Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте дүйнөдөгү суунун тартыштыгы тууралуу эмне делет?

Ыйык Китепте дүйнөдөгү суунун тартыштыгы тууралуу эмне делет?

 Өмүр сүрүш үчүн баарыбызга тең таза суу керек. Бирок БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш айткандай, «дүйнө жүзү боюнча сууга болгон талап өсүп жаткандыктан, суунун тартыштыгы кризиске айланды». Учурдагы жагдайды ала турган болсок, дүйнө жүзүндөгү миллиарддаган адамдар ичкенге жарактуу таза сууга жетпей калды.

Strdel/AFP via Getty Images

 Бардык адамдар таза сууга жете турган убак келеби? Же суу тартыш болуп, анын азабын тартып жашай беребизби? Ыйык Китепте эмне делет?

Ыйык Китепте суу тууралуу кандай убадалар жазылган?

 Ыйык Китепте суунун тартыштыгы бир күнү жоюлары жазылган. Тагыраак айтканда, келечекте жер бетинде таза суу мол болот.

 «Чөлдө суу, чөлдүү түздүктө суу агымдары оргуштайт. Куйкаланган жер камыштуу көлмөгө, какшыган жер суу булактарына айланат» (Ышая 35:6, 7).

 Ыйык Китептеги бул убадага эмне үчүн ишенсек болот? Жер планетасына байланыштуу Ыйык Китепте айтылган бир өзгөчөлүккө токтололу.

Ыйык Китепте жер жана суунун айланышы тууралуу эмне делет?

 «[Кудай жерди] куру бекер эмес, эл отурукташышы үчүн жараткан» (Ышая 45:18).

 Кудай жерди тиричилик болуп тургудай кылып жараткандыктан, таза суунун болушуна өбөлгө түзгөн табигый процесстерди да ишке киргизген.

 «[Кудай] суу тамчыларын жогору тартат, алар жамгыр менен туманга айланат. Ошондо булуттардан суу тамчылайт, адамзатка мол төгүлөт» (Аюп 36:27, 28).

 Жөнөкөй сөз менен айтканда, суу дайыма жетиштүү болушу үчүн, Кудай табигый, туруктуу процесстерди долбоорлогон. Жердеги жана деңиздеги суу бууланып, суу тамчыларына айланат да, жаан болуп кайра жерге жаайт. Адамдар менен жаныбарлар ушундайча таза суу менен камсыз болуп турат (Насаатчы 1:7; Амос 5:8).

 «Мен өз убагында жамгыр жаадырам, жер өз түшүмүн берет, талаадагы дарактар да жемиш берет» (Лебилер 26:4).

 Кудай дыйканчылык менен күн көргөн байыркы ысрайыл элин суудан өксүткөн эмес. Натыйжада алар мол түшүм жыйнашчу. Бул Кудайдын батасы болгон. Бүгүн деле, жер жетиштүү азык-түлүк өндүрүп чыгарышы үчүн, жаан өз убагында жетиштүү өлчөмдө жаап турушу керек. Муну Кудай жакшы билет.

 Ал байыркы ысрайыл эли үчүн эмнелерди кылса, жакында ошолорду бүтүндөй жер жүзүндө кылат (Ышая 30:23). Учурда дүйнө жүзүнүн көп бөлүгүндө суу барган сайын тартыш болуп баратат. Жаандын жетишсиздиги бул көйгөйдүн чекеси эле. Суунун тартыштыгы кандайча чечилери жөнүндө Ыйык Китепте дагы эмне делген?

Суу кризиси кандайча чечилет?

 Ыйык Китептен билгенибиздей, Кудай өзүнүн Падышалыгы аркылуу Жер планетасына тиешелүү көйгөйлөрдүн баарын, анын ичинде суу кризисин чечет (Матай 6:9, 10). Кудайдын Падышалыгы — бүтүндөй жердин үстүнөн башкара турган асмандагы өкмөт (Даниел 2:44; Аян 11:15). Кудайдын Падышалыгы бир да өкмөт кыла албаган нерсени ишке ашырат. Тагыраак айтканда, суунун тартыштыгына алып келген көйгөйлөрдү тамыры менен жулат.

 Көйгөй: Табияттагы суунун айлануусундагы тең салмактуулуктун бузулушуна алып келген себептердин бири — климаттын кескин өзгөрүшү. Мунун кесепетинде айрым жерлер кургактыктан жабыр тартып жатат. Башка жерлерди болсо, жаан чакалап төккөндүктөн же деңиздин деңгээли көтөрүлгөндүктөн, суу каптап жатат.

 Чечилиши: Кудайдын Падышалыгы жаратылыштагы табигый процесстерди жөнгө салат. Ошонун аркасында Жер планетасы өзүн-өзү калыбына келтирет. Кудай: «Мына, мен бардыгын жаңы жаратып жатам»,— деп убада берген (Аян 21:5). Кудайдын ушул убадасы аткарылган убакта кургап, какшып калган жерлерде суу оргуштап агат. Ошондой эле азыр эл отурукташпаган ээн жерлер бакчадай гүлдөйт (Ышая 41:17—20). Кудайдын Падышалыгынын Падышасы Иса Машаяк келечекте табият күчтөрүн да колго алат.

 Иса жерде жүргөндө деңиздеги буркан-шаркан түшкөн шамалды тыйган. Ушундайча Кудай берген бийликти кантип колдонорун көрсөткөн (Марк 4:39, 41). Иса Машаяк башкарган Кудайдын Падышалыгынын бийлиги астында табигый кырсыктар өткөндүн ишине айланат. Адамдар табигый кырсык деген эмне экенин унутуп, тынчтыкка, бейкуттукка бөлөнүп жашашат.

 Көйгөй: Эртеңки күнүн ойлобогон адамдар жана алдым-жуттум уюмдар дарыяларды, көлдөрдү жана жер астындагы сууларды булгап жатышат. Бул — таза суунун тартыш болуп жаткандыгынын дагы бир себеби.

 Чечилиши: Кудай жерди тазалап, дарыяларды, көлдөрдү, деңиздерди жана жер кыртышын калыбына келтирет. Жер Бейишке айланат. Ыйык Китепте бул көркөм сөздөр менен мындайча берилген: «Ээн талаа менен какшыган жер шаттанат, чөлдүү түздүк сүйүнүп, шафрандай гүлдөйт» (Ышая 35:1).

 Табиятты же адамзатты ойлобогондордун келечеги кандай болот? Кудай: «Жерди кыйраткандарды кыйратам»,— деп убада берген (Аян 11:18; Накыл сөздөр 2:21, 22).

 Көйгөй: Жаратылыштагы табигый процесстер сууну тазалап, калыбына келтиргенче эле, адамдар эртеңки күндү ойлобой, сууну ашыгы менен сарптап коюп жатышат.

 Чечилиши: Ырас, Кудайдын Падышалыгы бийлик жүргүзгөн маалда жерде өзүмчүл адамдардын эмес, Кудайдын эрки аткарылат (Матай 6:9, 10). Кудайдын өкмөтү букара элине эң мыкты билим берет. Ышая 11:9да айтылгандай, «жер Жахаба a жөнүндөгү билимге толот». Кудайды жана анын колунан бүткөн табиятты жакшы көргөн адамдар ушундай билим алгандан кийин көздүн жоосун алган кооз планетабызга жана анын кен байлыктарына эң сонун кам көрүшөт.

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деп аталган макаланы карагыла.