Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билим, акча жакшы жашоонун пайдубалыбы?

Билим, акча жакшы жашоонун пайдубалыбы?

Көптөр илим-билимдүү болсоң, чөнтөгүң калың болсо, келечектен кооптонбойсуң деп ойлошот. Алар университеттен жогорку билим алсаң, мыкты жумушчу болосуң, коомго да пайдаң тиет деп ишенишет. Мындан тышкары, ошонун аркасында айлыгы жакшы жумушка орношуп, көп акча таап, бактылуу жашайсың деген ойдо.

ЖОГОРКУ БИЛИМДИ ТАНДАГАНДАР

Кытайда жашаган Жэн Чиндин айткандарына көңүл бурсаңар. Ал мындай дейт: «Жакырчылыктан чыгыш үчүн жогорку билим алышым керек. Антпесем, маянасы жакшы жумуш таба албай, эптеп эле күн көргөн бир байкуш болуп калам деп ойлогом».

Эртеңки күндөн коркпой жашаш үчүн көптөр атактуу университеттерге тапшырышат. Атүгүл башка өлкөлөргө барып окуп келишет. COVID-19 пандемиясы күч алганга чейин чет өлкөдөгү айтылуу университеттерден билим алгысы келгендердин саны барган сайын өсүп жаткан. Кызыктуусу, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун 2012-жылдагы отчётунда айтылгандай, «чет өлкөдө окуган студенттердин 52 пайызын азиялыктар түзөт».

Балдарын чет өлкөдөн окутуш үчүн ата-энелер көп учурда жанын сабап иштешет. Тайванда жашаган Чишеяң мындай дейт: «Ата-энем колунда жок карапайым эле кишилер. Ошого карабай төртөөбүздү тең АКШдагы университеттерге тапшыртышкан». Окуусунун акысын төлөш үчүн, башка үй-бүлөлөрдөй эле, анын үй-бүлөсү да карызга белчесинен батып калган.

ЖАРДАМЫ ТИЙИП ЖАТАБЫ?

Жогорку билимге, байлыкка умтулгандардын көбү көңүл кайттыкка учурайт

Билимдин кандайдыр бир деңгээлде пайдасы бар. Бирок көп учурда билим алгандардын көбүнүн ойлогон ою ишке ашпайт. Мисалы, алар окуусуна төлөш үчүн канчалаган жылдар бою баш көтөрбөй иштешет, карызга батышат. Анткен менен окууну бүтүргөндөн кийин кесиби боюнча жумуш таба алышпайт. Сингапурдагы «Бизнес таймс» гезитине Рэйчел Муй деген журналист мындай деп жазган: «Жогорку окуу жайды бүтүрүп, бирок жумуш таппай жаткандардын саны күн санап өсүп жатат». Тайванда жашаган доктур наамынын ээси Жиэнжи болсо: «Көптөр башка аргасы жок болгондуктан эле кесиби менен такыр байланышта болбогон жумуштарда иштеп жатышат»,— деген.

Кесиби боюнча иш тапкандардын деле үмүтү таш каап, каалаганына жетпей келет. Англияга барып окуп келген таиланддык Ниран кесиби боюнча жумуш тапкан. Ал мындай дейт: «Өзүм ойлогондой, жогорку билим алып, айлыгы жакшы жумушка орноштум. Бирок көп акча алам десең, ошончо кара жаныңды карч уруп иштеп, ошончо убактыңды сарпташың керек экен. Акыры, ошончо иштесем деле кесиптештеримдин көбү менен жумуштан айдалдым. Ошондо бир нерсени түшүндүм: кайсы жерде иштебе, бир да жумуш келечегиңди коопсуз кыла албайт экен».

Атүгүл байлардын, жакшы жашагандардын деле үй-бүлөсүндө көйгөйлөр болот, оорунун азабын тартышат, акчасын ойлоп санаа тартышат. «Каалаганымды кийип, каалаганымды иччүмүн. Бирок кесиптештеримдин атаандашканы, көз артканы, катаалдыгы көкөйгө тийген»,— дейт жапониялык Катсутоши. Ал эми вьетнамдык Лам деген аял мындай дейт: «Көптөр эч нерседен кем болбой жашайм деген ойдо айлыгы жакшы жумуштарга орношконго аракет кылышат. Чындыгында тескерисинче болуп чыгат. Маселен, алар эртеңкини ойлоп сарсанаа болушат, ден соолугу начарлайт, жан дүйнөсүнүн тынчы кетет, көңүл чөгөттүккө кабылышат».

Көптөр Франклин сыяктуу эле жашоодо билим менен байлыктан алда канча маанилүү нерселер бар экенин түшүнүшкөн. Алар жакшы жашаш үчүн дүнүйө-мүлккө жутунбай, жакшы адам болгонго, башкаларга жакшылык кылганга умтулушат. Бирок бул алардын келечегинин жакшы болушуна жол ачабы? Бул суроонун жообу кийинки макалада талкууланат.