Мазмунун көрсөтүү

Жан деген эмне?

Жан деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китептеги «жан» деген сөз еврейче «нефеш», грекче «психи» деген сөздүн которулушу. «Нефеш» деген сөз сөзмө-сөз которгондо «дем алган бирөө» дегенди, ал эми «психи» деген сөз «тирүү нерсе» дегенди билдирет a. Демек, «жан» деген сөз дененин ичиндеги өлгөндөн кийин андан бөлүнүп чыгып, андан ары жашай бере турган бир нерсени эмес, тирүү бирөөнүн өзүн билдирет. Адамдын жаны бүтүндөй адамдын өзүн билдирерин далилдеген Ыйык Китептеги айрым аяттарга көңүл бурсаңар.

Адам атага жан берилген эмес, ал «тирүү жан болуп калган»

  •   Эң биринчи адамдын жаратылганы жөнүндө Ыйык Китепте: «Ал тирүү жан болуп калды»,— деп жазылган (Башталыш 2:7). Жахаба Кудай Адам атаны жаратканда ага жан берилген эмес, ал тирүү жан болуп калган.

  •   Ыйык Китепте жандын тамак жей турганы, жумуш кыла турганы жана бийликтегилерге баш ие турганы айтылган (Лебилер 7:20; 23:30; Римдиктер 13:1, шилтемелерин карагыла). Мындай иш-аракеттерди адамдын ичинде жашаган кандайдыр бир нерсе эмес, адам өзү жасайт.

Жан өлбөйт деген чынбы?

 Жок, жан өлөт. Ыйык Китепте муну тастыктаган аяттар көп. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:

  •   «Күнөө кылып жүргөн жан өлөт» (Жезекиел 18:4, 20).

  •   Байыркы учурда Ысрайылда олуттуу күнөө кылган кишинин жаны «жок кылынчу» (Чыгуу 12:15, 19; Лебилер 7:20, 21, 27; 19:8, шилтемелерин карагыла). Башкача айтканда, ал киши «өлүм жазасына тартылчу» (Чыгуу 31:14).

  •   Ыйык Китептин айрым аяттарында өлүккө карата «өлгөн жан» деген сөз колдонулган (Лебилер 21:11; Сандар 6:6, шилтемелерин карагыла). Көптөгөн котормолордо ал сөз «өлүк дене» же «өлүк киши» деп которулган. Бирок еврей тилиндеги түп нускада «нефеш» деген сөз колдонулган.

«Жан» «өмүрдү» да билдирет

 Ыйык Китепте «жан» деген сөздүн синоними катары «өмүр» деген да сөз колдонулат. Мисалы, Аюп 33:22де «өмүр» деген сөздүн ордунда «жан» дегенди билдирген «нефеш» деген сөз турат. Ошондой эле Ыйык Китепте адам жанын же өмүрүн тобокелге салышы же андан айрылып калышы мүмкүн экени айтылат (Чыгуу 4:19; Бийлер 9:17; Филипиликтер 2:30).

 «Жан» деген сөздүн ушундай мааниде колдонулганы бизге Ыйык Китептин башка аяттарындагы «жан берди» же «жаны чыгып бараткан» деген сөздөрдү туура түшүнүүгө жардам берет (Башталыш 35:18, «Жаңы дүйнө» котормосу; «Үмүт нуру» котормосу). Бул каймана маанидеги образдуу сөздөр тек гана адамдын көз жумганын билдирет. Айрым котормолордо Башталыш 35:18деги ошол сөз айкашы «акыркы демин чыгарды» деп берилген («Жакшы кабар» котормосу; «Жаңы Иерусалим Ыйык Китеби»).

Жандын өлбөстүгү жөнүндөгү окуу каяктан келип чыккан?

 Жандын өлбөстүгү жөнүндөгү христиан дүйнөсүндө кеңири жайылган окуу Ыйык Китепке эмес, байыркы гректердин философиясына негизделет. «Британ энциклопедиясында» мындай деп айтылат: «Ыйык Китептеги жанга байланыштуу айтылгандар дем алуу процесси менен байланыштырылат жана Ыйык Китепте кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн жанды эт менен кандан турган денеден ажыратып, экөөнү айырмалаган аяттар кездешпейт. Дене менен жан эки башка деген христиандык окуу байыркы гректерден келип чыккан».

 Кудай анын окуусун адамдардын философиясы менен, алсак, жандын өлбөстүгү сыяктуу окуулар менен аралаштырып салгандарды катуу айыптайт. Ошол себептен Ыйык Китепте: «Сак болгула,.. кимдир бирөө... адамдар чыгарган салттарга негизделген философия менен курулай калпты колдонуп, силерди тузакка түшүрүп албасын»,— деп эскертилет (Колосалыктар 2:8).

a The New Brown, Driver, and Briggs Hebrew and English Lexicon of the Old Testament, page 659, and the Lexicon in Veteris Testamenti Libros, page 627. Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда «нефеш» жана «психи» деген сөздөр маанисине, контекстине жараша «жан», «өмүр», «киши», «тирүү жан» же «дене» деп которулган.