Мазмунун көрсөтүү

Ыйык рух деген эмне?

Ыйык рух деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык рух бул — Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү (Микей 3:8; Лука 1:35). Кудай өзүнүн эркин аткарыш үчүн ыйык рухун каалаган жерге жиберет (Забур 104:30; 139:7).

 Ыйык Китептеги «рух» деген сөз руах деген еврей сөзүнөн жана пневма деген грек сөзүнөн келип чыккан. Бул сөздөр көп учурда Кудайдын иш-аракет кылуучу күчүнө, башкача айтканда, ыйык рухуна карата колдонулат (Башталыш 1:2). Бирок алар төмөндөгүдөй да мааниге ээ:

 Булардын баарын көзүбүз менен көрө албасак да, алардын бар экенин тана албайбыз. Ошо сыңары, Кудайдын ыйык руху «шамал сыяктуу көзгө көрүнбөйт. Ал материалдык эмес, рухий нерсе жана абдан кубаттуу күч» («Жаңы Келишимдеги сөздөрдүн түшүндүрмө сөздүгү», У. Е Вайн).

 Ыйык Китепте Кудайдын ыйык рухуна карата кээде «кол» же «манжалар» деген сөздөр да колдонулат (Забур 8:3; 19:1; Лука 11:20, шилтеме; салыштыр: Матай 12:28). Чебер уста бир нерсени манжалары менен жасагандай эле, Кудай кайсы бир ишти аткарыш үчүн ыйык рухун колдонот. Мисалы, ал ыйык рухун колдонуп:

Ыйык рух инсан эмес

 Ыйык Китепте Кудайдын ыйык рухуна карата колдонулган «кол», «манжалар» же «дем» деген сөздөрдөн ыйык рухтун инсан эмес экенин айкын көрүүгө болот (Чыгуу 15:8, 10). Устанын колу өз алдынча эч нерсе кыла албагандай эле, Кудайдын ыйык руху да Кудайдын буйругусуз өз алдынча эч нерсе кыла албайт (Лука 11:13). Ошондой эле Ыйык Китепте ыйык рух сууга салыштырылат жана ишеним, билим сыяктуу нерселер менен бирге саналып өтөт. Бул анын инсан эмес экенин тастыктап турат (Ышая 44:3; Элчилер 6:5; 2 Корунттуктар 6:6).

 Ыйык Китепте Кудайдын ысмы Жахаба, ал эми Уулунун ысмы Иса Машаяк экени жазылган, бирок анын бир да жеринде ыйык рухтун аты бар экени айтылбайт (Ышая 42:8; Лука 1:31). Иса Машаяктын ысмы үчүн азап чеккен Степанга аян аркылуу асмандагы нерселер көрсөтүлгөндө ал үч инсанды эмес, экөөнү эле көргөн. Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Ыйык рухка толгон Степан болсо асманды карап, Кудайдын даңкын жана Анын оң жагында турган Исаны көрдү»,— деп жазылган (Элчилер 7:55). Степанга ошол аянды көрсөтүш үчүн Кудай өзүнүн ыйык рухун колдонгон.

Ыйык рух жөнүндөгү жаңылыш түшүнүктөр

 Жаңылыш түшүнүк: Ыйык Китептин «Үмүт нуру» котормосундагы 1 Жакан 5:7, 8-аяттар «Ыйык Рухтун» инсан экенин жана Үчилтиктин бир бөлүгү экенин көрсөтүп турат.

 Факт: Ыйык Китептин «Үмүт нуру» котормосунда 1 Жакан 5:7, 8 мындай деп берилген: «Асманда үчөө күбөлөндүрөт: Ата, Сөз жана Ыйык Рух. Бул үчөө бир. Жерде үчөө күбөлөндүрөт». Бирок изилдөөчүлөр бул сөздөрдү Жакандын жазбаганын жана алардын Ыйык Китептин түп нускасында кездешпей турганын аныкташкан. Бул тууралуу Брюс Мецгер деген бир профессор: «Бул сөздөр жалган. Алардын Жаңы Келишимде болбошу керектиги айдан ачык»,— деген («A Textual Commentary on the Greek New Testament»).

 Жаңылыш түшүнүк: Ыйык Китепте ыйык рух жандуу нерсе катары сүрөттөлөт. Ошондуктан аны инсан деп айтууга негиз бар.

 Факт: Ыйык Китепте ыйык рух кээде жандуу нерсе катары сүрөттөлөт. Мисалы, Иса Машаяк ыйык рухту жетектей турган, сүйлөй турган, уга турган, даңктай турган «жардамчы» деп атаган (Жакан 16:7—15). Бирок бул анын аң-сезимге ээ инсан экенин далилдебейт. Анткени Ыйык Китепте акылмандык, өлүм, күнөө сыяктуу нерселер да кээде жандуу нерсе катары сүрөттөлөт (Накыл сөздөр 1:20; Римдиктер 5:17, 21). Маселен, акылмандык «карындаш» катары сүрөттөлөт, ал эми күнөөнүн «көз артууну пайда кылаары», «алдаары», «өлтүрөөрү» айтылат (Накыл сөздөр 7:4; Римдиктер 7:8, 11).

 Жаңылыш түшүнүк: «Ыйык рухтун атынан чөмүлүү» деген сөздөр ыйык рухтун инсан экенин көрсөтүп турат.

 Факт: Ыйык Китепте «ат» же ысым деген сөз кээде кимдир бирөөнүн күчкө же бийликке ээ экенин көрсөтүш үчүн колдонулат (Мыйзам 18:5, 19—22; Эстер 8:10). Кыргыз тилинде да «өкмөттүн атынан» деген сөз айкашы колдонулат. Бирок ошону укканда биз өкмөттү инсан деп эч качан элестетпейбиз. Анда «ыйык рухтун атынан» чөмүлүү деген эмнени билдирет? «Ыйык рухтун атынан» чөмүлүү деген ошол адамдын ыйык рухтун Кудайдын күчү экенин жана анын Кудайдын ой-ниетинде аткарган ролун түшүнөрүн билдирет (Матай 28:19).

 Жаңылыш түшүнүк: Иса Машаяктын элчилери жана башка алгачкы жолдоочулары ыйык рухту инсан деп эсептешчү.

 Факт: Ыйык Китепте андай деп айтылбайт. «Британ энциклопедиясында»: «Ыйык Рух кудайга окшогон инсан деген ишеним 381-жылы Константинополь соборунда кабыл алынган»,— деп жазылат. Ал окуя Иса Машаяктын акыркы элчиси көз жумгандан 250 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин болгон.