Мазмунун көрсөтүү

12-ИЮНЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Пандемия кулач жайган Руанда менен Зимбабведеги ишенимдештерибиз азык-түлүк менен камсыздалып жатат

Пандемия кулач жайган Руанда менен Зимбабведеги ишенимдештерибиз азык-түлүк менен камсыздалып жатат

Руанда менен Зимбабведеги филиалдар жергиликтүү жыйналыштагы аксакалдар менен кызматташып, коронавирустун айынан эң эле зарыл нерселерден өксүп калган ишенимдештерибизге жардам көрсөтүп жатат.

Руанда

2020-жылдын 2-апрелинде Руандадагы филиалдын комитети жыйналыш аксакалдарына кат жиберген. Анда пандемиянын кесепетинен каражат жагынан кыйналган бир туугандарыбызды аныктап, жардам бергенге көрсөтмө берилген. Маалымат топтоп аксакалдар өлкөдөгү ишенимдештерибизди азык-түлүк жана эң эле керектүү нерселер менен камсыз кылыш үчүн зарыл чараларды көрө башташты.

Апрелдин орто ченинде Руанданын филиалына караштуу аймакта 31 кырсык болгондо жардам берүү комитети (КЖК) түзүлдү. Алар муктаж болгон үй-бүлөлөргө жүгөрү унун, күрүч, төө буурчак, туз, шекер, суу май таратып беришти. Ушу кезге чейин 7 000ден ашык үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Андай жардам алган Низеимана Чарлоте менен үч баласы: «Пандемия желкеден басып турган азыркы оор мезгилде рухий жактан кам көрүп, тамак-аш жагынан да кем калтырбаганыңарга чоң рахмат. Ыраазычылыгыбызды сөз менен жеткире албай турабыз»,— деп айтышты.

Башка бир ишенимдешибиз жардам көрсөтүлөрүн уккан күнү эмне болгонун мындай деп айтып берет. «Ошол күнү жетиштүү тамактанбагандыктан аялымдын алы кетип жатып калган эле. Анан капысынан жыйналыштагы бир байке чалып, үй-бүлөбүзгө азык-түлүк бөлүнүп берилгенин айтты. Муну такыр күткөн эмеспиз. Жахабага ыраазычылык билдирип, түнү бою тиленип чыктым».

Зимбабве

Өлкөдө азык-түлүк ансыз деле жетишсиз болгон азыркы учурда COVID-19 илдети абалды ого бетер оордотту.

Зимбабведеги филиалдын карамагында 5 КЖК түзүлдү. Андан сырткары, бардык жарчылар кысталыш жагдайга туш болгон ишенимдештерине жардам бериш үчүн азык-түлүк жана башка керектүү нерселерди тартуу кылганга чакырылды. Учурда чогултулган нерселер кыйналгандарга таратылып жатат.

Ушу күнгө чейин жардам берүү комитеттери 7 319 жарчыга 62 669 тонна жүгөрү уну, 6 269 литр суу май, 3 337 килограмм кургатылган балык, 5 139 килограмм төө буурчак таратты.

Ыйык Китепти изилдеп, жыйналыштарга калбай катышкан бир жубайлар да тамак-аш жагынан кыйнала баштаган экен. Анан изилдөө өткөргөн бир тууганыбыз аларга азык-түлүк алып келип бергенде аябай ыраазы болушкан. Бир эле күн мурун ага чейин барып жүргөн чиркөөсүнүн башчысы аларга кайрылып тартуу кылышын сураныптыр. Көрсө, аялы экөө чакан дүкөн сатып алганы жатышыптыр. Жахабанын Күбөлөрү андан таптакыр айырмаланарына көзү жеткен жубайлар ал чиркөөдөгү мүчөлүгүнөн расмий түрдө баш тартууну чечишкен.

Жахабанын жардам бериш үчүн кылынып жаткан бардык иш-аракеттерге батасын берерине жана Руанда менен Зимбабведеги бир туугандарыбызды керектүү нерселер менен камсыз кыларына толук ишенебиз (Элчилер 11:29).