Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Депрессия

Депрессия

Депрессия деген эмне?

«Тынчым кетти, жерге жете бүгүлдүм, эртеден кечке кайгырып жүрдүм» (Забур 38:6).

АДИСТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Баарыбыздын эле жылдызыбыз жерге түшүп, маанайыбыз пас болгон учурларыбыз болот. Бирок өтүшүп кеткен депрессия — адамды күнүмдүк турмушта кылып жүргөн иштерди кыла албай калганчалык деңгээлге жеткирген, жан дүйнөсүн эзип кыйнаган жана узакка созулган оору. Көңүл чөгүү деген эмне жана депрессия деген эмне экенине байланыштуу бардык эле адистердин ою бирдей эмес. Бирок айрымдардын кара жоодой каптаган терс сезимдерге алдырып, өздөрүн эч нерсеге татыксыз, өтө эле күнөөлүүдөй сезип кыйналары анык.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте көөнү чөгүп, муңга баткан көптөгөн эркек-аялдар жөнүндө айтылат. Мисалы, андан Анна деген аялдын «катуу кайгырганын» окуйбуз. «Катуу кайгырган» деген сөздөрдү «жүрөгү сыздаган», «мөгдүрөп калган» деп да берсе болот (1 Шемуел 1:10). Ошондой эле бир жолу Илияс пайгамбардын капа тартканы жанына баткандыктан, Кудайдан өлүм тилегени баяндалат (1 Падышалар 19:4).

Иса Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларына: «Көңүлү чөккөндөрдү соороткула»,— деген кеңеш берилген (1 Тесалоникалыктар 5:14). Бир эмгекке ылайык, «көңүлү чөккөндөр» «турмуштун бороонуна убактылуу туруштук бере албай калгандарды» билдирет. Байыркы учурда да атүгүл Кудайга бекем ишенген эркек-аялдар депрессияга чалдыгышкан.

 Депрессия болгонуна адам өзү күнөөлүүбү?

«Жаратылгандын баары... онтоп, кыйналып жатат» (Римдиктер 8:22).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте оору Адам ата менен Обо эненин Кудайга каршы чыгып, күнөө кылганынын кесепети экени айтылат. Забур 51:5-аятта: «Мен күнөөкөр болуп төрөлгөм, энемдин боюна бүткөндөн тартып эле күнөөкөрмүн»,— деп жазылган. Ал эми Римдиктер 5:12де: «Бир киши [Адам ата] аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган»,— делет. Бизге күнөө Адам атадан тукум кууп өткөндүктөн, баарыбыз дене бойду сыздаткан оорулардан да, эмоциялык жактан жабыркаткан оорулардан да азап тартабыз. Ооба, Ыйык Китепте: «Жаратылгандын баары... онтоп, кыйналып жатат»,— деп айтылат (Римдиктер 8:22). Бирок анда Кудайдын эч бир доктурдун колунан келбей турган нерсени кылары — бир да оору, анын ичинде жан дүйнөнү сыздаткан депрессия болбогон, бейкуттук өкүм сүргөн жаңы заманды орнотору — айтылат (Аян 21:4).

Депрессия менен кантип күрөшсө болот?

«Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын, кыйналгандарды куткарат» (Забур 34:18).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Турмуш ийге келбей, бизди каалагандай калчаган учурлар көп болот (Насаатчы 9:11, 12). Ошентсе да капалыктын сур булуту каптап, кайгы-муңдун чеңгелинен чыкпай калбаш үчүн майнаптуу иш-аракет кылуу колуңардан келет!

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте оорулуулардын дарыгерге муктаж экени айтылат (Лука 5:31). Андыктан депрессия менен ооруп жатсаңар, дарыланыш үчүн адистерге кайрылганыңардын жаман жери жок. Ошондой эле Ыйык Китепте Кудайдан тиленүү абдан маанилүү экени жазылган. Маселен, Забур 55:22-аятта: «Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт. Ал адил адамдын олку-солку болушуна эч качан жол бербейт»,— делет. Тиленүү өзүн өзү сооротуп-жубатуунун жолу эмес, ал «жүрөгү жаралангандарга жакын» болгон Жахаба Кудай менен сүйлөшүүнү билдирет (Забур 34:18).

Андан сырткары, жакын досуңар менен сүйлөшүп, ичиңердеги букту чыгарып алсаңар, жеңилдеп каласыңар (Накыл сөздөр 17:17). Жахабанын Күбөсү болгон Даниела мындай дейт: «Жыйналышыбыздагы аксакал мени менен жылуу-жумшак сүйлөшүп, жүрөктү кысып, күч-кубатымды алган бул дарт тууралуу айтканга үндөдү. Мен көп жылдан бери бул тууралуу сүйлөшкөндөн кача берчүмүн. Бирок көп өтпөй мага ошол керек болуп жүргөнүн түшүндүм. Ошондон кийин бирөө үстүмдөгү жүктү алып салгандай эле болду».