Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-БӨЛҮМ

Баланы кантип тарбиялоо керек?

Баланы кантип тарбиялоо керек?

«Мен бүгүн аткарууну буйрук кылган сөздөрдү жүрөгүңө сакта. Аларды балдарыңа... үйрөт» (Мыйзам 6:6, 7).

Жахаба үй-бүлөнү негиздегенде бала тарбиялоону ата-энеге тапшырган (Колосалыктар 3:20). Андыктан ата-эне катары силер балаңарды Жахабаны сүйүүгө үйрөтүп, жоопкерчиликтүү кылып чоңойтууга милдеттүүсүңөр (2 Тиметей 1:5; 3:15). Ошондой эле анын жүрөгүндө эмне бар экенин билүүгө аракет кылышыңар керек. Аны үлгүңөр менен тарбиялаганыңар абдан маанилүү. Эгер Жахабанын сөздөрү өзүңөрдүн жүрөгүңөрдө болсо, аларды балаңарга үйрөтүүдө ийгиликке жете аласыңар (Забур 40:8).

1 БАЛАҢАР СИЛЕРГЕ ЭРКИН КАЙРЫЛА АЛГЫДАЙ БОЛСУН

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө... шашпасын» (Жакып 1:19). Балаңардын силер менен ээн-эркин сүйлөшүшүн каалаарыңар шексиз. Ан үчүн ал силердин ар убак угууга даяр экениңерди билгидей болушу керек. Ал ой-сезимдерин оңой айта алышы үчүн, сүйлөшүп жатканыңарда жагымдуу маанай өкүм сүрүшү кажет (Жакып 3:18). Эгер балаңар силерди урушат же айыптап кирет деп корксо, ичиндегисин ачык айтпай коюшу мүмкүн. Андыктан сабырдуу болгула, аны жакшы көрөрүңөргө бат-баттан ынандырып тургула (Матай 3:17; 1 Корунттуктар 8:1).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Балаңар сүйлөшкүсү келгенде, убакыт бөлгүлө

  • Аны менен көйгөй болгондо эле эмес, дайыма пикирлешкиле

2 ОЮН ТҮШҮНҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛГЫЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Жагдайды жакшы түшүнгөн ийгиликке жетет» (Накыл сөздөр 16:20). Балаңардын кандай сезимде болуп жатканын түшүнүш үчүн анын сөздөрүнүн артында жаткан ойлорду баамдай билгиле. Балдар бир нерсени күчөтүп айтканга жакын келишет же айтпайын деген нерселерди айтып алышат. Ыйык Китепте: «Ким аягына чейин укпай туруп жооп берсе, акылсыздыгын көрсөтөт»,— делет (Накыл сөздөр 18:13). Андыктан ачууланууга шашпагыла (Накыл сөздөр 19:11).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Балаңардын айткандары силерге жакпаган күндө да, сөзүн бөлбөгөнгө, сезимге алдырбаганга аракет кылгыла

  • Андай куракта өзүңөрдүн кандай болгонуңарды, эмнелерди маанилүү деп эсептегениңерди эстегиле

3 БИР ПИКИРДЕ БОЛГУЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Уулум, атаң берген акыл-насаатка кулак сал, энең үйрөткөн мыйзамды четке какпа» (Накыл сөздөр 1:8). Кудай атага да, энеге да баланын үстүнөн бийлик берген. Балаңарды тил алчаак болууга, силерди урматтоого үйрөткүлө (Эфестиктер 6:1—3). Балдар ата-энесинин «бир ойдо» эмес экенин оңой эле сезип коюшат (1 Корунттуктар 1:10). Эгер кайсы бир нерсеге карата жарыңар менен кайчы пикирде болуп жатсаңар, ал тууралуу балдарыңар жокто сүйлөшкүлө. Болбосо алар силерди мурдагыдай сыйлабай калышы мүмкүн.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Балаңарды кантип тарбиялай турганыңар жөнүндө сүйлөшүп, бир пикирге келгиле

  • Бул тууралуу оюңар бир болбой жатса, жарыңардын оюн түшүнгөнгө аракет кылгыла

4 ОЙЛОНУШТУРГУЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Баланы туура жолго сал» (Накыл сөздөр 22:6). Балаңар өзүнөн өзү эле тартиптүү болуп калбайт. Ан үчүн аны кантип окутуп-үйрөтүүнү, анын ичинде ага кантип тарбия берүүнү ойлонуштурушуңар керек (Забур 127:4; Накыл сөздөр 13:1). Тарбиялоого жазалоо эле эмес, эреже-талаптардын себебин түшүндүрүү да кирет (Накыл сөздөр 28:7). Ошондой эле балаңарга Жахабанын Сөзүн сүйүүгө, андагы принциптерди түшүнүүгө жардам бергиле (Забур 1:2). Бул анын абийиринин жакшы тарбияланышына шарт түзөт (Еврейлер 5:14).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Балаңарга Кудайдын чын эле бар экенине, ага таянса болоруна ынанууга жардам бергиле

  • Ага зыяндуу нерселерден, алсак, Интернеттеги жана социалдык тармактардагы адеп-ахлактык жактан кооптуу нерселерден алыс болууга жардам бергиле. Балдарды зордуктоого аракет кылгандардан оолак болууга үйрөткүлө

«Баланы туура жолго сал»