Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машаяктын душманы деген ким?

Машаяктын душманы деген ким?

Философ Фридрих Ницше эмгектеринин бирин «Машаяктын душманы» деп атаган («The Antichrist»).

Орто кылымдагы падышалар жана императорлор аларга каршы чыккандарды Машаяктын душмандары деп эсептешкен.

Германиядагы Реформациянын жетекчиси Мартин Лютер рим-католик чиркөөсүнүн диний жетекчилерин Машаяктын душмандары деп атаган.

«МАШАЯКТЫН ДУШМАНЫ» же «антихрист» деген сөз ар кимге карата колдонулгандыктан: «Машаяктын душманы деген ким? Анын биздин күндөргө кандай тиешеси бар?» — деген суроолор туулат. Ыйык Китепте «Машаяктын душманы» деген сөз беш жолу кездешет. Анын кимди билдирерин аныктоо үчүн Ыйык Китептин өзүнө кайрылганыбыз туура болот.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепти жазгандардын арасынан «Машаяктын душманы» деген сөздү элчи Жакан гана колдонгон. Ал Машаяктын душманына кандай мүнөздөмө берген? Анын биринчи катындагы бул сөздөргө назар салсак: «Балдарым, азыр акыркы убак. Силер Машаяктын душманы келатканын уккансыңар. Чынында эле, азыр Машаяктын көптөгөн душмандары пайда болду. Акыркы убактын келгенин ушундан билебиз. Алар биздин арабызда болчу, бирок кетип калышты, анткени биздей эмес болчу... Исанын Машаяк экенин четке каккан киши жалганчы болбогондо, ким жалганчы? Ким Атабызды да, Уулун да четке какса, ал — Машаяктын душманы» (1 Жакан 2:18, 19, 22).

Элчи Жакан Иса Машаяк жана анын окуулары жөнүндө атайлап жалган маалымат тараткандардын баарын анын душманы деп эсептеген

Элчи Жакандын «Машаяктын көптөгөн душмандары» дегенине караганда, бул сөздөр бир кишини эмес, топ кишини билдирет. Ошондуктан Исанын Машаяк экенин четке каккан жана аны менен Кудайдын ээлеген абалы жөнүндө бурмаланган түшүнүктү жайылткан кишилерди же уюмдарды Машаяктын душмандары деп айтууга болот. Аларга өздөрүн Машаяк же анын өкүлүбүз деп эсептегендер кирет. Бирок алар Машаяктын чыныгы жолдоочуларынан «кетип калышкан», башкача айтканда, Ыйык Китептеги окууларга карманбай калышкан. Машаяктын душмандары элчи Жакан катын жазып жатканда эле, «акыркы убакта» эле, кыязы, Иса Машаяктын элчилери жашаган мезгилдин аягында эле, бар болчу.

Элчи Жакан Машаяктын душманы жөнүндө дагы эмнелерди айткан? Ал жалган пайгамбарлар жөнүндө сөз кылып: «Иса Машаяктын адам болуп келгенин ырастаган ар бир кабар Кудайдан. Ал эми Исанын адам болуп келгенин ырастабаган кабардын баары Кудайдан эмес, Машаяктын душманынан. Силер ошондой кабарлардын пайда болорун уккансыңар, азыр болсо алар дүйнөгө тарап жатат»,— деген (1 Жакан 4:2, 3). Кийинчерээк экинчи катында: «Дүйнөдө көптөгөн жалганчылар пайда болду. Алар Иса Машаяктын адам болуп келгенин четке кагышат. Ошенткен киши — жалганчы, Машаяктын душманы»,— деп дагы баса белгилеген (2 Жакан 7). Бул аяттардан элчи Жакандын Иса Машаяк жана анын окуулары жөнүндө атайлап жалган маалымат тараткандардын баарын анын душманы деп эсептегени айкын көрүнүп турат.

«ЖАЛГАН ПАЙГАМБАРЛАР» ЖАНА «МЫЙЗАМСЫЗДЫКТЫН КИШИСИ»

Иса Машаяк жалган пайгамбарлардын «кой терисин жамынган... карышкарлардай» болуп келерин айткан

Элчи Жакан ушундай алдамчылар жөнүндө жазганга чейин көп убакыт мурун эле Иса Машаяк өзүнүн жолдоочуларын: «Жалган пайгамбарлардан сак болгула. Алар силерге кой терисин жамынып келишет, бирок, чындыгында, алар — жырткыч карышкырлар»,— деп эскерткен (Матай 7:15). Элчи Пабыл да Иса Машаяктын Тесалоника шаарында жашаган жолдоочуларына: «Силерди кимдир бирөө тигил же бул жол менен адаштырып кетпесин, анткени ал күн келгенге чейин, Кудайдан четтөөчүлүк башталып, мыйзамсыздыктын кишиси, өлүм уулу, ачыкка чыгышы керек»,— деп жазган (2 Тесалоникалыктар 2:3).

Демек, Иса Машаяктын жолдоочуларынан турган жыйналышты бузууга ниеттенген жалган пайгамбарлар жана чындыктан четтегендер 1-кылымда эле бар болчу. Ошол убакта Иса Машаяк жана анын окуулары жөнүндө жалган ой-түшүнүктөрдү тараткандардын баары элчи Жакан Машаяктын душмандары деп атагандарга кирген. Элчи Пабыл аларды «өлүм уулу» деп атап, Кудайдын андай адамдарга карата кандай көз карашта экенин билдирген.

МАШАЯКТЫН ДУШМАНЫНЫН ТААСИРИНЕН САК БОЛУУ

Бүгүнкү күндө да Машаяктын душмандары барбы? Ооба, азыр деле Машаякка жана анын окууларына каршы чыккан адамдар жана уюмдар бар. Алар Жахаба Кудай жана анын Уулу Иса Машаяк жөнүндө жалган окууларды таратып, көптөрдү адаштырып жатышат. Андай жалган окуулардан жаа бою качышыбыз керек. Анда алардын экөөнө токтололу.

Кылымдардан бери христиан чиркөөлөрү Ата (Кудай) менен Уул (Иса Машаяк) — экөө тең бир эле Кудай деген окууну таратып келишет. Ошентип, Машаяктын ал душмандары Жахаба Кудайды жана Иса Машаякты сырдуу кылып көрсөтүп, көптөрдүн башын маң кылууда. Ыйык Китеп адамдарды Кудайды таанып-билип, ага жакындоого жана Иса Машаяктан үлгү алууга үндөйт. Ал эми жогорудагы жалган окуу буга тоскоолдук кылат (1 Корунттуктар 11:1; Жакып 4:8).

Мындан тышкары, Ыйык Китептин түп нускасында Кудайдын Жахаба деген ысымы 7 000дей жолу кездешкенине карабай, христиан чиркөөлөрүнүн диний жетекчилеринин Кудайдын ысмын колдонушпаганы жана Ыйык Китептен айрым котормолорунан Кудайдын ысмынын алынып салынганы көптөрдү ого бетер адаштырып жатат. Ошонун айынан Кудай таптакыр эле сырдуу болууда.

Ал эми Кудайдын Жахаба деген ысмын билген жүрөгү таза адамдар Кудай менен ынак мамиле өрчүтүүдө. Андай адамдардын бири Ричард Жахабанын Күбөлөрү менен алгач ирет маектешкенин мындайча эскерет: «Алар мага Ыйык Китептен Кудайдын ысмы Жахаба экенин көрсөтүп беришкенде, аябай таң калгам. Анткени ага чейин Кудайдын ысмы бар экенин билген эмесмин». Ошондон кийин Ричард жашоосун Ыйык Китептеги нормаларга ылайык өзгөртүп, Жахабага жаккыдай жашоо өткөрө баштаган. «Кудайдын ысмын билгеним мага аны менен жакын мамиле өрчүткөнгө жардам берди»,— дейт ал.

Жүздөгөн жылдардан бери Машаяктын душмандары миллиондогон адамдардан чындыкты жашырып келет. Бирок Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында биз Машаяктын душмандары ким экенин анык билип, алар жайылткан жалган ой-түшүнүктөргө алданбайбыз (Жакан 17:17).