Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?

Рухий тамак камтылган кичинекей куту

Рухий тамак камтылган кичинекей куту

1-СЕНТЯБРЬ, 2020

 Жахабанын Күбөлөрү учурда рухий тамакты электрондук түрдө болуп көрбөгөндөй көп алууда. Бирок көптөгөн өлкөлөрдө ишенимдештерибиздин Интернетке туташканга мүмкүнчүлүгү жок. Башкалары электр жарыгы көп өчкөн, Интернет жай иштеген же Интернет такыр эле жок жерлерде жашашат.

 Ошентсе да көп бир туугандарыбыз Интернет жок эле электрондук адабияттарыбызды жүктөп алып жатышат! Кандайча?

 Буга JW кутусу өбөлгө түзөт. Ал Интернет жок же начар иштеген жерлерде жашаган ишенимдештерибиз үчүн жасалган. Куту комерциялык фирмадан сатылып алынган Wi-Fi роутеринен турат. Программасын болсо Бейтелдеги компьютер бөлүмү иштеп чыккан. Ал кутуга jw.org сайтына чыккан санарип түрүндөгү адабияттар жана видеолор жүктөлөт. Ар бир куту болжол менен 75 доллар (АКШ) турат.

 Ишенимдештерибиз Падышалык залына келгенде электрондук каражаттарын Wi-Fi аркылуу JW кутусуна туташтырып, адабияттар менен видеолорду жүктөп алышат. Кутуга атүгүл эски же арзан каражаттарды да туташтырса болот. Бирок Интернет жок болсо, JW кутусу кантип жаңырып турат? Филиал маал-маалы менен USB флешкаларын жөнөтүп турат. 4 доллар (АКШ) турган ал флешкага jw.org сайтындагы жаңы адабияттар менен видеолор жүктөлөт. Анан ишенимдештерибиз JW кутусу аркылуу аларды жүктөп ала алышат.

 JW кутусунун ишенимдештерибизге кандай пайдасы тийүүдө? Конго Демократия Республикасында жашаган Нейтан Адруандра деген үй-бүлө башчысы мындай деген: «„Оо, Жахаба,.. мен өзүңө таянам“ жана „Лоттун аялын эстегиле“ деген драмаларды көп жолу көчүргөнгө аракет кылгам. Бирок такыр көчүрө албай коюп, жаман болгом. Азыр болсо ал видеолорду телефонума көчүрүп алдым. Бул аялым экөөбүзгө балдарыбызды жакшыраак тарбиялаганга көмөк кылып жатат».

 Нигериядагы жыйналыштарга JW кутусун колдонгонго жардам берген бир ишенимдешибиз мындай деп ой бөлүшөт: «Бир туугандарыбыз JW кутусун Жахаба берген өзгөчө белек деп кабыл алышты. Алар негизги окутуу куралдарына кирген адабияттарды, видеолорду оңой эле жүктөп алып жатышканына аябай сүйүнүп жатышат».

 Африкага, Океанияга, Түштүк Америкага 1 700дөн ашуун куту жөнөтүлдү. Дагы көптөгөн өлкөлөрдөгү жыйналыштарга JW кутуларын жөнөтүү ойлонуштурулууда. Буга кеткен чыгымдар кантип жабылууда? Бүткүл дүйнөлүк иш үчүн жөнөтүлгөн акча-каражаттын эсебинен жабылып жатат. Алардын көбү donate.isa4310.com сайты аркылуу жөнөтүлүүдө. Силердин жоомарттык менен берген тартууларыңарга терең ыраазычылык билдиребиз!