Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Үрөйдү учурган жаңылыктар. Балаңарды кантип коргой аласыңар?

Үрөйдү учурган жаңылыктар. Балаңарды кантип коргой аласыңар?

 Учурда төбө чачты тик тургузган жаңылыктар телевизордон, телефондон, планшеттен жана компьютерден күнүнө 24 саат бою көрсөтүлүп калды. Көп учурда алар майда-чүйдөсүнө чейин көрсөтүлгөн видеолор менен коштолот.

 Ошонун баарын балдар да көрүшөт.

 Андай жаңылыктар балаңардын аң-сезимине терс таасир этпеши үчүн эмне кылсаңар болот?

 Жаңылыктар балдарыңарга кандай таасир этет?

  •   Көптөгөн балдар жаңылыктардан каргашалуу окуяларды көргөндө катуу кайгырышат. Айрым балдар сыртынан билгизбесе да, ичинен аябай эле жаман болушат a. Ал эми ата-энесинин тынчсызданып жатканын көргөндө андан бетер санаага батышат.

  •   Балдар жаңылыктардан көргөндөрүн туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн. Мисалы, ошондой жамандыкка үйүндөгүлөрү да кабылып калат деп корко башташы ыктымал. Кайсы бир окуя жөнүндөгү улам-улам көрсөтүлгөн жаңылыкты көргөн кичинекей балдар аны кайра-кайра болуп жатат деп түшүнүп алышы мүмкүн.

  •   Балдар көргөн жаңылыктардын баарына ишенип алганга жакын келет. Алар массалык маалымат каражаттары акча табыш үчүн элди уу-дуу кылышарын билишпейт. Чынында, журналисттер элдин көңүлүн тартыш үчүн болгон окуяны көбүртүп-жабыртып көрсөтүшөт.

 Балаңар чочулабашы үчүн эмне кылсаңар болот?

  •   Жаман жаңылыктарды өтө көп көрбөшү үчүн чек койгула. Бул балаңардын дүйнөдө болуп жаткан окуяларды билбеши керек дегенди билдирбейт. Болгону, жүрөктүн үшүн алган жаңылыктарды кайра-кайра көрө бергени же уга бергени балаңарга жаман таасир этет.

     «Кээде жолдошум экөөбүз балдарыбыздын угуп турганын, алардын сезимдерин эске албай эле кайсы бир жаңылыкты ийне-жибине чейин талкуулап киребиз» (Мария).

     Ыйык Китептеги принцип: «Санаа жүрөктү өйүйт» (Накыл сөздөр 12:25).

  •   Сабырдуулук менен угуп, түшүнүү менен мамиле кылгыла. Эгер балаңарга кайсы бир окуя тууралуу айтып берүү кыйын болуп жатса, аны сүрөт кылып тартып берүүгө үндөгүлө. Балаңарды тынчсыздандырып жаткан нерсе жөнүндө сүйлөшүп жатканда ага түшүнүктүү боло турган сөздөрдү колдонгула. Бирок окуяны майда-чүйдөсүнө чейин талдагандан качкыла.

     «Кызыбыз менен отуруп алып сүйлөшүп, аны кунт коюп укканыбызда, ал өзүн жакшы сезип калат. „Азыр жашоо ушундай да. Биз буга көнүшүбүз керек“,— деп айткандан пайда жок экенин байкаганбыз» (Сарахи).

     Ыйык Китептеги принцип: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө... шашпасын» (Жакып 1:19).

  •   Балаңарга жаман жаңылыктарды жүрөгүнө жакын албаганга жардам бергиле. Мисалы, жаңылыктардан балдар уурдалып жаткан окуялар көп болуп жаткандай көрсөтүлөт. Ошондуктан балдарыңардын коопсуздугу үчүн кандай чараларды көрүп койгонуңарды түшүндүрүп бергиле. Андан тышкары, кайсы бир жүрөк титиреткен окуя көп болгон үчүн эмес, анда-санда болгону үчүн көрсөтүлөрүн эсиңерден чыгарбагыла. Болбосо ал жаңылык болбой калмак.

     «Балаңарга терс сезимдер менен күрөшкөнгө жардам бергиле. Көп учурда сезимдерге ойлор таасир этет. Ошон үчүн балаңарга жакшы нерсеге көңүл топтогонго көмөк кылгыла. Ошондо жан дүйнөсү тынчып, жеңилдеп калат» (Лурдес).

     Ыйык Китептеги принцип: «Акылмандын жүрөгү оозуна түшүнүк, тилине ынанымдуулук кошот» (Накыл сөздөр 16:23).

a Кичинекей балдардын коруп, тынчсызданып жатканы төмөнкү нерселерден байкалышы мүмкүн: уктап жатканда заара ушатат, мектепке баргандан коркот, ата-энесинин жанынан чыкпай калат.