Мазмунун көрсөтүү

Улуу Бабыл деген эмне?

Улуу Бабыл деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Аян китебинде сөз кылынган Улуу Бабыл — дүйнө жүзүндөгү бардык диндердин жалпы аталышы. Ал диндерди Кудай четке кагат a (Аян 14:8; 17:5; 18:21). Алар бири-биринен кайсы бир жагынан айырмаланса да, баары адамдарды чыныгы Кудай Жахабага сыйынуудан алыстатат (Мыйзам 4:35).

Улуу Бабылды кантип аныктаса болот?

  1.   Улуу Бабыл каймана мааниге ээ. Ыйык Китепте ал чекесинде Улуу Бабыл деген сырдуу ысым жазылган «аял» жана «улуу сойку» катары сүрөттөлгөн (Аян 17:1, 3, 5). Аян китебинде жазылгандардын көбү «белгилер аркылуу көрсөтүлгөн», башкача айтканда, каймана мааниде айтылган, ошол себептен Улуу Бабыл кадимки аялды билдирбейт деп жыйынтык чыгарууга болот (Аян 1:1). Андан тышкары, Улуу Бабыл деген ысмы бар аялдын «элдерди, сүрмө топторду, улуттарды, тилдерди» билдирген «суулардын үстүндө отурганы» айтылат (Аян 17:1, 15). Кадимки аялдын суулардын үстүндө отурушу мүмкүн эмес.

  2.   Улуу Бабыл эл аралык уюмду билдирет. Ыйык Китепте ал аял «жер жүзүндөгү падышалардын үстүнөн падышалык кылган улуу шаар» деп сүрөттөлгөн (Аян 17:18). Демек, ал кеңири кулач жайган, эл аралык деңгээлдеги таасирдүү уюмду билдирет.

  3.   Улуу Бабыл саясий же коммерциялык эмес, диний уюм. Байыркы Бабыл «көз байлоочулук» кылуу, «дуба» окуу кеңири жайылган диний шаар болгон (Ышая 47:1, 12, 13; Жеремия 50:1, 2, 38). Ал шаардагылар чыныгы Кудай Жахабанын алдында жийиркеничтүү болгон жалган динди тутушчу (Башталыш 10:8, 9; 11:2—4, 8). Бабылдын башкаруучулары өздөрүн Жахабадан да жогору коюшкан (Ышая 14:4, 13, 14; Даниел 5:2—4, 23). Ошол сыяктуу эле, каймана маанидеги Улуу Бабыл да спиритизмге жаткан иштери менен белгилүү (Аян 18:23).

     Улуу Бабыл саясий уюмду билдириши мүмкүн эмес, себеби Ыйык Китепте ал жок кылынганда, «жер жүзүнүн падышалары» аны жоктоп ыйлашары айтылат (Аян 17:1, 2; 18:9). Ал коммерциялык уюмду да билдирбейт, анткени Ыйык Китепте коммерциялык уюмдар «дүйнөнүн соодагерлери» катары сүрөттөлөт (Аян 18:11, 15).

  4. Бабылдын падышасы Набониддин сүрөтү жана Син, Иштар, Шамаш үчилтик кудайларынын символу чегилген эстелик таш

      Улуу Бабыл жалган динди билдирет. Жалган дин адамдарды чыныгы Кудай Жахабага жакындатпастан, андан алыстатып, башка кудайларга сыйынууга түртөт. Ыйык Китептен билгенибиздей, мындай кылуу «бузуктукка» жатат (Лебилер 20:6; Чыгуу 34:15, 16). Үчилтик, жандын өлбөстүгү, сөлөкөттөргө сыйынуу сыяктуу диний ишенимдер байыркы Бабыл шаарынан келип чыккан жана жалган динди туткандар азыркы күнгө чейин ошол ишенимдерге карманып келишет. Ошондой эле жалган динди туткандар Кудайга да сыйынып, ошол эле учурда дүйнөнү сүйүүгө жаткан иштерди да кыла беришет. Мындай ишенимсиздик Ыйык Китепте ойноштукка салыштырылат (Жакып 4:4).

     Жалган динди билдирген Улуу Бабылдын байлыгы Ыйык Китепте таамай сүрөттөлгөн. Ал тууралуу мындай делет: «Аял үстүнө кызгылт көк жана кыпкызыл кийим кийип, алтындан, баалуу таштардан, берметтен жасалган жасалгаларды тагынып алыптыр» (Аян 17:4). Андан тышкары, Улуу Бабыл — «жердеги жийиркеничтердин», башкача айтканда, Кудайга тил тийгизген окуулардын жана иштердин булагы (Аян 17:5). Жалган диндин мүчөлөрүнө Улуу Бабылды колдогон элдер, сүрмө топтор, улуттар жана тилдер кирет (Аян 17:15).

 Улуу Бабыл «жер жүзүндө өлтүрүлгөндөрдүн баарынын канына» жооптуу (Аян 18:24). Кылымдар бою жалган дин согуш отунун тутанышына, террорчулуктун жайылышына себепкер болгондон тышкары, адамдарга сүйүүнүн Кудайы болгон Жахаба жөнүндө билим бербей келет (1 Жакан 4:8). Ушул нерселердин айынан көп кан төгүлүүдө. Ошондуктан Кудайга жагууну каалагандар жалган динден чыгып, байланышын таптакыр үзүшү керек (Аян 18:4; 2 Корунттуктар 6:14—17).

a «Чыныгы динди кантип тапса болот?» деген макаланы кара.