Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Brais Seara/Moment via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Адамзатты куруткан кургакчылык. Ыйык Китепте эмне делет?

Адамзатты куруткан кургакчылык. Ыйык Китепте эмне делет?
  •   «Кытайда быйылкы жылдын жайы эң аптаптуу деп белгиленди. Тарыхта жайдын ушунчалык кургак болгону үчүнчү жолу катталды» («Гардиан», 7-сентябрь, 2022-жыл).

  •   «Африка мүйүзүндөгү кургакчылык 5 жыл катары менен уланып келатат» («Ю-эн ньюс», 26-август, 2022-жыл).

  •   «Европанын жарымынан көп бөлүгүнө кургакчылык коркунуч туудурууда. Мындай көрүнүш акыркы 500 жылдан бери боло элек болчу» («Би-би-си ньюс», 23-август, 2022-жыл)

 Көптөгөн адистер дүйнө жүзү боюнча кургакчылык барган сайын күчөй берет деп айтышууда. Анда жаркын келечекке үмүттөнгөнгө негиз барбы? Ыйык Китепте эмне делет? 

Кургакчылык жана Ыйык Китептеги пайгамбарлык

 Ыйык Китептеги биздин күндөргө байланыштуу айтылган пайгамбарлыктар:

  •   «Жер-жерлерде... ачарчылык болот» (Лука 21:11).

 Кургакчылык көп учурда тамак-аштын жетишсиздигине алып келет. Ыйык Китепте ачарчылык болору, ошондон улам адамдар азап чегери жана көз жумары алдын ала айтылган. Ошол пайгамбарлыктардын баары бүгүнкү күндө аткарылып жатат (Аян 6:6, 8).

Эмне себептен кургакчылык күч алууда?

 Ыйык Китепте кургакчылыктын эмне себептен күч алып жатканынын негизги себеби жазылган. Анда мындай делет:

  •   «Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт» (Жеремия 10:23).

 Бул адамдардын башкалардыкы мындай эле турсун, өзүнүн «кадамын багыттай албай» турганын билдирет. Ошондуктан адамдардын чыгарган туура эмес чечимдеринин кесепетинде кургакчылык, суунун жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр пайда болууда.

  •   Көптөгөн окумуштуулар глобалдык ысуу адамдардын иш-аракеттеринен улам болуп жатканын айтууда. Ал эми глобалдык ысуунун натыйжасында бүт дүйнөнү кургакчылык каптоодо. 

  •   Адамдардын ач көздүгүнөн, келечекти ойлобой иш кылганынан улам токойлор кыйылып, экология булганып, табият ресурстары туура эмес колдонулуп жатат. Ошонун кесепетинде суунун негизги булактары соолуп калуу коркунучу алдында турат.

 Бирок Ыйык Китепте жакшы келечекке үмүттөнсөк болору айтылат. 

Жашоонун оңолоруна үмүттөнсө болобу? 

 Ыйык Китепте жакында Кудайдын суунун жетишсиздигине алып келген көйгөйлөрдүн баарын чечери убада кылынган. Ал көйгөйлөр кантип чечилет? 

  1.  1. Кудай «жерди кыйраткандарды кыйратат» (Аян 11:18). Ал суунун жетишсиздигине себепкер болуп жаткан жана айлана-чөйрөгө зыян келтирген ач көз, ыймансыз адамдарды жок кылат (2 Тиметей 3:1, 2).

  2.  2. «Куйкаланган жер камыштуу көлмөгө... айланат» (Ышая 35:1, 6, 7). Кудай кургакчылыктан жапа чеккен жерлердин баарын калыбына келтирип, Жер планетабызды суусу мол бейишке айлантат.

  3.  3. «Молчулук бериш үчүн жерге көңүлүңдү бурасың, аны абдан байытасың» (Забур 65:9). Кудайдын батасы менен жер тургундарынын баары мол тамак-аш, таза суу менен камсыз кылынат.