Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

Таш боор, зомбулукчул киши болчумун

Таш боор, зомбулукчул киши болчумун
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1974

  • ӨЛКӨСҮ: МЕКСИКА

  • МУРУН: ЗОМБУЛУКТУ, МУШТАШТЫ ЖАКШЫ КӨРЧҮ

МУРУН:

Мен Тамаулипас штатындагы (Мексика) Сьюдад-Мант деген кооз шаарда төрөлгөм. Шаар тургундары негизинен берешен, боорукер келишет. Бирок, өкүнүчтүүсү, кылмыштуу топтордун айынан ал аймак абдан кооптуу болчу.

Мен төрт баланын экинчисимин. Ата-энем мени католик чиркөөсүндө чөмүлтүшкөн. Кийинчерээк чиркөөнүн хорунда ырдап калдым. Мен Кудайга жаккым келчү, анткени соттолуудан жана тозок отуна күйүп, түбөлүккө кыйналгандан аябай коркчумун.

Беш жашымда атам бизди таштап кетти. Ошондо аябай жаман болгом. Аны ушунчалык жакшы көрсөк да бизди эмне үчүн таштап кеткенин такыр түшүнө алчу эмесмин. Апам бизди багыш үчүн керээли-кечке жан үрөп иштечү.

Мен бул жагдайдан пайдаланып, мектепке барбай өзүмөн улуу балдар менен достошо баштадым. Аларга кошулуп жүрүп сөгүнгөндү, тамеки чеккенди, уурдаганды жана мушташканды үйрөндүм. Ошондон тартып башкаларга үстөмдүк кыла баштадым. Боксту, күрөштү, кармашуу чеберчиликтерин мыкты өздөштүрүп, курал колдонгонду да үйрөндүм. Өспүрүм кезимде эле зомбулукчул боло баштагам. Ок атылган жаңжалдарга аралашып, кан жалап көчөдө жатып калган учурларым болгон. Апам ошондой акыбалда жаткан жеримен издеп-таап, ооруканага көп жолу жеткирген. Ошондо анын жүрөгүн аябай эле оорутсам керек.

16 жашымда бала кездеги досум Хорхе үйгө келип калды. Ал өзүнүн Жахабанын Күбөсү болгонун жана бир маанилүү кабар менен келгенин айтты. Ал Ыйык Китептен окуп, ишенгендери тууралуу айтып бере баштады. Ыйык Китепти такыр окуп көрбөгөндүктөн Кудайдын ысмын, ой-ниетин билгенде жүрөгүм козголду. Хорхе Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштады. Биз макул болдук.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Ыйык Китепте тозок бар деп айтылбай турганын билгенде жеңилдей түштүм (Забур 146:4; Насаатчы 9:5). Ошондой эле Кудайдан калтырап-титиреп коркпой, аны балдарына жакшылык гана каалаган мээримдүү атадай көрүп калдым.

Ыйык Китепти көбүрөөк изилдеген сайын кулк-мүнөзүмдү өзгөртүшүм керектигин түшүнө баштадым. Мен момун болуп, зордук-зомбулукту ташташым керек болчу. Мага 1 Корунттуктар 15:33төгү: «Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— деген сөздөр аябай таасир этти. Эгер өзгөргүм келсе, таасири жаман адамдар менен болгон мамилемди үзүшүм керектигин түшүндүм. Ошондуктан зордук-зомбулукка үндөгөндөр менен эмес, Ыйык Китептеги мыйзам-принциптер боюнча жашоого чечкиндүү болгондор менен достошууну чечтим.

Мага Ыйык Китептеги Римдиктер 12:17—19-аяттардагы кеңештер да жардам берди. Ал аяттарда: «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле... Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула... Эч кимден өч албагыла... Анткени Ыйык Жазмада: „“Өч меники, тиешесин мен берем”,— дейт Жахаба“,— деп жазылган»,— делет. Жахаба адилетсиздикти убагы келгенде өзү туура көргөн жол менен жок кыларын түшүндүм. Ошентип, акырындык менен өзгөрө баштадым.

Бир жолу кечинде үйгө келатканымда болгон окуя такыр эсимен кетпейт. Мурун кылмыштуу топтун мүчөсү болуп жүргөн кезимде бизге каршы болгон бир топ бар болчу. Ошол топтун балдары алдыман чыгып, тийише баштады. Анан алардын башчысы артка бир уруп: «Коргон!» — деп кыйкырды. Ошондо Жахабадан кыскача тиленип, бул нерсени көтөрүп кетүүгө жардам беришин сурандым. Мен ага аябай кол кайтаргым келсе да анткен жокмун. Кийинки күнү ал балага капысынан дагы жолугуп калдым. Ошондо ачуум келип, андан өч алгым келди, бирок кайрадан ичимен Жахабадан өзүмдү кармоого жардам беришин тилендим. Таң калыштуусу, ал бала жаныма келип: «Кечээги кылганым үчүн кечирип кой. Мен сендей болгум келет. Мен да Ыйык Китепти изилдегим келет»,— деп айтты. Ошондо ачууга алдырып койбогонума ушунчалык сүйүндүм. Анын аркасында ал да Ыйык Китепти изилдей баштады.

Өкүнүчтүүсү, ошол учурда үйдөгүлөр Ыйык Китепти изилдегенин токтотуп коюшкан. Бирок мен изилдөөмдү улантып, эч кимдин, эч нерсенин мени артка тартышына жол бербейм деп чечтим. Кудайдын эли менен дайыма бирге болуу жүрөгүмдөгү жарааттарымды айыктырарын жана алар мага үй-бүлө болуп бере аларын билчүмүн. Ошентип, 1991-жылы Жахабанын Күбөсү болдум.

ПАЙДАСЫ.

Мен таш боор, башкаларга үстөмдүк кылган, зомбулукчул киши болчумун. Бирок Кудайдын Сөзүнүн жардамы менен толук өзгөрдүм. Азыр башкаларга Ыйык Китептеги тынчтык кабарын жеткирүү менен алекмин. Акыркы 23 жылдан бери Кудайга ушинтип толук убакыт кызмат кылып келатам.

Менде Мексикадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалында бир нече убакыт ыктыярчы катары кызмат кылууга мүмкүнчүлүк болду. Ал жактан абдан ынталуу кызмат кылган Клаудиа деген кыз менен таанышып калдым. Экөөбүз 1999-жылы баш коштук. Жахабага ушундай ишенимдүү жар таап бергенине ушунчалык ыраазымын!

Биз кулагы укпагандарга Жахаба тууралуу билүүгө жардам бериш үчүн Мексикадагы жаңдоо тилиндеги жыйналышта да кызмат кылдык. Кийинчерээк Белизде жашаган адамдарга Ыйык Китепти билүүгө жардам бериш үчүн ал өлкөгө чакырылдык. Бул жактагы жашообуз алда канча жөнөкөй болсо да бактылуу болуш үчүн керек болгон нерселердин баары бар. Биз муну эч нерсеге алмаштырмак эмеспиз.

Убакыттын өтүшү менен апам Ыйык Китепти кайрадан изилдеп, Жахабанын Күбөсү болду. Ошондой эле агам, жеңем, балдары Жахабанын Күбөсү болушту. Менден Падышалык тууралуу кабарды уккан мурунку досторумдун айрымдары азыр Жахабага кызмат кылышат.

Кейиштүүсү, бир туугандарымдын айрымдары жаман жолунан кайтпагандыктан өмүрү менен кош айтышты. Эгер мен да жашоомду өзгөртпөсөм, өмүрүмөн айрылмактыгым турган иш болчу. Мен Жахабага өзүнө жакындатканына жана тынчтыкка, боорукердикке үйрөткөн Ыйык Китептеги принциптерди колдонууга жардам берген элине кошконуна аябай ыраазымын.