Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН

Чжэн Хэ

Чжэн Хэ

«Учу-кыйыры көрүнбөгөн суу мейкиндигинде жүз миңдеген лилерди * басып өттүк, океандагы тоодой болгон толкундарды көрдүк. Көз алдыбызга белгисиз жерлердин элеси тартылып турду... Кемелерибиздин кендир кездемелери асмандагы булуттардай болуп жайылып келе жатты. Көп элди аралап өткөн сымал, долуланган толкундарды жиреп, күндүзү да, түнкүсүн да... [зымырап] жүрүп отурдук» (Кытайдын Фуцзянь провинциясындагы Чанлэден табылган 15-кылымга таандык болгон жазуудагы Чжэн Хэнин сөздөрү).

КЫТАЙ чоң өлкөлөрдүн катарына кирет. Калкынын көптүгү жана ээлеген аянты боюнча алдыңкы орундарда турат. Кытайлыктар тарыхтагы эң чоң курулуш болуп эсептелген Улуу Кытай дубалын курушкан. Андан тышкары, Мин династиясынын императорлору Юнле менен Сюаньдэ түзгөн деңиз флотуна кийинки беш кылымда түзүлгөн бир да деңиз флоту тең келген эмес. Аны түштүк-батыш Кытайдан болгон, ислам динин туткан Чжэн Хэ жетектеген.

БИЙЛИК, СООДА-САТЫК, САЛЫК

Макаланын башындагы сөздөр алынган жазууга ылайык, Чжэн Хэнин максаты «алыскы жерлердеги элдерге (империянын) карамагына өтсө, жашоосу канчалык оңолорун көрсөтүү» болгон. Ошондой эле ал жазуудагы сөздөрдөн көрүнүп тургандай, деңиз саякаттарынын аркасында «ырааккы өлкөлөр [Кытайга] багындырылган... Деңиздердин нары жагындагы элдер [императордун ак сарайына] баалуу белек-бечкектери менен келишкен».

Чжэн Хэнин деңиз флоту токтогон айрым порттор

Мин династиясынын императорлорунун деңиз саякаттарын кандай максатта жүргүзгөнүнө байланыштуу ар кандай кайчы пикирлер жаралып келет. Айрымдар Чжэн Хэни күчтүү, бирок тынчтыкты сүйгөн элдин маданияттуу, башкаларга жакшы мамиле кылган элчиси катары эсептешет. Башкалар болсо ал баш ийдирилген өлкөлөрдүн үстүнөн саясий бийликке ээ болууну  көздөгөн дешет. Чынында, Чжэн Хэ аны жакшы кабыл алгандарга укмуштуудай белектерди тартуулоону, саясий жактан колдоо көрсөтүүнү сунуштачу, ал эми анын бийлигине баш ийгиси келбегендерди жана Мин императоруна салык төлөөдөн баш тарткандарды күч менен багындырып, камакка алчу. Анын көрүнүктүү деңиз саякаттарынын аркасында Инди океанынын тегерегиндеги көптөгөн өлкөлөрдүн башкаруучулары Кытайга элчилерин жиберип, императорго сый көрсөтүшкөн.

Чжэн Хэ жетектеген деңиз флоту алыскы портторго Мин династиясындагы кол өнөрчүлөрдүн укмуштуудай фарфор буюмдарын, жибек кездемелерин, лакталган буюмдарын алып барып, соода-сатык да кылчу. Кайтып келатканда болсо Кытайда бааланган асыл таштарды, пилдин сөөгүн, татымалдарды, тропикалык бактарды жана башка баалуу буюмдарды, ал тургай жергиликтүү элди уу-дуу кылган жирафтарды жүктөй келчү. Кытайлардын 15-кылымда ушундай жол менен соода-сатык жүргүзгөнү ошол убактагы элдерге алардын аябай гүлдөп-өскөнүнөн кабар берип турган.

Акыры, андай деңиз саякаттары токтогон. Ошондон ондогон жылдар өткөндөн кийин эле, Кытай башка мамлекеттер менен болгон саясий байланышын үзүп, соода-сатык иштерин жүргүзбөй калган. Бийликке келген жаңы император менен анын кофуцийчиликке карманган кеңешчилери Кытайдын башка өлкөлөр менен карым-катнашта болушун зарыл деп эсептебегендиктен андай байланыштарды токтотууга аракет кылышкан. Алар Чжэн Хэнин деңиз саякаттары жөнүндөгү жазууларды жок кылып, ал тургай ошондогу кемелерди талкалап, ошол саякаттардын болгонун тарых барактарынан өчүрүп салгысы келишкен. Кытайдагы жана башка жактагы элдер Чжэн Хэнин укмуштуудай деңиз флотун жетектеп, канчалаган деңиздерди багынтканын жакынкы жылдары эле билишти.

^ абз. 3 Ли — кытайлардын чен бирдиги. Ал кылымдар бою ар кандай аралыкты билдирип келген. Чжэн Хэнин убагында бир ли жарым километрге барабар болгон деп айтылат.