Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Баңгизатка байланып калгандарга Ыйык Китеп жардам бере алабы?

Баңгизатка байланып калгандарга Ыйык Китеп жардам бере алабы?

 Жыл сайын ар кандай баңгизаттарды, анын ичинде мыйзамсыз сатылгандарын колдонгондун аркасында миллиондогондордун өмүрү кыйылат. COVID-19 пандемиясынын убагында бул көйгөй ого бетер күч алды. Ыйык Китептеги даанышман кеңештер көптөргө баңгизаттан арылганга жардам берип келет. Эгер силер да ушундай жаман адат менен алпурушуп жүргөн болсоңор, Ыйык Китеп силерге да көмөк кылат a.

Бул макалада:

 Баңгизатка байланып калгандардын жардамды Ыйык Китептен издегени эмне үчүн туура?

 Жалгызсыроо, стресс, тынчсыздануу жана депрессия сыяктуу нерселер көбүнчө баңгизатка байланып калууга алып келет. Ыйык Китеп силерге Кудайга болгон бекем ишеним өрчүткөнгө жардам берет. Бул болсо, баңгизатка көз каранды кылган терс сезимдер менен күрөшкөнгө күч берет. Ыйык Китептен канткенде Кудай менен ынак дос боло аларыңарды билесиңер (Забур 25:14). Кудайдын жардамы менен өзүңөрдүн алыңар жетпечүдөй көрүнгөн кыйынчылыктарды да жеңе аласыңар (Марк 11:22—24).

 Баңгизаттын туткунунан бошоткон Ыйык Китепке негизделген төрт кадам

  1.  1. Жахаба Кудайды b таанып билгиле (Жакан 17:3). Ал — биздин жаратканыбыз жана кудурети чексиз Кудай. Мындан сырткары, биздин мээримдүү Атабыз. Жахаба силер менен ынак болгусу жана зор күчүн силерге жардам бергенге колдонгусу келет (Ышая 40:29—31; Жакып 4:8). Эгер анын сүйүүсүнө чулганып жашаш үчүн кадам шилтесеңер, ал силердин келечегиңерди кең кылат (Жеремия 29:11; Жакан 3:16).

  2.  2. Жахабадан жардам сурагыла. Кудайдан баңгизатты таштаганга жардам беришин сурап тиленгиле. Анын аркасында «ыйык [же таза], Кудайга жаккан» киши боло аласыңар (Римдиктер 12:1). Кудай өзүнүн ыйык руху, башкача айтканда, иш-аракет кылуучу күчү аркылуу силерге «адаттан тышкаркы күч» берет (2 Корунттуктар 4:7; Лука 11:13). Мындай күч баңгизаттын чынжырын үзгөнгө, Кудайга жаккандай киши болгонго көмөк кылат (Колосалыктар 3:9, 10).

  3.  3. Акылыңарды Кудайдын ойлору менен толтургула (Ышая 55:9). Кудай «акылыңарга түрткү берүүчү күч менен... жаңыланганга», башкача айтканда, ой жүгүртүүңөрдү өзгөрткөнгө көмөк кылат (Эфестиктер 4:23). Мунун аркасында баңгизаттан баш тартканга чечкиндүү болуп каласыңар. Кудайдын ойлору Ыйык Китепте жазылгандыктан, аны күнүгө окуганыңар маанилүү (Забур 1:1—3). Көптөр анда жазылгандардын маани-маңызын түшүнгөнүнүн пайдасын көрүп жатышат (Элчилер 8:30, 31). Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти талкуу иретинде акысыз изилдегенди сунуш кылышат. Ошондой эле биз силерди жолугушууларыбызга чын жүрөктөн чакырабыз. Ал жактан Кудайдын Сөзүн изилдейбиз жана анда жазылгандарды жашообузда кантип колдонсок болорун үйрөнөбүз.

  4.  4. Жакшы чөйрө тандагыла. Досторуңар силерге күчтүү таасир этет. Алар баңгизатты таштаганга же жардам берет, же тескерисинче, анын сазына батырат (Накыл сөздөр 13:20). Кудай ага сыйынган адамдардын арасынан жакшы досторду табышыңарды жана алардын таасири менен жакшы жакка өзгөрүшүңөрдү каалайт (Забур 119:63; Римдиктер 1:12) Кантип көңүл ачып жатканыңарга да маани бергиле. Себеби көргөн, уккан же окуган нерселериңер чөйрөдөй эле таасир этет. Туура иш кылам деген чечкиндүүлүгүңөрдү солгундаткан нерселердин баарынан оолак болгула (Забур 101:3; Амос 5:14).

 Баңгизаттын кулчулугунан чыкканга жардам берген Ыйык Китептеги аяттар

 Забур 27:10: «Мени ата-энем таштап кетсе да, Жахаба кабыл алат».

 «Мен атамды эч качан көргөн эмесмин. Ошон үчүн ичим аңгырап бопбош боло берчү. Бирок Жахабанын чыныгы Кудай экенин жана мени жакшы көрөрүн билгенден кийин жашоонун маңызын таптым, баңгизатты да таштай алдым» (Уилби, Гаити).

 Забур 50:15: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү мени чакыр. Мен сени куткарам»

 «Ушул аят мага дайыма атүгүл азгырыкка алдырып койгон күндөрү да күч берчү. Жахаба сөзүнө туруп колдоду» (Сергий, Украина).

 Накыл сөздөр 3:5, 6: «Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа. Бардык жолдоруңда Кудайды эстеп жүр, ошондо ал сенин жолдоруңду түздөйт».

 «Бул аяттар өзүмө эмес, Жахабага таянганга көмөк кылды. Жахабанын күчү менен жашоомду түп-тамыры менен өзгөртө алдым» (Мишель, Италия).

 Ышая 41:10: «Коркпо, анткени мен сени мененмин. Элеңдебе, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем, жардам берем, сени адилдик боюнча оң колум менен колдойм».

 «Баңгизат колдонбой калганда дене боюм калчылдап, жанымды коёрго жер таппай калчумун. Бул аят мага Жахабанын мени ушул аңдан алып чыгарына ынандырды. Ал чын эле алып чыкты» (Энди, Түштүк Африка).

 1 Корунттуктар 15:33: «Алданбагыла. Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат».

 «Баңгизатты биринчи жолу жаман досторум сунуш кылгандыктан татып көргөм. Анан анын сазына батып кеттим. Ошол досторум менен мамилемди үзүп, өзүм суктанып жүргөн, Кудайдын алдында таза жашаган кишилер менен дос болгондон кийин гана баңгизаттан арыла алдым» (Айзек, Кения).

 2 Корунттуктар 7:1: «Денебиз менен рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланалы».

 «Бул аят мага ден соолугумду талкалаган, денемди ууландырган жаман адаттан арылганга бүт күчүмдү жумшай бергенге түрткү берген» (Роза, Колумбия).

 Филипиликтер 4:13: «Анткени мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам».

 «Өзүмдүн күчүм жетпейт болчу. Ошон үчүн Кудайдан баңгизатты таштаганга жардам берчи деп тилендим. Ал мага жетиштүү күч берди» (Патрисия, Италия).

 Ыйык Китептин жардамы менен жаман адатын жеңгендер жөнүндөгү дагы башка окуялар

 Жозеф Эренбоген зордук-зомбулук өкүм сүргөн чөйрөдө чоңойгон. Ал ичимдикке, тамекиге, марихуана жана героинге берилип кеткен. Баңгизатты өтө көп колдонуп алып далай жолу өлүп кала жаздаган. Ага оңоло аларына Ыйык Китептеги бир аят түрткү берген. Ал тууралуу «Мен аялдарды да, өзүмдү да сыйлап калдым» деген макаладан окуп көргүлө.

 Дмитрий Коршунов аракты таштаганга канча аракет кылбасын, кайра эле ичип алчу. Ага ушул адатынан арылганга эмне жардам бергенин билиш үчүн «Жашоомо тоюп кеткем» деген видеону көргүлө.

 Ыйык Китепте баңгизатка болгон көз карандуулуктан арылыш үчүн дарыланууга тыюу салынабы?

 Жок. Анткени Кудайдын Сөзүндө: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж»,— делет (Матай 9:12). Кошмо Штаттардагы Наркология улуттук институтунун билдирүүсүнө ылайык, «баңгизаттан көз каранды болуу бул — олуттуу оору. Андыктан кишинин мен таштайм деп ниет кылганы жана эркинин күчтүү болгону жетишсиз». Мындай жаман адат менен күрөшүп жүргөндөрдүн өзүн өзү кармай билгени, аны таштоого чечкиндүү болгону маанилүү болсо да, Кудайдын күчү алда-канча кубаттуу. Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуп баңгизатты таштагандардын көбү медициналык жардам алыш үчүн доктурга кайрылышкан c. Мисалы, Аллен деген бир киши мындай деп ой бөлүшөт: «Аракты таштап жаткан учурда бүт денем сыздатып ооруган. Ошондо Ыйык Китептен билим алып жатсам дагы мага доктурлардын жардамы керек экенин түшүнгөм».

 Ыйык Китепте баңгизатты медициналык максатта колдонууга тыюу салынабы?

 Жок. Кудайдын Сөзүндө спирт ичимдиктеринин кайсы бир илдетти дарылоодо же өлүм алдында жаткан кишинин оорусун басаңдатыш үчүн колдонулганы тууралуу жазылганы чын (Накыл сөздөр 31:6; 1 Тиметей 5:23). Анткен менен ооруну басаңдатыш үчүн баңгизат колдонуу, спирт ичимдиктери сыяктуу эле, күчтүү көз карандуулукка алып келиши мүмкүн. Андыктан доктур жазып берген ооруну азайткан дарыларды канча ичип жатканыбызга олуттуу көңүл бурушубуз керек. Ошондой эле кооптуу жактарын эске алганыбыз маанилүү (Накыл сөздөр 22:3).

a Бул макалада негизинен баңгизатка байлануу тууралуу сөз жүрөт. Бирок андагы Ыйык Китептеги принциптер башка адаттар, мисалы, спирт ичимдигин кыянат колдонуу, чылым чегүү, ашыра тоюу, кумар оюндарына берилүү, порнография көрүү же социалдык тармактарга байланып калуу сыяктуу адаттар менен күрөшкөнгө жардам берет.

b Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деген макаланы окуп көргүлө.

c Баңгизатты таштоого ооруканаларга, дарылоо жана реабилитация борборлоруна кайрылуу жардам бериши ыктымал. Ар бир киши дарылоо ыкмаларын кылдат талдап чыгып, жекече чечим чыгарышы абзел (Накыл сөздөр 14:15).