей 3:1—5-аяттарда жазгандай, «акыркы күндөрдө» адамдар өзүн-өзү, акчаны, ыракатты сүймөк, текебер, ачуулуу болушмак. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда ынактык жок болмок, балдар ата-энесине баш ийбес болушмак. Диний эки жүздүүлүк кеңири жайылмак.

Мындай окуялар бул дүйнөнүн акырына аз калганын көрсөтүп турат. Ошондой эле Кудайдын Падышалыгынын жакында бийлик кыла баштай турганынан кабар берет. Иса акыркы күндөр жөнүндө сөз кылганда: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деп да ынандырган (Матай 24:14).

Бул жакшы кабар ыймансыздарга эскертүү берет, ал эми адил адамдарга үмүт тартуулап, аларды Кудай убада кылган нерселердин баары жакында сөзсүз аткарыларына ынандырат. Ал баталар тууралуу көбүрөөк билгиңер келеби? Анда ушул журналдын акыркы бетин окуп көргүлө.