Мазмунун көрсөтүү

Кудайдын аты барбы?

Кудайдын аты барбы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ооба, Ыйык Китепке ылайык, Кудайдын аты бар. Кудай бир пайгамбарга өзү тууралуу: «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым»,— деп айткан (Ышая 42:8). Кудайдын ошондой эле «Кудурети Күчтүү», «Эгедер Теңир», «Жараткан» деген сыяктуу көптөгөн наамдары бар (Башталыш 17:1; Элчилер 4:24; 1 Петир 4:19). Бирок Кудай биздин ага атынан атап кайрылышыбызды каалайт.

 Кудайдын ысмы Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда кездешет. Мисалы, Ыйык Китептин Чыгуу китебинин 6-бөлүмүнүн 3-аятына көңүл бурсаңар. Ал жерде Кудайдын Муса пайгамбарга: «Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка Кудурети Күчтүү Кудай катары көрүнгөм, ал эми Жахаба деген ысмым менен аларга толук ачылган эмесмин»,— деп айткан сөздөрү жазылган.

 «Жахаба» — бул Кудайдын атынын кыргызча айтылышы. Ыйык Китепти изилдеген көптөгөн окумуштуулар Кудайдын ысмы «Яхве» деп эсептешет, бирок Кудайдын ысмынын «Жахаба» деген формасы кеңири тараган. Ыйык Китептин биринчи бөлүгү байыркы еврей тилинде жазылган. Сөздөрү оңдон солго карай жазылган еврей тилинде Кудайдын ысмы יהוה деген төрт үнсүз тамгадан турат. ЙХВХ деп транслитерацияланган ал төрт тамганы «тетраграмматон» деп коюшат.