Лебилер 7:1—38
7 Айып курмандыгы жөнүндөгү мыйзам мындай+: бул — абдан ыйык курмандык+.
2 Айып курмандыгына алынып келген мал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык союлчу жерде+ союлсун. Дин кызматчы анын канынан алып+, курмандык жайына тегерете чачыратып чыксын+.
3 Анын бүт майынын+ ичинен куйрук майын, ич майын,
4 эки бөйрөгү менен бөйрөк майын, карчыга майын алып келсин. Бөйрөктөрү менен кошо боорундагы майын да өзүнчө бөлүп койсун+.
5 Дин кызматчы аларды Жахабага арналган өрттөлүүчү тартуу катары курмандык жайында өрттөйт+. Бул — айып курмандыгы.
6 Аны дин кызматчы болуп кызмат кылган эркектердин баары ыйык жерде жеши керек+. Ал абдан ыйык+.
7 Күнөө курмандыгы менен айып курмандыгы бирдей чалынчу. Экөөнө берилген мыйзам бирдей+. Ал курмандык дин кызматчыга таандык, дин кызматчы ал аркылуу күнөөдөн арылтат.
8 Кимдир бирөө алып келген бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын териси+ аны чалган дин кызматчыга таандык.
9 Мешке+ же май куюлган казанга+, же көмөч казанга+ бышырылган нан курмандыгынын баары аны Кудайдын алдына алып келген дин кызматчыга таандык, ал ага таандык+.
10 Ал эми май кошулган нан курмандыгы да+, май кошулбаганы+ да Арундун бардык уулдарына тең бөлүштүрүлүшү керек.
11 Жахабага арналган тынчтык курмандыгы жөнүндөгү мыйзам мындай+:
12 эгер кимдир бирөө аны ыраазычылык билдириш үчүн алып келсе+, анда ыраазычылык билдириш үчүн алып келген курмандыгы менен бирге ачыткы кошулбай, май аралаштырылып жасалган ортосу оюк токоч, үстүнө май сыйпалган калама, эң жакшы унга май кошулуп+, майы жакшы сиңирилген камырдан жасалган ортосу оюк токоч алып келсин.
13 Ал өзүнүн тартуусун, ыраазычылык билдириш үчүн алып келген тынчтык курмандыгын ачыткы кошулуп жасалган+ ортосу оюк токоч менен бирге алып келсин.
14 Тартууларынын ар биринен ыйык үлүш катары Жахабага бирден алып келсин+. Алар тынчтык курмандыгынын канын курмандык жайына чачыраткан дин кызматчыга таандык+.
15 Ыраазычылык билдириш үчүн алынып келген тынчтык курмандыктарынын этин ошол эле күнү жеш керек. Эртең мененкиге чейин ал андан эч нерсе калтырбасын+.
16 Эгерде ал ант курмандыгын+ же ыктыярдуу курмандык+ алып келсе, аны алып келген күнү жеш керек. Артып калганын эртеси күнү да жесе болот.
17 Ал эми үчүнчү күнгө калган этти өрттөп салыш керек+.
18 Эгер тынчтык курмандыгынын эти үчүнчү күнү желсе, анда аны алып келген киши Кудайга жакпайт+, анын курмандыгы да эсепке алынбайт+. Ал арам болуп калат, аны жеген киши* күнөөсү үчүн жоопко тартылат+.
19 Таза эмес+ бир нерсеге тийип калган этти жегенге болбойт, аны өрттөп салыш керек. Ал эми тазасын таза адам жей берсе болот.
20 Эгерде таза эмес киши* Жахабага арналган тынчтык курмандыгынын этин жесе, ал киши элинин арасынан жок кылынат+.
21 Адамга байланышкан таза эмес нерсегеби+ же адал эмес айбангабы+, же арам деп эсептелген жийиркеничтүү жандыккабы+, деги эле таза эмес бир нерсеге тийген киши Жахабага арналган тынчтык курмандыгынын этин жесе, анда ал киши элинин арасынан жок кылынат“».
22 Жахаба Мусага дагы мындай деди:
23 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Буканын, жаш кочкордун, текенин майын жебегиле+.
24 Өлгөн же жырткыч жара тартып кеткен малдын майын+ ар кандай нерсеге пайдаланса болот, бирок жегенге болбойт.
25 Анткени ким Жахабага арналган өрттөлүүчү тартуу катары алынып келген малдын майын жесе, ал киши элинин арасынан жок кылынат+.
26 Кайсы жерде жашабагыла, үй канаттууларынын да, жаныбарлардын да эч кандай канын жебегиле+.
27 Кан жеген киши элинин арасынан жок кылынат“»+.
28 Жахаба Мусага дагы мындай деди:
29 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Жахабага тынчтык курмандыгын алып келген киши өзүнүн тынчтык курмандыгынын бир бөлүгүн Жахабага берсин+.
30 Ал өз колу менен курмандыктын майы+ менен төшүн Жахабага арналган өрттөлүүчү курмандык катары алып келсин. Аларды алып келип, Жахабанын алдында чайпалтуу курмандыгы катары ары-бери чайпайт+.
31 Дин кызматчы майды курмандык жайында өрттөйт+, ал эми төш Арун менен анын уулдарына таандык болот+.
32 Тынчтык курмандыгы катары алып келген малыңардын арткы оң санын шыйрагы менен ыйык үлүш+ катары дин кызматчыга бергиле.
33 Арундун уулдарынын арасынан ким тынчтык курмандыгынын каны менен майын Кудайдын алдына алып келсе, малдын арткы оң саны шыйрагы менен ошого таандык+.
34 Мен Ысрайыл уулдарынын тынчтык курмандыктарынын ичинен чайпалтуу курмандыгы катары алынып келген төштү+, ыйык үлүш катары берилген сан-шыйракты алардан алып, дин кызматчы Арун менен анын уулдарына берем. Бул — түбөлүккө сакташ керек болгон көрсөтмө.
35 Жахабага арналган өрттөлүүчү курмандыктардын ичинен Арун менен анын уулдарына тийген дин кызматчылык үлүш — ушул. Бул үлүш аларга Жахабага дин кызматчы болуп кызмат кылууга дайындалган күнү бөлүнүп берилген+.
36 Жахаба Ысрайыл уулдарына аны Арун менен анын уулдарына берип турууну аларды майлаган күнү+ буйруган. Бул — укумдан-тукумга, түбөлүккө сакташ керек болгон көрсөтмө+“».
37 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык+, нан курмандыгы+, күнөө курмандыгы+, айып курмандыгы+, дин кызматчылыкка дайындоодо чалынган курмандык+ жана тынчтык курмандыгы+ жөнүндөгү мыйзам ушундай.
38 Бул мыйзамды Жахаба Мусага Синай тоосунда+, ал Синай чөлүндө Ысрайыл уулдарына Жахабага арнаган тартууларын алып келүүнү буйрук кылган күнү берген+.