Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?

Интернет жок жерлерге жетип жаткан JW спутник каналы

Интернет жок жерлерге жетип жаткан JW спутник каналы

1-АПРЕЛЬ, 2021

 Биз ай сайын JW телеберүүсүнө чыккан ишенимибизди бекемдей турган программаларды жана видеолорду чыдамсыздык менен күтөбүз. Бирок Африкада жашаган көптөгөн ишенимдештерибиз телеберүүбүздөгү программаларды Интернет аркылуу көрө алышпайт. Эмне үчүн?

 Анткени Африканын көп жерлеринде Интернет абдан начар. Болсо да, же аябай жай иштейт, же өтө кымбат. Алcак, Мадагаскардагы бир райондук көзөмөлчү JW телеберүүсүнүн ошол айдагы программасын көчүрүп алыш үчүн Интернет кафесине барган. Программаны көчүрүп алганга эле 16 доллар кеткен. Айрымдар мындай акчаны бир жумада иштеп табышат a.

 Ал эми азыр Африкадагы миллиондогон адамдар JW телеберүүсүн Интернети жок эле жыргап көрүп жатышат. Кандайча?

 2017-жылдан бери Сахарадан түштүгүрөөк жайгашкан Африка өлкөлөрүнө JW телеберүүсү спутник каналы аркылуу берилип жатат. Бул канал 16 тилде берилет. Аны 7 күн бою 24 саат бекер көрүүгө болот.

Мозамбиктеги бир туугандарыбыз JW спутник каналынын антеннасын Падышалык залына орнотуп жатышат, 2018

 Бул максатка жетиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү спутник аркылуу иштеген телеберүү кызматтары менен келишим түзүшкөн. Спутник аркылуу иштеген ушундай каналдар Сахарадан түштүгүрөөк жайгашкан 35тей Африка өлкөсүндө бар. Келишимге ылайык, буга ай сайын 12 000ден ашуун доллар төлөнөт. Кээде айрым программаларды түз эфирден бериш үчүн кошумча канал колдонулат. Бул үчүн өзүнчө акча төлөнөт. Анткен менен мунун аркасында миңдегендер региондук жыйындарды жана филиалдын өкүлдөрү катышкан атайын программаларды көрө алышат.

Малавидеги жергиликтүү Долбоор/курулуш тобу JW спутник каналынан биздин программаны көрүп жатышат, 2018

 Көптөр, анын ичинде Жахабанын Күбөсү эместер да JW спутник каналын үйүнөн телевизор аркылуу көрө алышат. Бирок көптөгөн бир туугандарыбыздын спутник каналын көргөнгө өбөлгө түзгөн жабдыктарды сатып алганга да чамасы жетпейт. Ошондой ишенимдештерибиз JW телеберүүсүн көрө алышы үчүн, 3 670тен ашуун Падышалык залына спутник антенналары орнотулган. Эгер Падышалык залында телевизор же проектор бар болсо, анда антеннаны сатып алганга жана жеткиргенге 70 доллардай акча жумшалат. Ал эми телевизор менен проектор жок боло, керектүү жабдыктарды алганга 530дай доллар кетет.

 Ишенимдештерибиз спутник каналы үчүн аябай ыраазы болушууда. Камерундагы бир аксакал: «Бул менин үй-бүлөм үчүн чөлдүн так ортосуна асмандан манна жаап жаткандай эле болуп жатат»,— деген. Ал эми Нигерияда жашаган Одебоде деген бир ишенимдешибиз мындай деген: «Биз үй-бүлөбүз менен бул каналды жумасына үч жолу көрөбүз. Балдарым ошол күндөрдү аябай күтүшөт. Башка күндөрү дагы: „Ушул каналга которолучу“,— деп сурана беришет». Нигерияда жашаган Роза болсо мындай деп ой бөлүшкөн: «Мурун телевизордон жаңылыктарды эле көрө берчүмүн. JW спутник каналы туташкандан бери жаңылыктарды көргөн адатымды таштап, жыргап эле калдым. Акыркы кабарларды көрүп жатканда аябай кыжырданып, атүгүл кан басымым да жогорулап кетчү. Ал эми JW телеберүүсү жан дүйнөмдү сергитип, ишенимимди бекемдейт. Бул менин эң жакшы көргөн каналым. Муну мен Жахабанын чоң батасы деп эсептейм».

Малавидеги бир үй-бүлө спутник каналынан балдарга арналган видеолорду көрүп жатат

 Мозамбиктеги бир райондук көзөмөлчү өзү кызмат кылган райондогу Падышалык залдарына спутник каналдарынын антенналары орнотулганын билдирген. Ошол жыйналыштардагы бир туугандар JW телеберүүсүн спутник каналы аркылуу көрүш үчүн жыйналыштарга бир саат же андан эртерээк келишет.

Эфиопиядагы бир жыйналыш Интернети жок эле JW телеберүүсүнүн ай сайынкы программасын көрө алат, 2018

 2019-жылы Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында эл аралык жыйын өткөрүлгөн. Жыйындагы негизги баяндамалар, анын ичинде Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү сүйлөгөн баяндамалар тогуз жерге спутник каналы аркылуу уктурулан. Түштүк Африкадагы филиалдын жергиликтүү трансляция бөлүмүндө кызмат кылган Сфумелеле деген бир тууганыбыз мындай деген: «Мурун Интернет аркылуу баяндамаларды башка жерлерге уктурган учурларыбыз болгон. Бирок ан үчүн туруктуу, жакшы Интернет керек болчу. Баасы да кымбат эле. Ал эми JW спутник каналы аркылуу бир топ арзан болду. Үзүлбөй да жакшы угулат экен».

 Бүткүл дүйнөлүк ишке марттык менен тартуу берип жатканыңар үчүн чын жүрөктөн ыраазыбыз! Мунун аркасында Африкадагы көптөгөн бир туугандарыбыз JW телеберүүсүн спутник каналы аркылуу көрүп жатышат. Силердин donate.isa4310.com сайтында айтылган ар кандай жолдорду колдонуп берип жаткан тартууңарды жогору баалайбыз!

a Макалада сөз кылынган долларлар АКШ долларларын билдирет.