Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

Жахаба Кудайдын боорукер, кечиримдүү экенин билдим

Жахаба Кудайдын боорукер, кечиримдүү экенин билдим
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1954

  • ӨЛКӨСҮ: КАНАДА

  • МУРУН ШЫЛУУН, КУМАРПОЗ БОЛЧУ

МУРУН.

Мен Монреаль шаарынын кедейлер жашаган районунда чоңойгом. Алты айлык кезимде атам каза болуп, үйдүн түйшүгүнүн баары апамдын мойнунда калыптыр. Мен сегиз баланын кенжеси болчумун.

Бала кезимде баңгизат, кумар оюндары, зордук-зомбулук, кылмыштуулук ичкен ашымдай эле болуп калган. Он жашымда эле сойкулар менен чоң үстөккө акча берген сүткорлор жумшаган иштерди кыла баштадым. Мен жеткен шумпай болчумун жана башкаларды алдаганды кумар көрчүмүн. Бирөө кайырмагыма илингенде, кадимкидей моокумум канып, жыргап калчумун.

Он төрт жашымда алдоонун дагы бир амалын таптым. Алтын жалатылган саат, билерик, шакектерди сатып алып, 750-сынамыкты (проба) басып туруп, көчөлөргө, соода борборлорунун автотуруктарына туруп алып сатчумун. Ошентип оңой акча тапканыма корстон элем. Бир жолу бир эле күндүн ичинде 10 000 доллар тапкам!

Он беш жашымда мени түзөтүү мектебинен кууп чыгышты. Бара турган жерим жок болгондуктан, көчөлөрдө, парктарда, көрүнгөндүн үйүндө түнөп жүрдүм.

Шылуунчулуктун айынан полицияга көп жолу кармалдым. Бирок уурдалган нерселерди сатпагандыктан бир да жолу түрмөгө отурган жокмун. Анткен менен элди алдап, атайлап адаштырганым үчүн жана товарларды уруксат кагазы жок сатканым үчүн көп жолу чоң өлчөмдөгү айып пул төлөдүм. Эч кимден коркпогондуктан элден сүткорлордун акчасын чогултуп да жүрдүм. Бул аябай коркунучтуу болгондуктан, кээде жаныма тапанча алып алчумун. Кылмыштуу топторго кошулган учурларым да болду.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

17 жашыма чейин Ыйык Китеп жөнүндө түшүнүгүм деле жок болчу. Ошол кезде мени менен чогуу жашап жаткан кыз Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти окуй баштады. Мага болсо Ыйык Китептеги адеп-ахлактык нормалар жакчу эмес. Ошон үчүн ал кызды таштап, сүйлөшүп жүргөн башка кызыма кетип калдым.

Ал да Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти окуй баштаса болобу! Бирок мен анын бара-бара мүнөзү өзгөрүп, мурункудан жумшарып, сабырдуураак болуп калганын байкай баштадым. Ошондуктан аны менен Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залына барууга макул болдум. Ал жерден мени жылуу тосуп алышты. Ошондо таптакыр башка дүйнөгө түшүп калгандай эле болгом! Мен ата-энелик сүйүү, мээрим дегенди билбей өскөм. Андыктан Жахабанын Күбөлөрүнүн арасынан так мен эңсеп келген нерсени таптым. Ошол себептен алар мага Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштаганда, дароо макул болдум.

Ыйык Китеп өмүрүмдү сактап калды деп айтсам жаңылышпайм. Анткени аны окуганга чейин кумар ойноп жүрүп 50 000 доллар карыз болуп калып, андан кутулуш үчүн үч киши болуп бир жерди тоногонго даярданып жатканбыз. Ошол ишке барбаганыма аябай сүйүнөм! Себеби тиги экөө тоногону барганда бири кармалып, экинчисин өлтүрүп коюшуптур.

Ыйык Китепти изилдеп жатканда көп нерсени өзгөртүшүм керектигин түшүндүм. Мага 1 Корунттуктар 6:10догу: «Уурулар да, ач көздөр да, аракечтер да, башкаларга тил тийгизгендер да, талап-тоноочулар да Кудайдын Падышалыгын мурастабайт»,— деген сөздөр өзгөчө таасир этти. Ушуну окуганда канчалык күнөөкөр экенимди түшүнүп атүгүл ыйлагам. Мен жашоомду толугу менен өзгөртүшүм керек эле (Римдиктер 12:2). Себеп дегенде катаал, мыкаачы жана ийненин көзүнөн өткөн шылуун болчумун.

Бирок ошол эле китептен Жахаба Кудайдын боорукер, кечиримдүү Кудай экенин да билдим (Ышая 1:18). Ошондуктан андан тиленип, оңолгонго жардам беришин сурап жалбардым. Анан анын жардамы менен акырындап өзгөрө баштадым. Жашоомдогу негизги өзгөрүүлөрдүн бири чогуу жашап жаткан кызым менен никеге турганым болду.

Ыйык Китеп болбогондо, эбак эле бир балээге кабылмакмын

Мен анда 24кө чыгып, үч балалуу болуп калгам. Андан кийин жумушка орношушум керек болду. Бирок менде билим да, эч кандай мүнөздөмө кат да жок болчу. Мен Жахаба Кудайдан жардам сурап тиленип, жумуш издей баштадым. Жумуш бере тургандарга жашоомду өзгөрткүм келерин жана мыйзамга каршы келбеген күндүзгү жумушта иштегим келерин айттым. Ошондой эле кээ бирлерине Ыйык Китепти изилдеп жатканымды жана мыйзамга баш ийген жаран болгум келерин да айттым. Бирок эч кимиси жумушка албай койду. Акыр-аягы дагы бир жерге барып, мурунку жашоом жөнүндө ачык айтканда, жумуш берүүчү: «Эмне үчүн экенин билбейм, бирок эмнегедир сени жумушка алгым келип жатат»,— деди. Ошондо Кудайдын жардам берип жатканын сездим. Кийинчерээк жубайым экөөбүз өзүбүздү Жахаба Кудайга арнап, анын Күбөсү болдук.

ПАЙДАСЫ.

Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуп, Кудайга жаккыдай жашоо өткөрбөсөм, эбак эле бир балээге кабылмакмын. Азыр болсо, Кудайга шүгүр, баары жакшы. Үй-бүлөм болуп чогуу бактылуу жашап жатабыз. Жахаба Кудайдын мени кечиргенин билгендиктен, абийирим да таза.

Мен 14 жылдан бери башкаларга Ыйык Китепти изилдегенге жардам берүүгө көбүрөөк убакыт жумшап келатам. Жубайым да жакында эле мага кошулуп Кудайга мурункудан көбүрөөк кызмат кыла баштады. 30 жылдын ичинде жумушумдагы 22 кишиге Жахаба Кудайды таанып-билип, анын кызматчысы болууга жардам бердим. Азыр мен соода борборлоруна мурункудай болуп адамдарды алдаш үчүн эмес, Ыйык Китептен билгендерим менен бөлүшүш үчүн жана алдамчылык болбой турган жаңы заман келерин айтыш үчүн барып турам (Забур 37:10, 11).