Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азап-кайгыдан арыла турган күнгө аз калды!

Азап-кайгыдан арыла турган күнгө аз калды!

 Азап-кайгыдан арыла турган күнгө аз калды!

Кылмышкерлик, согуш, оору, табигый кырсык болбогон заманда жашап жатканыңарды элестетсеңер. Эртең менен ойгонгонуңарда бирөөлөрдүн силерди жек көрөрүн, басынтарын, акчанын тартыштыгын ойлоп жүрөк заада болбойсуңар. Бул силерге жомоктой сезилеби? Албетте, көкөйдү кесип, жүрөктү зилдеткен көйгөйлөрдү бир да адам, бир да уюм чече албайт. Бирок Кудай адамдарды кайгыга салган нерселердин баарын жок кыларын айткан. Келгиле, Кудайдын Ыйык Китепте жазылган убадаларын карап көрөлү.

КУДАЙДЫН ӨКМӨТҮ БИЙЛИК ЖҮРГҮЗӨТ

«Асман Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот. Ал Падышалык бир да элге өткөрүлүп берилбейт. Ал ушул падышалыктардын баарын талкалайт, жок кылат, өзү болсо түбөлүк турат» (Даниел 2:44).

Кудайдын Падышалыгы — асмандан бийлик жүргүзгөн өкмөт. Ал өкмөттүн башкаруучусу болуп тандалган Иса Машаяк жер жүзүндөгү өкмөттөрдү жок кылып, өзү бийлик кылат жана Кудайдын эркинин асмандагыдай эле жерде да аткарылышын жүзөгө ашырат (Матай 6:9, 10). Ал Падышалык эч качан адамдар башкарган өкмөт менен алмаштырылбайт, себеби ал — «Мырзабыз жана Куткаруучубуз Иса Машаяктын түбөлүк Падышалыгы». Жер жүзүн ошол өкмөт башкарганда, түбөлүккө тынчтык орнойт (2 Петир 1:11).

ЖАЛГАН ДИН ЖОК БОЛОТ

«Шайтан да өзүн жарыктын периштеси кылып көрсөтөт. Андыктан анын кызматчылары да өздөрүн адилдиктин кызматчылары кылып көрсөтсө, бул таң калыштуу деле эмес. Бирок акырында алар иштерине жараша тиешесин алышат» (2 Корунттуктар 11:14, 15).

Жалган диндин артында Шайтан турганы ачыкка чыгып, жалган дин жок кылынат. Диний фанатизм болбойт жана диндин айынан кан төгүлбөйт. «Тирүү, чыныгы Кудайды» сүйгөндөр ошонун аркасында «бир ишенимде» болуп, ага «ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык» сыйынышат. Ошондо биримдик, тынчтык өкүм сүрөт (1 Тесалоникалыктар 1:9; Эфестиктер 4:5; Жакан 4:23).

АДАМДАР ЖЕТКИЛЕҢСИЗДИКТЕН АРЫЛЫШАТ

«Кудай өзү алар менен болот. Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти» (Аян 21:3, 4).

Жахаба Кудай адамзат үчүн өмүрүн берген Иса Машаяк аркылуу ушулардын баарын ишке  ашырат (Жакан 3:16). Иса Машаяк башкарганда, адамдар жеткилең болот. Ошондо алар азап чекпейт, анткени «Кудай өзү алар менен болуп», «алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт». Жеткилеңсиздик, кайгы-касирет өткөндүн иши болуп калат жана «адил адамдар жерди мураска алып,.. түбөлүк жашашат» (Забур 37:29).

КААРДУУ РУХТАР ТААСИР ЭТПЕЙ КАЛАТ

«Ал [Иса Машаяк] ажыдаарды — Ибилис жана Шайтан делген байыркы жыланды — кармап, 1 000 жылга байлап койду... Элдерди адаштырбашы үчүн, аны түпсүз туңгуюкка ыргытты да, туңгуюкту бекитип, мөөр басып койду» (Аян 20:2, 3).

Шайтан жана жин-перилер байланып, «түпсүз туңгуюкка» ыргытылат, тагыраак айтканда, иш-аракетсиз абалда болот. Ошондо алар адамдарды жаман ишке түртө албай калышат. Шайтан жана жин-перилер таасир этпеген заманда жашоо кандай гана сонун болот!

«АКЫРКЫ КҮНДӨР» БҮТӨТ

«Акыркы күндөр» Иса пайгамбар айткан «улуу алаамат» менен аяктайт. Ал: «Ошондо дүйнөнүн башталышынан бери болбогон жана кийин да болбой турган улуу алаамат болот»,— деген (Матай 24:21).

Андай алаамат адамзат тарыхында эч качан болбой тургандыктан «улуу алаамат» деп аталат. Алааматын эң курчуган мезгилинде «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган», Армагедон деп аталган согуш башталат (Аян 16:14, 16, шилтемеси).

Адилдикти сүйгөн адамдар азап-тозоктон арыла турган ошол күндү чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Келгиле анда, Кудайдын өкмөтү бийлик жүргүзгөндө адил адамдар ала турган баталардын айрымдарын карап чыгалы.

КУДАЙ КӨП НЕРСЕНИ ИШКЕ АШЫРАТ!

«Эбегейсиз көп адамдар» аман калып, бейпилдик өкүм сүргөн заманда жашайт. Ыйык Китепте «улуу алааматтан» «эбегейсиз көп адамдардын» аман өтүп, адилдик өкүм сүргөн дүйнөдө жашай турганы жазылган (Аян 7:9, 10, 14; 2 Петир 3:13). Алар куткарылганы үчүн «Кудайдын Козусуна», «дүйнөнү күнөөдөн арылткан» Иса Машаякка, ыраазы экенин билдиришет (Жакан 1:29).

Баары Кудай берген билимден пайда алышат. Жаңы заманда «жер Жахаба жөнүндөгү билимге толот» (Ышая 11:9). Ал билим өз ичине бардык адамдар менен канткенде тынчтыкта жашаса болоруна жана жаратылышка, жаныбарларга кантип кам көрүш керектигине байланыштуу көрсөтмөлөрдү камтыйт. Кудай: «Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм, жүрүшүң керек болгон жолдо жетектеп жүрөм»,— дейт (Ышая 48:17).

Көзү өткөн жакындарыбыз тирилет. Иса пайгамбар жерде жүргөндө Лазар деген досун тирилткен (Жакан 11:1, 5, 38—44). Ошону менен ал Кудайдын өкмөтү башкарганда көптөгөн адамдарды тирилтерин көрсөткөн (Жакан 5:28, 29).

Тынчтык, адилдик түбөлүк өкүм сүрөт. Иса Машаяк башкарганда, мыйзамсыздыктын изи да калбайт. Себеби Иса Машаяк адил кишинин да, ыймансыз кишинин да жүрөгүн көрө билет жана адилдик менен сот жүргүзөт. Өзгөргүсү келбегендер Кудай орното турган жаңы заманда жашабайт (Забур 37:9, 10; Ышая 11:3, 4; 65:20; Матай 9:4).

Жогоруда айтылгандар жаңы замандын кандай болорун көрсөткөн Ыйык Китептеги убадалардын айрымдары гана. Кудайдын Падышалыгы жер үстүнөн башкарганда, түбөлүккө тынчтык орнойт (Забур 37:11, 29). Адамзаттын башына түн түшүргөн, азап-кайгынын болушуна себеп болгон бардык нерселер жок болот. Буга бекем ишенсек болот, анткени Кудай өзү: «Мына, мен бардыгын жаңы жаратып жатам... бул сөздөр ишенүүгө татыктуу, бул сөздөр чын»,— деп убада берген (Аян 21:5).

[6-беттеги сүрөт]

[Булак]

© Silke Woweries/Corbis