Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

28-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кудайдан коркуунун пайдасы

Кудайдан коркуунун пайдасы

«Түз жолдо жүргөндөр Жахабадан коркушат» (НАКЫЛ 14:2).

122-ЫР: Бекем, туруктуу бололу!

БУЛ МАКАЛАДА a

1, 2. Лоттун күндөрүндөй эле, бүгүнкү күндөгү Машаяктын жолдоочулары кандай кыйынчылыкка кабылып жатышат?

 БҮГҮНКҮ күндө көптөрдүн бузулуп баратканын көргөндө адил Лоттукундай сезимде болобуз. Ал «мыйзамсыздардын ооздукталбаган уятсыз жүрүм-турумунан улам катуу кыйналган». Анткени Жахабанын андай иштерди жек көрөрүн билген (2 Пет. 2:7, 8). Лот Кудайдан корккондуктан жана аны жакшы көргөндүктөн замандаштары кылган адеп-ахлаксыз иштерден качкан. Биз да Жахабанын адеп-ахлак нормаларын баркка албаган же такыр эле четке каккан адамдардын арасында жашап жатабыз. Ошентсе да Жахабага болгон сүйүүбүздү ысык сактасак жана аны терең урматтасак, ыпылас иштерден алыс боло алабыз (Накыл 14:2).

2 Жахаба бизге туура иш кылганга түрткү бериш үчүн Накыл сөздөр китебиндеги кеңештерди жаздырып койгон. Ал китепте жазылган акылман кеңештерден жаш-кары, эркек-аял дебей, баары пайда алышат.

КУДАЙДАН КОРКУУ КОРГОЙТ

Жумуштан Жахабаны урматтабагандар менен достошкондон жана ага жакпаган иштерге аралашып калгандан канткенде сак боло алабыз? (3-абзацты карагыла)

3. Накыл сөздөр 17:3кө ылайык, жүрөгүбүздү коргошубуз керектигинин маанилүү себеби кайсы? (Сүрөттү да карагыла.)

3 Каймана жүрөгүбүздү сакташыбыз керектигинин маанилүү себеби — Жахаба жүрөгүбүздү изилдейт. Жахаба башкаларга кандай көрүнүп жатканыбыздан да көптү көрө алат жана ички дүйнөбүздүн кандай экенин билет. (Окугула: Накыл сөздөр 17:3.) Акыл-эс казынабызды анын түбөлүк өмүр берүүчү акылмандыгына толтурсак, анын сүйүүсүнө татыйбыз (Жкн. 4:14). Ошондо адеп-ахлаксыздыкка жана Шайтандын, анын дүйнөсүнүн ууландырган таасирине алдырбайбыз (1 Жкн. 5:18, 19). Жахабага канчалык жакындаган сайын, аны ошончолук сүйүп, урматтай беребиз. Атабыздын жүрөгүн ооруткубуз келбегендиктен, керек болсо күнөөгө түртө турган ойду жаныбызга жакын жолотпойбуз. Азгырык пайда болгондо: «Мени ушунчалык жакшы көргөн асмандагы Атамдын жүрөгүн кантип эле атайылап оорутмак элем?» — деп ойлонуп көрсөк болот (1 Жкн. 4:9, 10).

4. Бир ишенимдешибизге Жахабадан корккону азгырыкка туруштук бергенге кандайча жардам берген?

4 Ыпылас ишке азгырылган хорватиялык Марта деген ишенимдешибиз мындай деп жазган: «Азгырык пайда болгондо тунук ой жүгүртүш жана күнөөнүн убактылуу ырахатына батууга болгон каалоону басыш оңойго турбайт экен. Бирок Жахабадан коркконум мени коргоду» b. Бул аны кандайча коргогон? Марта ыпылас ишке барганынын кесепети кандай болору тууралуу ойлонгонун айткан. Биз да ошенте алабыз. Күнөөнүн эң чоң залакасы — Жахабанын жүрөгүн оорутабыз жана ага түбөлүккө кызмат кыла албай калабыз (Башт. 6:5, 6).

5. Леонун башынан өткөндөрүнөн эмнени биле алабыз?

5 Эгер Жахабадан корксок, жаман чөйрөдөн алыс болобуз. Конгодо жашаган Лео мунун канчалык маанилүү экенин түшүнгөн. Чөмүлгөнүнө 4 жыл болгондон кийин ал жаман иштерди кылгандар менен дос болуп кеткен. Ал: «Мен ыпылас иштерге аралашпай элемин да, ошон үчүн булар менен жүргөнүмдүн жаман деле жери жок»,— деп ойлонгон. Көп өтпөй ошол достору менен көп ичип алып, бузуктукка барган. Күнөө кылып алгандан кийин ата-энесинин айткандары, мурун канчалык бактылуу экени жөнүндө ойлоно баштаган. Акыры, эсине келип, аксакалдардын жардамы менен Жахабага кайтып келген. Бүгүн ал аксакал жана атайын пионер болуп Жахабага кубанычтуу кызмат кылып жатат.

6. Каймана маанидеги кайсы 2 аял жөнүндө сүйлөшөбүз?

6 Келгиле эмесе, Накыл сөздөр 9-бөлүмдөгү каймана маанидеги эки аял жөнүндө сүйлөшөлү. Алардын бири акылмандыкты, экинчиси акылсыздыкты билдирет c. 9-бөлүмдү карап жатканда Шайтандын дүйнөсүндөгүлөрдүн эси-дартынын баарын адеп-ахлаксыздык жана порнография ээлеп алганын эсиңерден чыгарбагыла (Эф. 4:19). Ошондуктан Жахабадан коркуп, жамандыктан оолак боло бергенибиз аябай маанилүү (Накыл 16:6). Бул бөлүмдү карап чыгуудан эркекпизби, аялбызбы — баарыбыз пайда аларыбыз шексиз. Ал эки аял тең тажрыйбасыздарга: «Үйүмө келип, тамак ичип кет»,— деп жаткандай сүрөттөлөт (Накыл 9:1, 5, 6, 13, 16, 17). Бирок алардын кимисиникине кирсең, натыйжасы ошого жараша болот.

АКЫЛСЫЗ АЯЛДЫ УКПАГЫЛА

«Акылсыз аялды» уккандар каргашага кабылат (7-абзацты карагыла)

7. Накыл сөздөр 9:13—18-аяттарга ылайык, акылсыз аялды уккандар эмне болот? (Сүрөттү да карагыла.)

7 Анда «акылсыз аялдын» башкаларды эмне деп чакырарына токтололу. (Окугула: Накыл сөздөр 9:13—18.) Ал уялбай туруп, тажрыйбасыздарды үйүнө тамак ичип кетүүгө чакырат. Анын үйүнө баргандар эмне болот? Анын үйүнө киргендер «күчсүз өлүктөр жаткан жайга» түшөт. Балким, Накыл сөздөр китебинин мурунку бөлүмдөрүндө да ушул сыяктуу каймана мааниде айтылган салыштыруу бар экенин эстедиңер болуш керек. Ал жакта «чоочун аялдан» жана «бөтөн жерлик аялдан», башкача айтканда, бузулган аялдан сак болушубуз керектиги эскертилет. Анын «үйү өлүмгө... алпарары» да айтылат (Накыл 2:11—19). Накыл сөздөр 5:3—10-аяттарда «буту өлүмгө түшүргөн» дагы башка чоочун аял жөнүндө сөз жүрөт.

8. Кээ бир учурларда кандай чечим чыгарышыбыз керек болот?

8 «Акылсыз аялдын» чакырыгын уккандар ага кулак салар-салбасын чечиши керек болот. Бизге да ушундай чечим чыгарганга туура келиши мүмкүн. Кимдир бирөө бизди бузуктукка түрткөнгө аракет кылса же Интернеттен кокусунан порнография чыга калса, эмне кылабыз?

9, 10. Жыныстык адеп-ахлаксыздыктан эмне үчүн качышыбыз керек?

9 Жыныстык адеп-ахлаксыздыкты четке кагышыбыз керектигинин олуттуу себептери бар. Накыл сөздөрдө «акылсыз аялдын»: «Уурдап ичкен суу таттуу»,— деп айтып жатканы сүрөттөлөт. «Уурдап ичкен суу» деген эмнени билдирет? Ыйык Китепте жубайлардын ортосундагы жыныстык мамиле сергиткен сууга салыштырылат (Накыл 5:15—18). Никеси мыйзамдуу түрдө катталган жубайлар ыпылас иш-аракеттер менен коштолбогон жыныстык мамиледен ырахат ала алат. Ал эми «уурдап ичкен суу» — никеге турбай туруп эле жыныстык мамиледе болуу — тууралуу минтип айтканга болбойт. Мындай бузуку иштер уурулук кылганга окшоп, көп учурда жашыруун жасалат. «Кыңыр ишибизди эч ким билбей калат»,— деп ойлогондор үчүн «уурдап ичкен суу» таттуудай сезилет. Бул кандай гана акылсыздык! Анткени Жахаба баарын көрүп турат. Анын ырайымынан айрылып калуунун ачуу даамын таткандан өтөр жаман нерсе барбы?! Анда ушундай эң чоң жоготуунун эмнеси «таттуу» болмок эле?! (1 Кор. 6:9, 10). Мунун башка да кесепеттери бар.

10 Жыныстык адеп-ахлаксыздык уят болууга, өзүн эч нерсеге татыксыз сезүүгө, күтүүсүз кош бойлуулукка жана үй-бүлөлөрдүн бузулушуна алып келет. Андыктан акылсыз аялдын чакырыгын четке каксак, эң туура кылган болобуз. Себеби бузуктукка баргандардын көбү Жахаба менен болгон мамилесинен айрылгандан тышкары, кадимки өлүмгө алып барган ооруларга чалдыгат (Накыл 7:23, 26). Ошондуктан 9-бөлүм: «Анын үйүнө киргендер көрдүн түбүнө түшөт»,— деп жыйынтыкталат. Анда эмнеге көптөр ушундай каргашага алып бара турган жолду тандап алышат? (Накыл 9:13—18).

11. Порнография көрүү эмне үчүн зыяндуу?

11 Бүгүнкү күндө көптөр порнографиянын тузагына түшүүдө. Айрымдар аны көргөндүн зыяны деле жок деп ойлошот. Бирок чынында ал абдан зыяндуу, аны көргөн киши өзүн да, өзгөнү да сыйлабай калат. Ошондой эле порнографияга байланып калат. Андай ыпылас нерселер адамдын акылында ташка тамга баскандай эле калып калат. Аларды өчүрүү аябай эле кыйынга турат. Порнография жаман каалоолорду баспай эле, ого бетер күчөтөт (Кол. 3:5; Жкп. 1:14, 15). Адатта, порнография көргөндөрдүн көбү адеп-ахлаксыз ишке барат.

12. Ыпылас ойлорду ойгото турган сүрөттөрдү көрбөгөнгө чечкиндүү экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

12 Эгер электрондук каражатыбыздан порнография чыга калса, эмне кылышыбыз керек? Дароо көзүбүздү алышыбыз керек. Эгер биз үчүн Жахаба менен болгон мамилебиз баарынан кымбат болсо, андай кылыш кыйынга деле турбайт. Кээде порнография деп деле эсептелбеген нерселер ыпылас каалоолорду ойготушу мүмкүн. Алардан эмне үчүн качышыбыз абзел? Анткени биз бузуктукка жүрөгүбүздө да баргыбыз келбейт. Андай нерселерди оюбузга да жакын жууткубуз келбейт (Мт. 5:28, 29). Таиландда жашаган Дейвид деген аксакал мындай дейт: «Мен: „Атүгүл порнография болбосо да, ошого окшогон сүрөттөрдү карай берсем, Жахаба кандай сезимде болот?“ — деп ойлоном. Бул мага акылдуулук менен иш кылганга жардам берет».

13. Акылмандык менен иш кылганга эмне жардам берет?

13 Жахабанын жүрөгүн оорутуп алгандан коркконубуз бизге акылдуулук менен иш кылганга жардам берет. Ыйык Китепте: «Акылмандыктын башталышы — Жахабадан коркуу»,— делет (Накыл 9:10). Бул тууралуу Накыл сөздөр китебинин 9-бөлүмүнүн баш жагында айтылат. Ал жактан «чыныгы акылмандыкты» билдирген каймана маанидеги аял жөнүндө окуйбуз.

АКЫЛДУУ АЯЛДЫ УККУЛА

14. Накыл сөздөр 9:1—6-аяттарда кимдин чакырыгы жазылган?

14 Окугула: Накыл сөздөр 9:1—6. Бул аяттардан Жаратканыбыздын жана чыныгы акылмандыктын булагы болгон Жахабанын чакырыгын окуйбуз (Накыл 2:6; Рим. 16:27). 1-аятта чыныгы акылмандык өзүнө «жети устуну» бар чоң үй курганы айтылат. Бул Жахабанын берешен экенин жана анын акылмандыгын жашоосунда колдонгусу келгендерди кучак жайып тосуп аларын көрсөтүп турат.

15. Кудай бизди эмне кылганга чакырат?

15 Жахаба баарын ашыгы менен берген март Кудай. Бул сапаттарды Накыл сөздөр 9-бөлүмдө «чыныгы акылмандык» катары сүрөттөлгөн аял да чагылдырат. Ал «малын союп, шарабын камдап, дасторконун жайган» (Накыл 9:2). 4, 5-аяттарда: «Ал [чыныгы акылмандык] тажрыйбасыздарга келип нанымдан жеп кет»,— деп кайрылганы айтылат. Чыныгы акылмандыктын үйүнө эмне үчүн барышыбыз керек? Анткени Жахаба балдарынын акылдуу болуп, жамандыкка кабылбашын каалайт. Ал бармагыбызды тиштеп калышыбызды же кайсы бир нерсени ачуу тажрыйбадан улам үйрөнүшүбүздү каалабайт. Мына ушул себептен «ал чынчыл адамдар үчүн акылмандыкты сактайт» (Накыл 2:7). Эгер Жахабадан корксок, ага жагууга умтулабыз. Анын акыл-насаатына кулак кагып, аны чын жүрөктөн аткарабыз (Жкп. 1:25).

16. Кудайдан корккону Аланга туура чечим чыгарганга кандайча жардам берген жана анын натыйжасы кандай болгон?

16 Алан деген аксакалга туура чечим чыгарганга Кудайдан корккону кандайча жардам бергенин карайлы. Ал мектепте мугалим болуп иштейт. Алан: «Кесиптештерим порнография камтылган кинолорду жыныстык тарбия берүүнүн жолу катары эсептейт»,— дейт. Бирок ал мындай ойго алданган эмес. «Мен Кудайдан корккондуктан андай видеолорду көрүүдөн ойлонбой туруп баш тарттым. Эмнеге ошенткенимди аларга да түшүндүрүп бердим»,— деп кошумчалайт Алан. Ооба, ал «түшүнүктүн жолунда түз жүрүш» үчүн «чыныгы акылмандыкка» кулак төшөгөн (Накыл 9:6). Аландын айтканына бек турганын көрүп башка мугалимдер да таасирленген. Алардын айрымдары Ыйык Китепти изилдеп, жыйналышка барып жатышат.

«Чыныгы акылмандыкка» кулак каккандар азыр да, келечекте да бактылуу өмүр сүрүшөт (17, 18-абзацтарды карагыла)

17, 18. Чыныгы акылмандыкка кулак каккандар кандай баталарды алууда жана келечекте аларды эмне күтүп турат? (Сүрөттү да карагыла.)

17 Жахаба ошол эки аял жөнүндөгү мисалды колдонуп, келечекте бактылуу болушубуз үчүн эмне кылышыбыз керектигин көрсөткөн. Шарактаган «акылсыз аялды» уккандар жашыруун рахат алууну көздөшөт. Өкүнүчтүүсү, алар эртеңки күнүн ойлобойт. Ошентип жүрүп, акыры, «көрдүн түбүнө» түшөт (Накыл 9:13, 17, 18).

18 Ал эми «чыныгы акылмандыкка» кулак каккандардын келечеги кең болот. Анын үйүнө конок болгондор даамдуу, пайдалуу рухий тамактан даам сызышат (Ыш. 65:13). Ышая пайгамбар аркылуу Жахаба: «Мени кунт коюп уккула, тамактын жакшысын жегиле, майлуу тамак менен жаныңарды жыргаткыла»,— деген (Ыш. 55:1, 2). Ошонун аркасында биз Жахаба жакшы көргөн нерселерди жакшы көргөндү, жек көргөн нерселерди жек көргөндү үйрөнүп жатабыз (Заб. 97:10). Башкаларды да «чыныгы акылмандыктын» пайдасын көрүүгө чакырып, андан кубаныч алабыз. Эгер ошентсек, «шаардын бийик жерлеринен»: «Ким тажрыйбасыз болсо, бери кайрылсын»,— деп жар салууга жөнөтүлгөндөргө окшош болобуз. Анын пайдасын азыр эле эмес, келечекте да көрөбүз. Анткени «түшүнүктүн жолунда түз жүргөндөр» түбөлүккө өмүр сүрүшөт (Накыл 9:3, 4, 6).

19. Насаатчы 12:13, 14кө ылайык, эмне кылганга чечкиндүү болушубуз керек? (« Кудайдан коркуунун пайдасы» деген кутучаны да карагыла).

19 Окугула: Насаатчы 12:13, 14. Эмесе, Кудайдан коркуу азыркы ыймансыз дүйнөнүн акырында жүрөгүбүздү сактай берсин. Адеп-ахлактык жактан таза, рухий жактан бекем болгонго жардам бере берсин. Жахабадан коркконубуз бизге мүмкүн болушунча көптөргө «чыныгы акылмандыкты» издегенге жана анын пайдасын көргөнгө көмөк кыла берсин.

 

127-ЫР: Кандай адам болушум керек?

a Машаяктын жолдоочулары Кудайдан коркуп, аны терең урматтагысы келет. Кудайдан корксок, жүрөгүбүздү сактайбыз жана бул бизди жыныстык адеп-ахлаксыздыкка баргандан, порнография көргөндөн сактайт. Бул макалада Накыл сөздөр китебинин 9-бөлүмүн карайбыз. Ал жакта акылмандык менен акылсыздык каймана маанидеги эки аялга салыштырылат. Накыл сөздөр 9-бөлүмдөгү кеңештердин пайдасын азыр да, келечекте да көрөбүз.

b Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

c Ыйык Китепте адамдар кайсы бир нерселерге же кайсы бир нерселер адамдарга салыштырылган учурлар кездешет. (Мисалы, Галатиялыктар 4:24).