Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?

Жокчулукту жапкан молчулук

Жокчулукту жапкан молчулук

1-ОКТЯБРЬ, 2020

 Жахабанын Күбөлөрү 200дөн ашуун өлкөдө кабар айтышат, ошондой эле кырсык болгондо башкаларга жардам беришет. Бирок ошондой өлкөлөрдүн 35де гана чыгымдарга караганда түшкөн тартуулары көбүрөөк болот. Ал эми өз кем-карчын толуктай албаган калган өлкөлөр жөнүндө эмне дешке болот?

 Жетектөөчү Кеңеш дүйнө жүзүндөгү боордошторунун Жахабага сыйына алышы үчүн жана жакшы кабарды тарата алышы үчүн эмнелерге муктаж болуп жатканына кылдат байкоо салып турат. Алар түшкөн тартуулардын каякка жумшалышы керектигин жакшылап ойлонуштуруп, ошого жараша иш кылышат. Кээде айрым филиалдарга өздөрүнүн кем-карчын толуктагандан да көбүрөөк акча тартуу кылынат. Андайда артып калган каражат муктаж өлкөлөргө жөнөтүлөт. Бул — Иса Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларынын үлгүсүнө негизделген иш-чара. Алар да каражатты «тең бөлүштүрүп», бири-бирине жардам беришкен (2 Корунттуктар 8:14). Мунун аркасында алардын молчулугу муктаж болгон ишенимдештеринин кем-карчын толуктаган.

 Мындай иш-чарадан пайда алып жаткан бир туугандарыбыз кандай сезимде болууда? Мисалга калкынын жарымынан көбү күнүгө 160 сомдой акчага күн көргөн Танзания өлкөсүн алалы. Ал жактагы «Мафинга» жыйналышына Падышалык залын оңдоп-түзөгөнгө акча-каражат бөлүнүп берилген. Жыйналыштагылар ыраазычылыгын билдирип, мындай деп кат жазышкан: «Залыбыз оңдолуп-түзөлгөндөн бери жыйналышка көп киши катыша баштады. Биз Жахабанын уюмуна, дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбызга берешендиги үчүн миң мертебе ыраазыбыз! Ошонун аркасында ушундай кооз жерде Кудайыбызга сыйынып жатабыз».

 Шри-Ланканкадагы айрым бир туугандарыбыз COVID-19 пандемиясынын айынан тамак-ашка жетпей кыйналышкан. Алардын арасында Имара Фернандо жана анын кичинекей уулу Энош да бар эле. Башка өлкөдөгү ишенимдештеринин тартуу кылганынын аркасында зарыл нерселерин ала алышкан. Алар колго открытка жасап, мындай деп жазып жиберишкен: «Ошондой оор учурда бизге сүйүүсүн көрсөтүп, жардам бергени үчүн боордошторубузга чоң рахмат деп айткыбыз келет. Ушундай үй-бүлөнүн мүчөсү болгонубуз үчүн аябай бактылуубуз. Азыркы акыркы күндөрдө кыйналып жаткан бир туугандарыбыздын баарына Жахаба күч-кубат берсе экен деп тиленип турабыз».

Имара Фернандо уулу Энош менен

 Дүйнө жүзүндө өздөрү жардамга муктаж болсо да, колунда болгон нерсеси менен бөлүшкүсү келген ишенимдештерибиз аз эмес. Алсак, жогоруда айтылган Энош кичинекей кутуча жасап алып, муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам бере алышы үчүн ага акча салып турууну чечкен. Ага окшоп, Мексикада жашаган Гваделупа Альварез деген бир тууганыбыз да марттык көрсөткөн. Ал жашаган штатта туруктуу жумуш жок. Болсо да айлыгы аябай эле аз. Анткен менен ал колунда болгон нерсесин тартуу кылып турат. Гваделупа бир тууганыбыз: «Мен Жахабанын жакшылыгын, сүйүүсүн сездим. Муну башкалардын да сезип көрүшүн каалайм. Ошон үчүн аз болсо да, тартуу кылып турам. Көп түкүрсө көл болот дегендей, баарылап муктаж болгон бир туугандарыбызга көмөк көрсөтө алабыз»,— дейт.

 Жакыр өлкөлөрдөгү ишенимдештерине каражат жагынан жардам берген филиалдар мындан өздөрү да кубаныч алышат. Бразилиядагы филиалдын комитетинин мүчөсү Антони Карвало мындай дейт: «Көп жылдардан бери бизге каражат жагынан башка филиалдар колдоо көрсөтүп келген. Ошонун аркасында биздин өлкөдө аябай чоң өсүш болгон. Азыр жагдайыбыз бир топ эле жакшырды. Ошон үчүн башкаларга жардам бергенге мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биздин өлкөдөгү бир туугандарыбыздын өздөрүнүн эле эмес дүйнө жүзүндөгү ишенимдештеринин кызыкчылыгын ойлоп жатканын көрүп абдан кубанам. Алар тартуу кылып, Иса тапшырган шакирт даярдоо ишине салым кошуп жатышат».

 Жахабанын Күбөлөрү муктаж болгон ишенимдештерине кантип колдоо көрсөтө алышат? Мунун эң жакшы жолу — акчаңарды кайсы бир өлкөдөгү филиалга жөнөтүү эмес, бүткүл дүйнөлүк ишке тартуу кылуу. Тартууңарды Падышалык Залындагы «Бүткүл дүйнөлүк иш үчүн» деген белгиси бар кутучага салсаңар болот. Же donate.isa4310.com сайты аркылуу жөнөтсөңөр болот. Силердин кылган тартууңардын баарын жогору баалайбыз.