Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Канткенде ынтымак ыдырабайт?

Канткенде ынтымак ыдырабайт?

Фрэнк менен Жерри жакшы коңшулардан болчу *. Бирок бир күнү Жерри түнгө чейин конок тосуп, кошунасына тынчтык бербей койгондо, Фрэнк барып, нааразылыгын айтат. Бул Жерриге катуу тийип, экөө кер-мур айтыша кетишет. Ошентип, бири-биринен оолактап калышат.

УШУ СЫЯКТУУ жагдайга көптөр туш болот. Эки киши келише албай калганда көбүнчө жаман-жакшы айтыша кетишет. Эгер алар элдешип, мамилесин оңдогонго аракет кылбаса, таптакыр жүз карашпай калышы да мүмкүн.

Балким, силер да ушундай жагдайга кабылгандырсыңар. Чынында, эч ким уруш-талашты каалабайт. Баарыбыз эле кошуналарыбыз, досторубуз менен ынтымакта болгубуз келет. Бирок кээде башкалар менен ыркыбыз келишпей калат. Андайда эмне кылсак болот? Бирөө жүрөгүбүздү оорутса, ага көп маани бербей кечирип коё алабызбы? Ортодогу келишпестикти уруш-талашсыз эле чечсе болобу?

Фрэнк менен Жерринин жагдайын талдап көрөлү. Алардын чатакташып кетишине 1) Жерринин башкалардын тынчын алам деп ойлобогону, 2) Фрэнктин катуу айтып алганы, 3) экөөнүн тең ачууга алдырып койгону жана 4) бири-бирине эрегишип туруп алганы себеп болгон.

Бирок кийинчерээк экөө тең туура эмес кылганын түшүнүшкөн да, өткөндү сууга салып элдешишкен. Алар эмнеден улам элдешип калган? Экөө тең көптөргө араздашып кетпегенге эле эмес, достугун ого бетер чыңдаганга жардам берген кеңештерди колдонушкан.

Ал кеңештер дүйнө жүзүнө эң кеңири тараган Ыйык Китепте камтылган. Ыйык Китеп кыраакылык, түшүнүктүүлүк, боорукердик, сүйүү жана чыдамдуулук деген сыяктуу сапаттарды өрчүтүүгө жардам берет. Мындай сапаттар башкалар менен ынтымакта болууга, элдешүүгө өбөлгө түзөт (Накыл сөздөр 14:29; 1 Корунттуктар 13:4, 5).

Фрэнк менен Жерринин окуясы — Ыйык Китептин адамдын жашоосун өзгөртө аларынын бир эле далили. Ыйык Китепти  окуган башка көптөгөн адамдар, атүгүл жаман сапаттары кан-жанына сиңип калгандар да өзгөрүшкөн. Мисалы, австралиялык Роберттин мүнөзү катаал болчу, бирок кийин ал өзгөргөн. Ал эми Тимор-Лестеде жашаган Нелсон жүрөгүнөн терең тамыр алган жек көрүү сезиминен арылып, мурунку душманы менен ынак дос болуп калган. «Ойгонгула!» журналы Роберт менен Нелсонго Ыйык Китепте жазылгандар кандайча жардам бергенин сурап, бир нече суроо менен кайрылды.

1-ДИЛ МАЕК

РОБЕРТ, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

Мен кордук көрүп чоңойгом. Анткени атам заардуу киши болчу. Ал мени көп сабачу, кээде канжалаганча, эсим оогончо сабап салчу. Ошон үчүн менин да мүнөзүм катаал боло баштады. Өспүрүм кезде түзөтүү мектебинде эки жыл окудум. Кийинчерээк оор кылмыш кылып, катуу режимдеги абакка отуруп калдым. Ал жактан чыккандан кийин оңолуп, адамча жашайын деп Австралияга көчүп кеттим.

Роберттин мүнөзү катаал болчу, ал түрмөгө да отуруп чыккан

Ал жакка барганыңыз жардам бердиби?

Мага оңолгонго, негизинен, көчүп барганым эмес, Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдегеним түрткү берди. Бирок жаман мүнөзүм менен көпкө чейин күрөшүп жүрдүм. Ошонун айынан кээде көңүлүм чөгүп, өзүмдү эч нерсеге татыксыз сезип кетчүмүн. Бир күнү Ыйык Китептеги: «Адамдын түшүнүктүүлүгү ачуусун басат, анын көркү айыпка маани бербегенинде»,— деп жазылгандар жөнүндө ой жүгүрттүм (Накыл сөздөр 19:11). Түшүнүктүү адам болуш үчүн башкалардын сезимдеринин, сөздөрүнүн, иштеринин артында эмне турары тууралуу ойлоно баштадым. Ошонун аркасында мурдагыга караганда түшүнүктүү, сабырдуу жана кечиримдүү боло баштаганымды байкадым.

Эмнеден улам байкадыңыз?

Бир жолу жаман оюм жок эле бир досумду капа кылып алдым. Ал мени элдин көзүнчө катуу кагып салды. Ачыгын айтсам, аябай жаман болдум. Бирок Ыйык Китептеги: «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле»,— деген кеңешти эстедим да, дароо кечирим сурадым (Римдиктер 12:17). Ачуусу тараганда, досум менен сүйлөшүп, үйүндөгү көйгөйлөрдөн улам капа болуп жүргөнүн билдим. Ошентип, экөөбүз элдешип калдык, кийинчерээк ал мага жакшы плащ белек кылды. Ал мага катуу айтканда мурунку кыялымды карматып уруша кетсем эмне болмоктугун ойлогондо коркуп кетем.

Үйдө келишпестик болгондо, кантип чечесиз?

Жубайым экөөбүз бир уулду тарбиялап чоңойттук. Ал азыр 20 жашка чыгып калды. Биздин үй-бүлөдө, башка үй-бүлөдөгүлөрдөй эле, келишпестик болбой койбойт. Бирок аларды чечкенге Ыйык Китептен билгендерим жардам берет. Мен көп нерсени, анын ичинде кечирим суроонун маанилүү экенин билдим. Чын ниеттен кечирим сурасаң, чын эле, көп чыр-чатактан алыс болот экенсиң.

 2-ДИЛ МАЕК

НЕЛСОН, сиздин күлүмсүрөгөн жүзүңүздү, жылуу-жумшак сүйлөгөнүңүздү карап туруп, мурда кимдир-бирөөнү жек көргөнүңүзгө ишенүү кыйын болуп турат. Чын эле ошондой болду беле?

Ооба. Жаш кезимде өкмөткө каршы чыккан саясий топтун мүчөсү болчумун жана менин аймагымды көзөмөлгө алгысы келген башка саясий топтун мүчөлөрүн жек көрчүмүн. Жакшы күрөшүш үчүн кармашуу чеберчилигин да үйрөнгөм. Кимдир бирөө жиниме тийсе, шак эле сабап салчумун.

Нелсон жаш кезинде өкмөткө каршы чыккан саясий топтун мүчөсү болгон

Өзгөрүшүңүзгө эмне түрткү берди?

Мен Ыйык Китепти окуп, анда жазылгандарды колдоно баштадым. Мага, өзгөчө, эки аят аябай таасир этти. Биринчисинде: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла»,— деп айтылат (Матай 7:12). Экинчисинде болсо: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— делет (Матай 22:39). Мага Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген Жахабанын Күбөлөрү расасы, тек жайы ар кандай болгонуна карабай, бардыгына сүйүү, боорукердик менен мамиле кыларын байкадым. Анан мен да алардай болгум келди. Эски тааныштарым мага аябай таң калып, менден коркпой калганына караганда, чын эле өзгөрдүм окшойт.

Ачууга алдырып койгон учурларыңыз болду беле?

Элдин көзүнчө сабырдуу эле болчумун, бирок үйдө кээде ачууга алдырып койчумун. Бир жолу ачуумду баса албай калып, аялымды уруп жибергем. Ошенткениме азыр аябай өкүнөм. Ал мени кечирди. Анын кечиргени ачууга алдырбай, сабырдуу болгонго ого бетер чечкиндүү болууга түрткү берди.

Башкалар менден коркпой калды деп айтпадыңызбы, ошол тууралуу айтып берсеңиз.

Бир жолу мурдагы атаандаш саясий топтун белгилүү бир мүчөсүнө кезигип калдым. Анын аты Аугусту болчу. Башында ал мага анча ишенбей турду. Бирок мен жылуу-жумшак сүйлөп, өткөн-кеткенди сууга салып, баарын унуталы дедим. Анан аны конокко чакырдым. Ал сунушумду кабыл алып конокко келди. Менин ушунчалык өзгөргөнүмө аябай таң калгандыктан, ал да Ыйык Китепти изилдей баштады. Азыр ал менин жакын досум эле эмес, Кудай кошкон бир тууганым.

 Баары менен ынтымакта болууга аракет кылгыла

Келишпестик, чыр-чатактын себеби ар кандай болот. Ошондой эле силер араздашпаганга аракет кылсаңар да, башкалар аракет кылбашы мүмкүн. Ошо себептен Ыйык Китепте: «Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула»,— деген кеңеш берилет (Римдиктер 12:18).

Бул макалада аты аталган адамдар Ыйык Китептеги кеңештер адамды чын эле өзгөртө аларын далилдеп турат. Эгер ал кеңештерди колдонсок, атүгүл кан-жаныбызга сиңип калган терс сапаттарыбыздан да арыла алабыз (2 Корунттуктар 10:4). Сулайман пайгамбар Кудайдын кеңештери тууралуу: «Анын жолдору жагымдуу, бардык жолдору — тынчтык. Акылмандыкка ээ болгондор үчүн ал — өмүр дарагы. Ага бекем кармангандарды бактылуу дешет»,— деген (Накыл сөздөр 3:17, 18).

Нелсон менен Аугусту азыр ынак достор

Баары менен жакшы мамиледе болгуңар келеби? Достугуңар сыналган учурда да досуңар менен болгон мамилеңердин үзүлбөшүн каалайсыңарбы? Анда Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуп көргүлө, ошентсеңер, жакшы натыйжага жетесиңер.

^ абз. 3 Ысымдар өзгөртүлдү.