Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?

Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?

Иса пайгамбар жолдоочуларын Кудайдын Падышалыгынын келишин сурап тиленүүгө үйрөткөн. Ал жер бетинде болуп жаткан үрөй учурарлык окуялар Кудайдын жүрөгүн оорутарын, адамзат туш болуп келаткан көйгөйлөрдү анын Падышалыгы гана чечип берерин жакшы билген. Анда ал Падышалык эмнелерди жүзөгө ашырат?

БУГА ЧЕЙИН ЭМНЕЛЕРДИ КЫЛДЫ?

Мурунку макаладан билгенибиздей, Иса Падышалыктын бийлик кыларына аз калганын далилдеген белгилер тууралуу айтып өткөн. Ал белгилер Кудайдын Падышалыгы асманда орноп, анын Падышасы Иса Машаяк башкара баштаганын айкын көрсөтүп турат.

Ыйык Китептен Иса бийликти колго алары менен Шайтанды жана анын жин-перилерин асмандан жерге кууганын билүүгө болот. Ошондон тартып алар жер жүзүндөгү адамдарга таасир этип келет. 1914-жылдан бери дүйнөдөгү абалдын барган сайын начарлап баратканынын себеби мына ушунда (Аян 12:7, 9).

Заман уламдан-улам оорлоп баратканына карабай, Кудайдын Падышалыгынын Падышасы Иса төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган адамдарга пайда алып келген иштерди кылууда. Маселен, ал алдын ала айткан бүткүл дүйнөлүк билим берүү ишинин аркасында көптөр Ыйык Китептен билим алып, андагы кеп-кеңештерди күнүмдүк турмушунда колдонууга үйрөнүп жатышат (Ышая 2:2—4). Ыйык Китепте жазылгандар миллиондогондорго жумушка баш-оту менен берилип кетпегенге, үй-бүлөсү менен ынтымактуу жашаганга, дүнүйө-мүлктүн кулу болбой, аны туура пайдаланганга жардам берүүдө. Алар жакшы жакка өзгөрүп, Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүүдө. Ошентүү менен Падышалыктын бийлиги алдында жашоого азыртадан эле даярданып жатышат.

ЖАКЫНДА ЭМНЕЛЕРДИ КЫЛАТ?

Иса Машаяк асмандан бийлик кылып жатса да, жердеги өкмөттөрдүн башкаруусу азырынча соңуна чыга элек. Анткен менен Кудай Исага: «Душмандарыңдын арасында үстөмдүк кыл»,— деп айткан (Забур 110:2). Андыктан жакында Иса Кудайдын бийлигине каршы чыккандардын баарын тыптыйпыл кылат, ал эми Кудайга баш ийгиси келгендерди азап-кайгыдан арылтат.

Ошол убакта Кудайдын Падышалыгы...

  • Жалган диндин таш-талканын чыгарат. Жараткан жөнүндө жалган түшүнүктөрдү жайылтып, адамдарга оор жүк арткан диндердин күнү бүтөт. Ыйык Китепте андай диндер сойкуга салыштырылат. Жалган дин жок болгондо, көптөр аң-таң болушат (Аян 17:15, 16).

  • Жердеги өкмөттөрдү талкалайт. Кудайдын Падышалыгы азыркы өкмөттөрдүн баарын талкалайт (Аян 19:15, 17, 18).

  • Ыймансыздарды жер менен жексен кылат. Жамандык кылгандан кайра тартпаган, Кудайга баш ийгиси келбеген адамдар эмне болот? «Ыймансыздар... жер бетинен жок кылынат» (Накыл сөздөр 2:22).

  • Шайтан менен жин-перилерди жок кылат. Ошондон кийин алар «элдерди адаштыра» албай калат (Аян 20:3, 10).

Ал эми Кудайдын Падышалыгын колдогон адамдардын келечеги кандай болот?

ПАДЫШАЛЫК АДАМЗАТ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕРДИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРАТ?

Иса асмандан жерди башкарганда азыркы учурдагы бир да өкмөт кылбаган иштерди аткарат. Ал жерден тандалып алынган 144 000 киши менен чогуу бийлик кылат (Аян 5:9, 10; 14:1, 3). Ошондой эле Кудайдын жерге байланыштуу ой-ниетин ишке ашырат. Эмесе, Падышалык жердин тургундары үчүн эмнелерди кыларына токтололу.

  • Ооруну, өлүмдү жок кылат. «Ошондо тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт». «Мындан ары өлүм болбойт» (Ышая 33:24; Аян 21:4).

  • Тынч, бейкут заманды орнотот. Жерде жашагандардын «тынчтыгы мол болот». «Ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжир дарагынын астында отурат. Аларды эч ким коркутпайт» (Ышая 54:13; Микей 4:4).

  • Ырахат тартуулаган жумуш менен камсыз кылат. Адамдар «өз эмгегинин үзүрүн толугу менен көрүшөт. Алар куру бекер эмгектенишпейт» (Ышая 65:22, 23).

  • Айлана-чөйрөнү калыбына келтирет. «Ээн талаа менен какшыган жер шаттанат, чөлдүү түздүк сүйүнүп, шафрандай гүлдөйт» (Ышая 35:1).

  • Адамдарга түбөлүк өмүр сүрүш үчүн зарыл болгон билим берет. «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл» (Жакан 17:3).

Кудай силердин жогоруда айтылгандардын баарына ээ болушуңарды каалайт (Ышая 48:18). Ошондой заманда жашаш үчүн азыр эмне кылсаңар болорун кийинки макаладан биле аласыңар.