Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Жыландын териси

Жыландын териси

БООРУ менен сойлоп жүргөндүктөн жыландар дайыма сүрүлүүгө дуушар болушат. Ошондуктан алардын териси абдан бышык болушу керек. Жыландардын айрым түрлөрү сөңгөгүнүн кабыгы одуракай бак-дарактарда сойлоп жүрүшсө, башкалары таштак-кумдак жерлерге сойлоп кире алышат. Алардын терисинин бышыктыгынын себеби эмнеде?

Көңүл бурсаңар: Жыландардын терисинин калыңдыгы жана түзүлүшү алардын түрүнө жараша айырмаланат. Бирок баарынын бир жалпылыгы бар: терисинин сырткы катмары катуу келет да, ички катмары барган сайын жумшара берет. Мунун кандай пайдалуу жагы бар? «Тышы катуу, ал эми ички бөлүгү тереңдеген сайын жумшара берген материалдарга тийген соккунун күчү чоңураак аянтка тарайт»,— дейт Мари-Кристин Кляйн деген изилдөөчү. Жыландын терисинин өзгөчө түзүлүштө болгону анын денеси менен жердин ортосундагы сүрүлүү күчүнүн жылан ордунан жыла алгыдай өлчөмдө болушуна, ошол эле учурда учтуу таштардын басым күчүнүн терини жабыркатпай тегиз тарашына шарт түзөт. Жыландар эки-үч айда гана бир түлөгөндүктөн, териси бышык болушу зарыл.

Түзүлүшү жыландын терисиникиндей өзгөчөлүккө ээ материалдар медицина тармагында, мисалы, сүрүлүү күчүн жогорулата турган сыйдам эмес жана абдан бышык имплантаттарды жасоодо пайдалуу болушу мүмкүн. Андан сырткары, кыймылдаткычтын жана конвейердик техникалардын механизмдери жыландын терисинин түзүлүшүнө окшоштурулуп жасалса, айлана-чөйрөнү булгай турган майлоочу майлар азыраак колдонулушу ыктымал.

Кандай деп ойлойсуңар? Териси абдан бышык жылан өзүнөн өзү пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?