Мазмунун көрсөтүү

Клиникалык өлүм учурунда адам чын эле тиги дүйнөнү көрөбү?

Клиникалык өлүм учурунда адам чын эле тиги дүйнөнү көрөбү?

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Клиникалык өлүмдү башынан кечиргендердин көбү өзүнүн денесин өйдө жактан карап турганын же аябай жарык нурду же укмуштуудай бир кооз жерди көрүшкөнүн айтышкан. «Өлүмдөн кийинки эскерүүлөр» деген бир китепте: «Айрымдар өздөрүн тиги дүйнөнүн четин көрдүк деп эсептешет»,— деп айтылат («Recollections of Death»). Ыйык Китепте андай окуялар жазылбаса да, алардын тиги дүйнөнүн бар экенинен кабар берип турган далил эмес экенин айкын көрсөткөн талашсыз чындык жазылган.

 Өлгөндөр эч нерсе билбейт.

Ыйык Китепте: «Өлгөндөр эч нерсе билбейт»,— деп айтылат (Насаатчы 9:5). Адам өлгөндө жашоонун башка түрүнө өтпөйт же тиги дүйнөгө кетпейт, ал тек гана жашоосун токтотот. Көзү өтүп кеткен адамдын жаны денесинен бөлүнүп чыгып, андан ары да жашай берет деген окуу Ыйык Китепке негизделбейт (Жезекиел 18:4). Андыктан клиникалык өлүмдү башынан кечиргендер асмандагы жашоону, тозокту же тиги дүйнөнү көрүшү мүмкүн эмес.

 Иса Машаяк тирилткен Лазар деген киши өлгөндөн кийинки жашоо жөнүндө бир нерсе айтты беле?

Ыйык Китепте Лазар деген бир кишинин каза болуп калганы жана Иса Машаяктын аны кайра төрт күндөн кийин тирилткени айтылат (Жакан 11:38—44). Эгер ал киши өлгөндөн кийин чын эле жашоонун башка бир түрүнө өткөн болсо, Иса Машаяктын аны кайра жердеги азаптуу жашоого тирилткени таш боордукка жатып калмак. Бирок Ыйык Китепте Лазар өлгөндөн кийин деле жашоосу улана бергендиги жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Эгер ошондой болгон болсо, Лазар ал тууралуу сөзсүз айтмак. Айта кетчү нерсе, Иса Машаяк Лазардын өлгөндөгү абалын уйкуга салыштырган, тактап айтканда, анын эч нерсе сезбеген абалда экенин айткан (Жакан 11:11—14).