Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү билим алууга кандай карайт?

Жахабанын Күбөлөрү билим алууга кандай карайт?

 Биздин билим алууга карата болгон көз карашыбыз Ыйык Китептеги принциптерге негизделет. Жахабанын Күбөлөрүнүн ар бири төмөнкүдөй принциптерди кантип колдонууну Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийирине жараша өзү чечет a.

 Билим алуу зарыл

 Билим Ыйык Китепте баса белгиленген абдан баалуу сапаттарды — «акылмандыкты, ой жүгүртүү жөндөмүн» — өрчүтүүгө жардам берет (Накыл сөздөр 2:10, 11; 3:21, 22). Мындан тышкары, Иса пайгамбар жолдоочуларына өзү буйругандардын баарын башкаларга үйрөтүшү керектигин айткан (Матай 28:19, 20). Андыктан биз ишенимдештерибизди ар тараптуу билим алууга, анын ичинде окуганды, жазганды, башкалар менен тил табыша билгенди b үйрөнүүгө, ошондой эле башка диндер, маданияттар жөнүндө билим алууга үндөйбүз (1 Корунттуктар 9:20—22; 1 Тиметей 4:13).

 Өкмөттөр да билимдин маанилүү экенине толук кошулушат. Ошондуктан балдардын башталгыч жана орто билим алышын талап кылат. Биз мындай мыйзамдарга баш иебиз, анткени Ыйык Китепте: «Ар бир адам жогорку бийликтерге баш ийсин»,— деп жазылган (Римдиктер 13:1). Мындан тышкары, балдарыбызды мектептен эптеп эле эмес, тырышып, жакшы окуганга үндөйбүз c. Себеби Ыйык Китепте: «Эмне иш аткарсаңар да, аны адамдар үчүн эмес, Жахаба үчүн кылгандай, жан-дилден кылууга умтулгула»,— деп жазылган (Колосалыктар 3:23).

 Билим үй-бүлөбүзгө кам көрүүгө шарт түзөт. Ыйык Китепке ылайык, «ким жакындарына, айрыкча, өз үйүндөгүлөрүнө кам көрбөсө, ал ишенимден баш тарткан болот. Андай адам ишенбегендерден да жаман» (1 Тиметей 5:8). Билим алуу үй-бүлөбүздүн алдындагы ыйык милдетибизди аткарып, жакындарыбызга кам көрүүгө көмөк кылат. «Уорлд бук энциклопедиясында» айтылгандай, билимдин негизги максаты — «адамдарды акча таап иштеген жумушчулар катары... коомго пайдасын тийгизген жарандардан болууга жөндөмдүү кылуу». Өз ишин мыкты билген, билимдүү киши эч нерсени үйрөнбөгөн жана башталгыч билим албаган кишиге караганда үй-бүлөсүнө жакшы кам көрө алат (Накыл сөздөр 22:29).

 Ата-энелер балдарын жетилген куракка жакшы даярдоо менен да аларга кам көрүшөт. Балдарды мектепте окутуу ошол максатка жетүүгө шарт түзөт (2 Корунттуктар 12:14). Биз ата-энелерди, атүгүл билим алуу кыйын же акылуу болгон, маданиятка каршы келген жактарда жашагандарды да, балдарынын негизги билимди алышына кам көрүүгө үндөйбүз d. Ошондой эле ата-энелер балдарынын жакшы билим алышына кантип жардам берсе болоруна байланыштуу кеп-кеңештерди берип турабыз e.

 Билим алууга байланыштуу чечим чыгарууда кылдат таразалоо

 Билим алууга байланыштуу чечим чыгарууда баарын кылдат таразалайбыз. Ыйык Китепте: «Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет, ал эми баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 14:15). Кошумча билим алууга байланыштуу чечим чыгарууда жана анын оң-терс жактарын таразалоодо ушул принципти колдонобуз. Маселен, кесиптик окуу жайлардан билим алуу убакытты туура колдонгонго көмөк кылат.

 Кудай жөнүндөгү билим кадимки билимден жогору турат. Кадимки билимден айырмаланып, Ыйык Китепке негизделген билим Кудайды таанып-билип, түбөлүк өмүр алууга жол ачат (Жакан 17:3). Ошондой эле адеп-ахлак нормаларын, «адилдикти, акыйкаттыкты, чынчылдыкты — жакшылыктын бүт жолун», үйрөтөт (Накыл сөздөр 2:9). Элчи Пабыл, азыркы тил менен айтканда, жогорку окуу жайын бүтүргөн, ошентсе да ал «Машаяк Иса жөнүндөгү» билим «теңдешсиз билим» экенин айткан (Филипиликтер 3:8; Элчилер 22:3). Ошо сыяктуу эле, бүгүнкү күндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн көбү чоң окуу жайларынан билим алышат, бирок Кудай жөнүндөгү билимдин баарынан жогору турарына толук ишенишет f.

Кудай жөнүндөгү билим эң сонун адеп нормаларына үйрөтөт

 Жогорку билим адамдын Кудай менен болгон мамилесине, адеп-ахлактуулугуна зыян келтириши мүмкүн

 Сулайман пайгамбар айткандай, «кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат» (Накыл сөздөр 22:3). Жахабанын Күбөлөрү чоң окуу жайларынын айрымдарынан билим алуу Кудай менен болгон мамилесине, адеп-ахлактуулугуна зыян келтириши мүмкүн деп эсептешет. Ошо себептен алардын көбү ошондой окуу жайлардан билим албай эле коюуну же балдарын окутпай эле коюуну туура көрүшөт. Андан тышкары, алар ал жактарда төмөнкүдөй жаңылыш түшүнүктөр таңууланат деген көз карашта.

  •   Жаңылыш түшүнүк: Акчаң болсо, бактылуу болуп, коопсуз жашайсың

     Жогорку билимди алгандар маянасы жакшы жумушта иштешет деп көп айтылгандыктан, акча табуу максатында гана жогорку окуу жайларга тапшыргандардын саны өсүүдө. Көптөр акчаң болсо, бактылуу болуп, коопсуз жашайсың деп ойлошот. Бирок Ыйык Китептен мындай көз карашта болуу курулай убаракерчилик экенин билүүгө болот (Насаатчы 5:10). Баарынан маанилүүсү, анда «акчага болгон сүйүү — бүт жамандыктын тамыры» экени жана көптөр акчанын айынан Кудайга ишенбей калары айтылат (1 Тиметей 6:10). Жахабанын Күбөлөрү «алдама байлыктын» торуна түшүп калбаш үчүн бүт күчүн жумшашат (Матай 13:22).

  •   Жаңылыш түшүнүк: Жогорку билим кадыр-баркка, мансапка ээ кылат

     Грузиянын мурунку премьер-министри Ника Гилаури мекендештеринин көз карашы тууралуу мындай деген: «Университеттик даражаларга ээ болуу Грузиянын статустук символу катары эсептелет... [Мурун] мындай даражага ээ болбогон жаштар үй-бүлөсүн уятка калтыргандар деп саналчу» g. Ыйык Китепте, тескерисинче, дүйнөдө көрүнүктүү абалга умтулбашыбыз керектиги эскертилет. Иса пайгамбар өз күндөрүндөгү атак сүйгөн диний жетекчилерге: «Бири-бириңерден даңк издеп жатсаңар, кантип ишенесиңер?» — деп айткан (Жакан 5:44). Жогорку окуу жайлары Кудай жек көргөн текебердикти өрчүтүүгө түртүшү мүмкүн (Накыл сөздөр 6:16, 17; 1 Петир 5:5).

  •   Жаңылыш түшүнүк: Эмне жаман, эмне жакшы экенин ар бир адам өзү чечет

     Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын жаман-жакшыга байланыштуу нормаларына карманышат (Ышая 5:20). Ичимдикке, баңгизатка байланыштуу бир журналда чөйрөдөгү кысымдан улам көптөгөн студенттердин «жаман-жакшыга карата болгон калыптанган көз карашына каршы келген иштерди кылары» жазылган h. Бул Ыйык Китептеги: «Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенин тастыктап турат (1 Корунттуктар 15:33). Жогорку окуу жайларында окугандардын көбү Кудай жек көргөн иштерди кылышат. Алсак, ичкиликке, баңгизатка берилип кетишет, никеден тышкаркы жыныстык катнашка барышат. Атүгүл башкаларды да ошондой кылууга үндөшөт (1 Корунттуктар 6:9, 10; 2 Корунттуктар 7:1).

  •   Жаңылыш түшүнүк: Жогорку билим дүйнөнү жакшыртууга өбөлгө түзөт

     Албетте, көптөр байлыкка, мансапка жетип, рахат алыш үчүн эмес, өздөрүн да, дүйнөдөгү абалды да жакшыртыш үчүн жогорку билимге умтулушат. Бул арзырлык максат болсо да, Жахабанын Күбөлөрү башка жолду тандашат. Иса пайгамбардай болуп, алар Кудайдын Падышалыгы гана дүйнөдөгү абалды жакшы жакка өзгөртө аларына ишенишет (Матай 6:9, 10). Бирок биз дүйнөдөгү көйгөйлөрдүн баарын Кудайдын Падышалыгы чечип берет деп кол куушуруп отура бербейбиз. Иса пайгамбарга окшоп, «Падышалык жөнүндөгү» жакшы кабарды дүйнө жүзүнө таратып, жыл сайын жүз миңдеген кишилерге жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө жардам берип келебиз i (Матай 24:14).

a Жахабанын Күбөсү болгон жаштар ата-энесинин билим алууга болгон көз карашы Кудайдын мыйзамдарына каршы келбесе, алар менен бирге жашап жаткан маалда аларга баш иет (Колосалыктар 3:20).

b Ошо себептен биз кат-сабатты жоюуга жардам берген «Окууга жана жазууга машык» деген сыяктуу окуу куралдарынын 11 миллиондон ашык нускасын басып чыгарып келебиз. Андан сырткары, дүйнө жүзү боюнча 120 тилде кат таанытуу курстарын акысыз өткөрөбүз. 2003—2017-жылдар аралыгында 70 000дей кишиге окуганды, жазганды үйрөттүк.

c «Мектепти таштаганым туурабы?» деген макаланы карагыла (ор.).

d Мисалы, ата-энелерге уулдарын да, кыздарын да мектепте окутууга үндөйбүз. «Күзөт мунарасынын» 2003-жылдын 15-мартындагы санына чыккан «Баламды мектепке беришим керекпи?» деген макаланы карагыла (ор.).

f jw.org/ky сайтындагы «Тиричиликтин пайда болушуна байланыштуу пикирлер» деген бөлүктү карагыла.

g «Practical Economics: Economic Transformation and Government Reform in Georgia 2004—2012», 170-бет.

h «Journal of Alcohol and Drug Education», 61-том, № 1, 2017-жыл, апрель, 72-бет.

i Кудайдын Сөзүнүн жана Падышалык жөнүндөгү кабардын канчалык таасирдүү экенин көрсөткөн өмүр баяндарды окуш үчүн jw.org/ky сайтындагы «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» деген рубриканы карагыла.