Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ичимдикти кыянат пайдаланбаганга эмне жардам берет?

Ичимдикти кыянат пайдаланбаганга эмне жардам берет?

 Айрымдар стресс болгондо, жалгызсыраганда же зериккенде ичимдикти көп ичип коюшат. Ал эми силерчи? Адаттагыдан көбүрөөк ичип жаткан жоксуңарбы? Эгер ошондой болсо, канткенде ичимдик ичүүдө тең салмактуу боло аласыңар? Ага көз каранды болуп калбаш үчүн эмне кылсаңар болот? Анда ичимдикти кыянат колдонбогонго жардам берген айрым кеңештерди карап чыгалы.

 Чени менен ичүү деген эмнени билдирет?

 Ыйык Китепте эмне делет? «Шарапка мас болгондордун... арасында болбо» (Накыл сөздөр 23:20).

 Көңүл бургула: Ыйык Китепте ичимдикти чени менен ичүүгө тыюу салынбайт (Насаатчы 9:7). Бирок анда ченеми менен ичүүнүн, өтө көп ичүүнүн жана аракечтиктин ортосунда айырма бар экени айтылат (Лука 21:34; Эфестиктер 5:18; Тит 2:3). Өтө көп ичүү аракечтикке алып барбашы деле мүмкүн. Анткен менен ал туура чечим чыгарганга тоскоолдук кылат, ден соолугуңарды талкалайт же башкалар менен болгон мамилеңерди бузат (Накыл сөздөр 23:29, 30).

 Айрым өлкөлөрдө ичимдик ичүүнүн опурталдуу кесепеттери менен анча-мынча кесепеттери аныкталган. Бул адамдын бир күндө стандарттык өлчөмдө канча жолу ичимдик ичкенине жана бир жуманын ичинде канча жолу ичимдик ичкенине жараша эсептелген a. Бирок ичимдик ар кимге ар кандай таасир этет. Айрымдарга кээде такыр эле оозго албай койгону туура болот. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык:

 «Төмөнкү учурларда бир же эки өлчөм ичимдик ичүү көп болуп калышы мүмкүн. Мисалы:

  •   Машине айдап баратсаңар же техника менен иштеп жатсаңар

  •   Кош бойлуу болсоңор же бала эмизип жатсаңар

  •   Дары-дармек ичип жүрсөңөр

  •   Кайсы бир оорудан дарыланып жатсаңар

  •   Ичкенде өзүңөрдү кармай албасаңар»

 Ичимдикке берилип баратканыңардын белгилери

 Ыйык Китепте эмне делет? «Жолдорубузду текшерели, изилдейли» (Жеремиянын ыйы 3:40).

 Көңүл бургула: Эгер канча ичип жатканыңарды дайыма текшерип, зарыл болсо, өзгөрүүлөрдү кылсаңар, өзүңөрдү ичимдиктин зыяндуу кесепеттеринен коргой аласыңар. Төмөнкү белгилер ичимдик силердин кожоюнуңарга айланып баратканын көрсөтөт.

  •   Чер жазыш үчүн сөзсүз ичимдик ичишим керек деп ойлоо. Силер эс алыш үчүн, башкалар менен ачылып сүйлөшүш үчүн же көңүлүңөрдү көтөрүш үчүн ичимдик ичишим керек деп эсептейсиңер. Ошондой эле кыйынчылыктарыңарды унутуш үчүн ичимдик ичесиңер.

  •   Адаттагыдан көп ичүү. Силер мурдагыга караганда бат-баттан ичип калдыңар. Ичимдик баштагыдай таасир этиши үчүн, улам күчтүүрөгүнө өтө баштадыңар.

  •   Ичимдиктин айынан көйгөйлөрдүн пайда болушу. Андай көйгөйлөр жумушуңарда же үй-бүлөңөрдө пайда боло баштады. Мисалы, ичимдикке тапканыңардан да көбүрөөк акча корото баштадыңар.

  •   Ичип алып кооптуу нерселерди кылуу. Алсак, ичип алып машине айдайсыңар, сууда сүзөсүңөр же техника менен иштейсиңер.

  •   Башкалардын силердин ичимдик ичип жатканыңарга тынчсызданышы. Жакындарыңар сарсанаа болуп жатканын айтканда, актанып киресиңер. Башкаларга көрсөтпөй ичкенге аракет кыласыңар же канча ичип жатканыңарды жашырып, калп айтасыңар.

  •   Ичкиликти таштай албай кыйналуу. Азыраак ичкенге же ичкиликти таштаганга аракет кылсаңар да, күчүңөр жетпей келет.

 Ичимдикке кул болбогонго жардам берген беш кеңеш

 1. План түзүп алгыла

 Ыйык Китепте эмне делет? «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет» (Накыл сөздөр 21:5).

 Колдонуп көргүлө: Жуманын кайсы күндөрү ичериңерди белгилеп алгыла. Ошол күндөрү канча ичериңерге чек койгула. Ошондой эле бир жумада, бери дегенде, эки жолу такыр оозго албаганга аракет кылгыла.

 Ичимдик боюнча британиялык бир эмгекте мындай делген: «Ичимдикке көз каранды болуп калуу ыктымалдыгын төмөндөтүүнүн эң жакшы жолу — андан эс алып туруу».

 2. Планыңарды ишке ашыргыла

 Ыйык Китепте эмне делет? «Ишти... аягына чыгаргыла» (2 Корунттуктар 8:11).

 Колдонуп көргүлө: Ичимдиктин стандарттуу өлчөмдөрү тууралуу билип алгыла. Бул силерге канча ичсеңер болорун аныктап, ошол ченден ашпаганга жардам берет. Ичимдиктин ордуна курамында спирти жок суусундуктарды ичкиле. Аларды оңой ала ала турган жерге коюп койгула.

 Кошмо Штаттардагы ичимдикти кыянат колдонуу жана аракечтик боюнча улуттук институттун билдирүүсүндө: «Кичинекей эле өзгөрүүлөр ичкиликке байланыштуу көйгөйлөрдү жеңгенге бир топ жардам берет»,— деп айтылган.

 3. Чыгарган чечимиңерге бек тургула

 Ыйык Китепте эмне делет? «„Ооба“ дегениңер „ообаны“, „жок“ дегениңер „жокту“ билдирсин» (Жакып 5:12).

 Колдонуп көргүлө: Сылык, ошол эле учурда олуттуу түрдө „жок“ деп айтканга даяр болгула. Ошондо түзүп алган планыңарга каршы келген учурларда кимдир бирөө ичимдик сунуштаса, азгырылбайсыңар.

 Кошмо Штаттардагы ичимдикти кыянат колдонуу жана аракечтик боюнча улуттук институттун билдирүүсүндө: «Ичимдик сунушталганда, канчалык батыраак „жок“ деп жооп берсеңер, аны четке кагуу ошончолук оңой болот»,— делет.

 4. Чечимиңердин пайдасына көңүл топтогула

 Ыйык Китепте эмне делет? «Иштин аягы башталышынан жакшы» (Насаатчы 7:8).

 Колдонуп көргүлө. Ичкилик ичүүнү эмне үчүн көзөмөлгө алгыңар келип жатканын тизмелеп чыккыла. Ал тизмеге уйкунун жакшырышы, ден соолугуңардын чыңдалышы, акча-каражаттын үнөмдөлүшү жана башкалар менен болгон мамилеңердин жакшырышы кириши мүмкүн. Башкаларга чыгарган чечимиңер тууралуу айтып жатканда канчалык оор болуп жатканына эмес, кандай пайда алып жатканыңарга көңүл топтогула.

 5. Кудайдан жардам сурап жалынгыла

 Ыйык Китепте эмне делет? «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам» (Филипиликтер 4:13).

 Колдонуп көргүлө: Эгер ичкиликке байланыштуу көйгөйүңөр бар болсо, Кудайдан жардам сурап тиленгиле. Андан күч беришин жана өзүңөрдү кармай билгенге жардам беришин сурагыла b. Ошондой эле анын Сөзүнөн, Ыйык Китептен, буга байланыштуу кандай даанышман кеңештер бар экенин билип көргүлө. Кудайдын жардамы менен ичкилик ичүүдө тең салмактуу боло аласыңар.

a Мисалы, Кошмо Штаттардын ден соолук жана коомдук кызматтар боюнча бөлүмүнүн отчёту көрсөткөндөй, ичимдик ичүүнүн кесепеттери төмөнкү учурларда опурталдуу болот: «Аялзаты үчүн стандарттык өлчөмдө бир күндө 4 же андан көп жолу ичүү, ал эми жумасына стандарттык өлчөмдө 8 же андан көп жолу ичүү опурталдуу болуп эсептелет. Эркектер үчүн стандарттык өлчөмдө күнүнө 5 же андан көп жолу ичүү, ал эми жумасына стандарттык өлчөмдө 15 же андан көп жолу ичүү опурталдуу болуп эсептелет». Ичимдиктин стандарттык өлчөмү ар кайсы өлкөдө ар кандай. Андыктан канча ичсеңер, ден соолугуңарга зыян келбей турганын билиш үчүн доктуруңарга кайрылгыла.

b Эгер ичкиликти таштай албай жатсаңар, атайын адистерге кайрылганыңар туура болот.