Мазмунун көрсөтүү

Жашагым келбей калды. Өмүрүмдү кыйгым келген ойлор менен күрөшкөнгө Ыйык Китеп жардам бере алабы?

Жашагым келбей калды. Өмүрүмдү кыйгым келген ойлор менен күрөшкөнгө Ыйык Китеп жардам бере алабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ооба. Анткени Ыйык Китепти «көңүлү чөккөндөрдү соороткон Кудай» жаздырган (2 Корунттуктар 7:6). Ыйык Китеп психикалык саламаттык жөнүндөгү китеп болбосо да, ал көптөргө өмүрүн кыйгысы келген терс ойлорду жеңгенге жардам берген. Анда жазылган иш жүзүндө колдонорлук кеңештер сага да жардам берет.

 Ыйык Китепте иш жүзүндө колдонорлук кандай кеңештер бар?

  •  Кандай ойлор келип жатканын башкаларга айт.

     Ыйык Китепте мындай деп жазылган: «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай» (Накыл сөздөр 17:17).

     Мааниси: Азапка салган терс ойлор каптаганда, башкалардын жардамына муктаж болобуз.

    Баарын ичиңе сактап жүрө берсең, көтөрө албай калышың мүмкүн. Ал эми кимдир бирөөгө айтсаң, бир аз да болсо жеңилдеп калышың, атүгүл жагдайыңа болгон көз карашың өзгөрүшү мүмкүн.

     Колдонуп көр: Бүгүн кимдир бирөө менен, балким, үй-бүлөңдөн бирөө же ишенген досуң менен ушул тууралуу сүйлөш a. Ошондой эле кандай сезимде болуп жатканыңды кагазга жазсаң да болот.

  •  Адистерге кайрылып, медициналык жардам ал.

     Ыйык Китепте мындай деп жазылган: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж» (Матай 9:12).

     Мааниси: Ооруп калганда доктурларга кайрылып, медициналык жардам алышыбыз керек болот.

     Өмүрдү кыюу жөнүндөгү ойлор психикалык же эмоциялык оорунун белгиси болушу ыктымал. Кадимки оору сыяктуу эле, мындай оорунун уяла турган эч нерсеси жок. Психикалык же эмоциялык ооруну дарылап айыктырса болот.

     Колдонуп көр: Мүмкүн болушунча эртерээк ушул жаатындагы доктурга кайрыл.

  •  Кудайдын кам көрөрүн эсиңден чыгарба.

     Ыйык Китепте мындай деп жазылган: «Беш таранчы баасы абдан төмөн болгон эки тыйынга сатылат эмеспи. Ошентсе да Кудай алардын бирин да унутпайт... Коркпогула: силер топ таранчыдан да баалуусуңар» (Лука 12:6, 7).

     Мааниси: Сен Кудай үчүн абдан баалуусуң.

     Аябай жалгызсырап, өзүңдү эч кимге кереги жоктой сезишиң мүмкүн. Бирок Кудай сенин канчалык кыйналып жатканыңды көрүп турат. Жашагың келбей жатса да, Кудай сага кам көрөт. Забур 51:17де: «Оо, Кудай, сен жараланган, кыйналган жүрөктү четке какпайсың»,— деп жазылган. Кудай сени сүйөт, ошондуктан сенин өмүр сүрүшүңдү каалайт.

     Колдонуп көр: Ыйык Китептен Кудайдын сени сүйөрүн тастыктаган далилдерди изилде. Мисалы, Ыйык Китепти изилдөөгө арналган «Жахабага жакында» китебинин 24-бөлүмүн оку.

  •  Кудайдан тилен.

     Ыйык Китепте мындай деп жазылган: «Бардык түйшүгүңөрдү [Кудайга] арткыла, анткени ал силерге кам көрөт» (1 Петир 5:7).

     Мааниси: Кудай сени ичиңдегинин баарын ага төгүп, кандай ойлор келип жатканын ачык айтууга чакырат.

    Кудай жан дүйнө тынчтыгын жана андан ары жашаганга зарыл күч берет (Филипиликтер 4:6, 7, 13). Ал аны чын жүрөктөн чакыргандарды ушундайча колдойт (Забур 55:22).

     Колдонуп көр: Бүгүн Кудайдан тилен. Ага Жахаба деген ысымы менен кайрылып, ичиңдегинин баарын төк (Забур 83:18). Жашооңду улантууга күч беришин сура.

  •  Ыйык Китептеги келечекке болгон үмүт жөнүндө ой жүгүрт.

     Ыйык Китепте мындай деп жазылган: «Ал үмүт жаныбыз үчүн кеме казык сыяктуу ишеничтүү жана бекем» (Еврейлер 6:19).

     Мааниси: Катуу толкунда ары-бери чайпалган кеме сыяктуу, сезимдериң бирде өйдө, бирде ылдый болушу мүмкүн. Бирок Ыйык Китептеги келечекке болгон үмүт каймана мааниде ооп кетпей, туруктуу болууга күч берет.

     Ал үмүт куру кыял эмес, ал сөзсүз орундалат. Анткени азап тартышыбызга себеп болуп жаткан нерселердин баарын жок кылууну Кудай өзү убада кылган (Аян 21:4).

     Колдонуп көр: Ыйык Китептеги келечекке болгон үмүт жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Кудайдан келген жакшы кабар» деген китепченин 5-бөлүмүн оку.

  •  Сага кубаныч тартуулаган нерсе менен алектен.

     Ыйык Китепте мындай деп жазылган: «Шайыр жүрөк — дарыдай даба» (Накыл сөздөр 17:22).

    Мааниси: Кубаныч тартуулаган нерселер менен алектенүү психикалык, эмоциялык саламаттыкты чыңдайт.

     Колдонуп көр: Сага адатта эмне кубаныч тартууласа, ошону менен алектен. Мисалы, көңүлүңдү көтөрө турган музыка ук, дем-шык бере турган бир нерсе оку же кызыккан нерсең менен алектен. Башкаларга жардам берүү, атүгүл кичинекей эле бир нерсе кылуу да кубанычыңды арттырат (Элчилер 20:35).

  •  Ден соолугуңа кам көр.

     Ыйык Китепте мындай деп жазылган: «Денени машыктыруунун пайдасы [бар]» (1 Тиметей 4:8).

     Мааниси: Көнүгүүлөрдү жасоо, жетиштүү уктоо жана пайдалуу азыктар менен тамактануу ден соолукту чыңдайт.

     Колдонуп көр: Жок дегенде 15 мүнөт бат-бат басып сейилде.

  •  Мындай сезимдер жана жашоодогу дагы башка нерселер өзгөрөрүн унутпа.

     Ыйык Китепте мындай деп жазылган: «Силер эртең эмне болоруңарды билбейсиңер» (Жакып 4:14).

     Мааниси: Жан дүйнөнү жабыркаткан көйгөйлөр, атүгүл жарга такагандай болгон оор көйгөйлөр да өтүп кетиши мүмкүн.

     Бүгүнкү күнүң канчалык караңгы болбосун, эртеңки күнүң жарыгыраак болот. Андыктан күрөшүүнүн жолун изде (2 Корунттуктар 4:8). Жүрөгүңдү сыздаткан жагдай убакыттын өтүшү менен өзгөрөт, ал эми өз өмүрүңдү кыйсаң, баарын кайра оңдой албайсың.

     Колдонуп көр: Ыйык Китептен көңүлү катуу чөккөндүктөн жашагысы келбей калган кишилер жөнүндө окуп көр. Ошондой эле алардын жашоосу кантип акырындык менен жакшы жакка өзгөргөнүнө, атүгүл көбүнүн жашоосу өздөрү күтпөгөндөй болуп өзгөргөнүнө көңүл бур. Кел, алардын бир нечесине токтололу.

 Ыйык Китепте жашагысы келбей калган адамдар жөнүндө айтылабы?

 Ооба. Ыйык Китепте өлгүсү келерин айткан кишилер жөнүндө жазылган. Кудай аларды жемелеген эмес, тескерисинче, аларга жардам берген. Кудай сага да ушундай мамиле кылат.

Илияс

  •  Ал ким болгон? Илияс эр жүрөк пайгамбар болгон. Бирок анын да катуу көңүлү чөккөн учурлары болбой койгон эмес. Жакып 5:17де: «Илияс биздикиндей эле сезимдери бар киши болгон»,— деп айтылат.

  •  Анын эмне үчүн өлгүсү келген? Бир жолу Илияс пайгамбар ушунчалык жалгызсырап, коркуп, өзүн эч нерсеге жараксыз сезген. Ошондуктан Кудайга: «Жахаба, жанымды алчы»,— деп жалынган (1 Падышалар 19:4).

  •  Ага эмне жардам берген? Илияс пайгамбар ичиндегисин Кудайга төккөн. Кудай аны кантип кайраттандырган? Ал ага кам көрүп, өзүнүн канчалык кудуреттүү экенин көрсөткөн. Ошондой эле аны андан ары да пайгамбар катары колдоно берерине ынандырып, камкор, жөндөмдүү жардамчыны кошуп берген.

  •  Илияс пайгамбар жөнүндө окуп көр: 1 Падышалар 19:2—18.

Аюп

  •  Ал ким болгон? Аюп Кудайдын пайгамбары болгон. Ал абдан бай, очор-бачарлуу киши эле.

  •  Анын эмне үчүн өлгүсү келген? Аны биринин артынан бири келген кырсык басып, бир заматта эле жашоосу түп-тамыры менен өзгөрүп кеткен. Аюп пайгамбар бүт байлыгынан кол жууп калган. Балдарынын баарынан айрылган. Өзү болсо жан сыздаткан ооруга чалдыккан. Анысы аз келгенсип, үч досу башына түшкөн мүшкүл өзүнүн айынан болуп жатат деп айыптап, анын жүрөгүн оорутушкан. Ушунун баары жанына батып кеткенде, ал: «Жашоону жек көрөм; түбөлүк жашабайт болчумун»,— деген (Аюп 7:16).

  •  Ага эмне жардам берген? Аюп пайгамбар Кудайдан тиленип, ичиндегисин башкаларга айткан (Аюп 10:1—3). Аны Элиу деген боорукер досу кайраттандырып, жагдайына башкача караганга көмөк кылган. Эң маанилүүсү, Аюп пайгамбар Кудайдын кеңешине кулак кагып, жардамын жан-дилден кабыл алган.

  •  Аюп пайгамбар жөнүндө окуп көр: Аюп 1:1—3, 13—22; 2:7; 3:1—13; 36:1—7; 38:1—3; 42:1, 2, 10—13.

Муса

  •  Ал ким болгон? Муса байыркы Ысрайылды жетектеген пайгамбар болгон.

  •  Анын эмне үчүн өлгүсү келген? Муса пайгамбар оор жоопкерчиликти аркалаган. Андан сырткары, эл аны көп сынга алган. Акырында Муса пайгамбар катуу чарчап, кыйынчылыкты көтөрүүгө күчү калбай калган. Ошо себептен Кудайга: «Мени... өлтүрүп салчы»,— деп зарлаган (Сандар 11:11, 15).

  •  Ага эмне жардам берген? Муса пайгамбар кандай сезимде болуп жатканын Кудайга айткан. Кыйынчылыгын көтөрө алышы үчүн, Кудай анын жүгүн жеңилдеткен.

  •  Муса пайгамбар жөнүндө окуп көр: Сандар 11:4—6, 10—17.

a Өмүрүңдү кыюу жөнүндөгү ойлор күчөп баратса жана ишенген адамың жаныңда болбосо, жергиликтүү ишеним байланышына же өзгөчө кырдаалдар кызматына чал.