Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүнүн иши кандайча каржыланат?

Жахабанын Күбөлөрүнүн иши кандайча каржыланат?

 Биздин бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишибиз, негизинен, Жахабанын Күбөлөрүнүн чын жүрөктөн берген тартуусунун эсебинен каржыланат a. Жыйналыштарыбыз өткөрүлгөн жайларда тартуу сала турган атайын кутучалар бар. Тартуу кылуунун дагы башка жолдору «Тартуулар» деген бетте көрсөтүлгөн. Тартуу кылгысы келген киши ал беттен бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине, жергиликтүү жыйналыштын муктаждыктарына же экөөнө тең тартуу кылууну тандай алат.

 Жахабанын Күбөлөрүнөн ондук, башкача айтканда, тапкан кирешесинин ондон бир бөлүгүн берип туруу талап кылынбайт (2 Корунттуктар 9:7). Жыйналыштарда эч кандай акча чогултулбайт, киргенге да акы алынбайт. Биздин уюмда чөмүлткөнү, сөөк коюу каадасын аткарганы, үлпөт тойго байланыштуу каадаларды кылганы жана башка ушул сыяктуу диний кызматтарды аткарганы үчүн акы алган диний жетекчилер жок. Акча чогултуш үчүн таттуу-паттуу жасап сатпайбыз, жарманкелерди уюштурбайбыз, лотерея ойнойтпойбуз, фестивалдарды өткөрбөйбүз, тамак-аш таратуу жана башка иш-чараларды уюштурбайбыз. Андан тышкары, башкалардан тартуу кылууну суранбайбыз. Кимдин канча салганы белгисиз бойдон калат (Матай 6:2—4). Расмий веб-сайтыбызда жана адабияттарыбызда эч кандай жарнамалар камтылбайт.

 Жахабанын Күбөлөрүнүн ар бир жыйналышында ай сайын чогулган акча-каражат тууралуу отчёт окулуп турат. Биздин жолугушууларга каалагандардын баары келе алат. Тартуу кылынган акча-каражат туура колдонулуп жаткан-жатпаганына ынаныш үчүн ар бир жыйналыштын эсеби дайыма текшерилип турат (2 Корунттуктар 8:20, 21).

Тартуу кылуунун жолдору

  •   Кутучалар. Тартууңарды акчалай же чек түрүндө Падышалык залдарындагы, жыйын залдарындагы же жыйналыштарыбыз өткөрүлгөн дагы башка жайлардагы кутучаларга салсаңар болот.

  •   Онлайн тартуу. Көптөгөн өлкөлөрдө сайтыбыздагы «Жахабанын Күбөлөрүнө тартуу кылуу» деген беттен кредит, дебет карталары аркылуу тартуу кылса болот. Ошондой эле банк аркылуу акча которсо да болот. Же сайтыбызда көрсөтүлгөн дагы башка электрондук жолдор менен тартуу кылуу мүмкүнчүлүктөрү бар b. Айрым Жахабанын Күбөлөрү ушул ыкмалардын бирин колдонуп, «бөлүп койгон» каражаты сайтыбыздагы тартуу кыла турган беттен ай сайын автоматтык түрдө кетип тургудай кылып жөндөп коюшкан (1 Корунттуктар 16:2).

  •   Пландаштырылган тартуу. Тартуу кылуунун айрым жолдору алдын ала пландаштырууну жана юридикалык жардамды талап кылат. Мындай кылуунун аркасында, өлкөңөрдөгү мыйзамга жараша, салык боюнча ар кандай жеңилдиктерге ээ болушуңар мүмкүн. Көптөр көзү тирүүсүндө же көзү өтүп кеткенден кийин бериле турган тартуу боюнча жакшы маалымат алуунун пайдасын көрүп жатышат. Төмөндө саналып өткөн ыкмалар аркылуу тартуу кылгыңар келсе, көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү филиалы менен байланышкыла.

    •   Банк эсептери

    •   Камсыздандыруу төлөмдөрү

    •   Кыймылсыз мүлк

    •   Акциялар жана баалуу кагаздар

    •   Керээз кат жана мүлктү ишеним башкаруу келишими

 Силер жашаган өлкөдө тартуу кылуунун кандай жолдору бар экенин билиш үчүн сайтыбыздагы «Жахабанын Күбөлөрүнө тартуу кылуу» деген бетке киргиле.

a Ишибизди колдош үчүн тартуу кылгысы келген Жахабанын Күбөсү болбогон адамдар да бар.