Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Жакшы ата-эне болуу деген эмнени билдирет?

Балаңарды кудайды сүйүүгө үйрөтүп жатасыңарбы?

Жубайлар бири-бирин жакшы көрсө жана кадырлап-сыйласа, балдарын эң жакшы тарбиялап-өстүрө алышат (Колосалыктар 3:14, 19). Жахаба Кудай өзүнүн Уулу Иса Машаякты мактагандай эле, жакшы ата-эне да балдарын мактап турат. (Окугула: Матай 3:17.)

Жахаба Кудай кызматчыларынын үнүн дайыма угат жана сезимдерин жакшы түшүнөт. Ата-энелер Кудайдан үлгү алып, балдарын уга билгени маанилүү (Жакып 1:19). Себеп дегенде алар балдарынын кандай сезимде болуп жатканын, анын ичинде алардын терс ойлорун да билиши керек. (Окугула: Сандар 11:11, 15.)

Канткенде жакшы тарбия бере аласыңар?

Силерде балаңарга эреже-талап коюуга бийлик бар (Эфестиктер 6:1). Ошол бийликти колдонууга байланыштуу Кудайдан көп нерсеге үйрөнө аласыңар. Мисалы, ал пенделерине мыйзам бергенде сөзсүз аны түшүндүргөн жана аны бузушса, кесепети кандай болорун айткан (Башталыш 3:3). Кудай бизди өзүнө баш ийүүгө мажбурлабайт, ал туура иш кылуунун пайдалуу экенин көрсөтүп берет. (Окугула: Ышая 48:18, 19.)

Балдарыңарды Кудайды сүйгөн инсан кылып чоңойтууну максат кылгыла. Ошондо алар силер жокто да акыл-эстүүлүк менен иш кылышат. Кудай бизге осуяттарын үйрөтүп жатып өзү үлгү болгондой эле, силер да балаңарды Кудайды сүйүүгө үйрөтүп жатып өзүңөр үлгү болгула. (Окугула: Мыйзам 6:5—7; Эфестиктер 4:32; 5:1.)