Мазмунун көрсөтүү

Кудайды көрүү мүмкүнбү?

Кудайды көрүү мүмкүнбү?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Жок, Кудайды эч ким көрө албайт (Чыгуу 33:20; Жакан 1:18; 1 Жакан 4:12). Ыйык Китепте Кудайдын рух экени айтылат. Андыктан биз аны көрө албайбыз (Жакан 4:24; 1 Тиметей 1:17).

 Ал эми периштелер, рухий жаратуу болгондуктан, Кудайды көрө алышат (Матай 18:10). Өлгөндөн кийин асманга тирилип, рухий денеге ээ боло турган айрым адамдар да Кудайды көрө алат (Филипиликтер 3:20, 21; 1 Жакан 3:2).

Анда Кудайды «көрүү» деген сөз эмнени билдирет?

 Ыйык Китепте «көрүү» деген сөз көп учурда каймана мааниде колдонулуп, кайсы бир нерсени жакшы билүү деген маанини туюнтат (Ышая 6:10; Жеремия 5:21; Жакан 9:39—41). Андыктан Кудай тууралуу жана анын сапаттары тууралуу көбүрөөк билип, ишенимибизди өрчүтүүнүн аркасында биз аны жүрөгүбүздүн «көзү» менен көрө алабыз (Эфестиктер 1:18). Ыйык Китепте ушундай ишенимди өрчүтүш үчүн төмөнкү нерселерди кылышыбыз керектиги айтылган:

  •   Кудайдын сапаттары жөнүндө жаратылыш аркылуу билүү. Мисалы, анын сүйүүсү, марттыгы, акылмандыгы жана күчү сыяктуу сапаттарын ал жараткан нерселер аркылуу биле алабыз (Римдиктер 1:20). Кудайдын кереметтүү иштери жөнүндө ой жүгүрткөн соң Аюп пайгамбар Кудайды «көзү менен көргөндөй» эле болгон (Аюп 42:5).

  •   Ыйык Китепти изилдөө. Ыйык Китепте: «Эгерде аны [Кудайды] издесең, табасың»,— деп жазылган (1 Жылнаама 28:9; Забур 119:2; Жакан 17:3).

  •   Иса Машаяктын жашоосун изилдөө. Иса Машаяк Атасынын, Жахаба Кудайдын, сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган. Ошондуктан ал: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп ишенимдүү түрдө айта алган (Жакан 14:9).

  •   Кудайга жаккан иштерди кылып, анын бизге кантип жардам берип жатканын байкоо. Иса Машаяк: «Жүрөгү тазалар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт»,— деп айткан. Жогоруда айтылгандай, Кудайга ишенимдүү кызмат кылган айрым адамдар асманга тирилип, ал жактан «Кудайды көрө» алышат (Матай 5:8; Забур 11:7).

Муса, Ыбрайым жана башка пайгамбарлар Кудайды көрүштү беле?

 Ыйык Китептин айрым жерлерин окуганда алар Кудайды сөздүн түз маанисинде көргөндөй сезилиши мүмкүн, бирок ошол аяттардын контекстинен Кудайдын алар менен периштелер аркылуу же аян аркылуу сүйлөшкөнүн билүүгө болот.

Периштелер.

Байыркы убакта Кудай адамдар менен сүйлөшкөндө өзүнүн өкүлдөрү катары периштелерди жиберчү, алар анын атынан сүйлөшчү (Забур 103:20). Маселен, бир жолу Кудай Муса пайгамбарга күйүп жаткан бадалдын арасынан сүйлөгөндө, Ыйык Китепте жазылгандай, «Муса чыныгы Кудайды карагандан коркуп, бетин жаап алган» (Чыгуу 3:4, 6). Бирок Муса пайгамбар чынында Кудайды эмес, ошол аяттардын контекстинен көрүнүп тургандай, «Жахабанын периштесин» көргөн (Чыгуу 3:2).

 Ал эми: «Жахаба Муса менен... бетме-бет сүйлөшчү»,— деген сөздөр Муса пайгамбардын Кудайды түзмө-түз көрүп сүйлөшкөнүн эмес, аны менен жакын мамиледе болгонун билдирет (Чыгуу 4:10, 11; 33:11). Ал Кудайдын жүзүн көргөн эмес, анткени Кудай ага көрсөтмөлөрдү «периштелер аркылуу» берген (Галатиялыктар 3:19; Элчилер 7:53). Муса пайгамбардын ишеними ушунчалык күчтүү болгондуктан, Ыйык Китепте ал тууралуу: «Көрүнбөгөндү көрүп турган»,— деп жазылган (Еврейлер 11:27).

 Кудай Ыбрайым пайгамбар менен да периштелер аркылуу сүйлөшкөн. Бир окуганда, Ыбрайым пайгамбар Кудай менен көзмө-көз сүйлөшкөндөй сезилет (Башталыш 18:1, 33). Бирок контексттен Ыбрайымга келген «үч кишинин», чынында, Кудайдын периштелери болгонун билүүгө болот. Ыбрайым пайгамбар аларды Кудайдын өкүлдөрү катары кабыл алгандыктан аларга Жахабанын өзүнө кайрылгандай кайрылган (Башталыш 18:2, 3, 22, 32; 19:1).

Аян.

Кудай адамдарга кээде аян аркылуу, башкача айтканда, керемет жолу менен берилген көрүнүш аркылуу көрүнчү. Алсак, Ыйык Китепте Мусанын жана башка ысрайылдык аксакалдардын «Ысрайылдын Кудайын көрүшкөнү» жөнүндө айтылат. Бирок алар, чынында, Кудайды «аян аркылуу... көрүшкөн» (Чыгуу 24:9—11). Ыйык Китепте кээ бир пайгамбарлардын да «Жахабаны көргөнү» тууралуу жазылган (Ышая 6:1; Даниел 7:9; Амос 9:1). Ал аяттардын контекстинен Кудайдын аларга аян аркылуу көрүнгөнүн билүүгө болот (Ышая 1:1; Даниел 7:2; Амос 1:1).