Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жетекчилери акча алабы?

Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жетекчилери акча алабы?

 Иса Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларындай эле, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарында башкалардан өзгөчөлөнгөн диний кызматчылардын тобу жок. Ар бир Жахабанын Күбөсү өзүнүн өмүрүн Кудайга арнаган кызматчы болуп эсептелет жана кабар айтуу, окутуу ишине катышат. Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштары 100дөй кишиден турат. Ар бир жыйналышта башкаларга кызмат кылууга дайындалган аксакалдар бар (Тит 1:5). Алар кылган кызматы үчүн акы алышпайт.