Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Падышалыгың келсин». Миллиондогондордун өтүнүчү

«Падышалыгың келсин». Миллиондогондордун өтүнүчү

Кылымдардан бери миллиондогон адамдар Кудайдан: «Падышалыгың келсин»,— деп тиленип келишет. Эмне үчүн? Анткени Иса пайгамбар жолдоочуларын ушул тууралуу тиленүүгө чакырган.

Иса Машаяктын шакирттери башында Падышалык жөнүндө айрым нерселерди толук түшүнүшкөн эмес. Ошол себептен: «Мырзам, Ысрайыл падышалыгын азыр калыбына келтиресиңби?» — деп сурашкан. Иса алардын суроосуна так жооп бербегендиктен, алар таң калышса керек (Элчилер 1:6, 7). Анда Кудайдын Падышалыгы деген эмне экенин, анын качан келерин биле албайбызбы? Жок.

«Күзөт мунарасынын» ушул санынан төмөндөгү суроолорго жооп ала аласыңар:

  • Кудайдын Падышалыгынын келиши канчалык маанилүү?

  • Анын Падышасы ким?

  • Кудайдын Падышалыгы жер жүзүн качан башкара баштайт?

  • Ал эмнелерди ишке ашырат?

  • Аны эмне үчүн азыр колдошубуз керек?

  • Кудайдын Падышалыгы деген эмне?