Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Акча

Акча

Акча бүт жамандыктын тамырыбы?

«Акчага болгон сүйүү — бүт жамандыктын тамыры» (1 Тиметей 6:10).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Акча — бүт жамандыктын тамыры.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Акчанын өзү эмес, «акчага болгон сүйүү» — бүт жамандыктын тамыры. Ыйык Китепте абдан бай болгон Сулайман падышанын акчаны сүйүүнүн зыяндуу болоруна байланыштуу үч нерсени баса белгилегени жазылган. Биринчиси — тынчсыздануу. Ал жөнүндө Сулайман падыша: «Байдын молчулугу өзүнө уйку бербейт»,— деп айткан (Насаатчы 5:12). Экинчиси — топук кылбоо. Бул тууралуу: «Күмүштү сүйгөн күмүшкө тойбойт, байлыкты сүйгөн кирешеге тойбойт»,— деген (Насаатчы 5:10). Үчүнчүсү — мыйзамсыз иштерди кылууга азгырылуу. Бул жөнүндө болсо: «Баюуга ашыккан адам айыпка жыгылат»,— деп айткан (Накыл сөздөр 28:20).

 Акчанын кандай пайдасы бар?

«Акча... коргойт» (Насаатчы 7:12).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Акчаң болсо, бактылуу болуп, өзүңдү коопсуз сезесиң.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Бакытты акчага сатып алса болот жана акчаң көп болсо, коопсуз жашайсың деген ойго ишенгендер «алдама байлыктын» тузагына түшөт (Марк 4:19). Анткен менен акчасыз зарыл муктаждыктарыбызды канааттандыра албайбыз (Насаатчы 10:19). Мисалы, акчага тамак-аш, дары-дармек сыяктуу жашоого керектүү нерселерди сатып алабыз (2 Тесалоникалыктар 3:12).

Ошондой эле үй-бүлөбүздү багыш үчүн да акча керек. Ыйык Китепте: «Ким жакындарына, айрыкча, өз үйүндөгүлөрүнө кам көрбөсө, ал ишенимден баш тарткан болот»,— деп жазылган (1 Тиметей 5:8).

Акчаны канткенде туура колдоно аласыңар?

«Адегенде отуруп алып, канча чыгым кетерин эсептеп чыккыла» (Лука 14:28).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Акчаны Кудайга жаккандай пайдалангыла (Лука 16:9). Бул жагынан акыл-эстүү, чынчыл болуу абдан маанилүү (Еврейлер 13:18). Ошондой эле чөнтөгүңөргө жараша жашап, «акчаны сүйүүдөн алыс болгула» (Еврейлер 13:5).

Ыйык Китепте карыз алуу туура эмес деп айтылбаса да, анда: «Карыздар — карыз бергендин кулу»,— деген эскертүү бар (Накыл сөздөр 22:7). Көңүлүңөргө жаккандын баарын эле сатып ала бергенден алыс болгула, анткени Ыйык Китепте «ар бир шашма адам жокчулукка туш болору» айтылат (Накыл сөздөр 21:5). Акчаңар жөнү жок короп кетпей, керектүү нерселериңерге жумшалышы үчүн, мүмкүнчүлүгүңөргө жараша чогулта жүргүлө (1 Корунттуктар 16:2).

Ыйык Китеп бизди берешен болууга чакырат (Лука 6:38). Кудайга жаккысы келген адамдар март болушу керек, себеби «Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт» (2 Корунттуктар 9:7). Андыктан «жакшылык кылууну жана өзүңөрдөгүнү башкалар менен бөлүшүүнү унутпагыла, анткени ушундай курмандыктар Кудайга жагат» (Еврейлер 13:16).